ӨКМ Ак-Сайга куткаруучуларды жиберди

© Фото / Нурзада МукашеваПоследствия сильного снегопада в долинах Ак-Сай и Арпа Нарынской области
Последствия сильного снегопада в долинах Ак-Сай и Арпа Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган аймакка калың кар жаап, Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал киргизилген.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоодо калган малчыларга жардам берүү үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган аймакка калың кар жаап, Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Учурда Торугарт тарабынан жолду тазалоо иштери башталган. Жол толугу менен ачылганга чейин өзгөчө кырдаал алынбайт.

"Куткаруучулар керектелчү шаймандарды алып, Ак-Сайга жөнөп кетти. Негизинен Ак-Сайда 50гө жакын үй-бүлө бар болчу. Январь айында жол жабылып, аны ачкандан кийин болжол менен 15 чактыдай үй-бүлө малын түшүрүп кеткен. Калгандары тоюттарын жеткирип алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Азыр Ак-Сайдагы кыштоодо 35-36дай үй-бүлө бар. Учурда Торугарт — Көк – Кыя — Кында жолунун 60 чакырымы тазаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0