Башкы прокуратура ЖК депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгоду

© Фото / Пресс-служба ЖК КРДепутат Каныбек Осмоналиевге эки берене боюнча кылмыш иши козголду
Депутат Каныбек Осмоналиевге эки берене боюнча кылмыш иши козголду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев абитуриенттерди жогорку окуу жайга өткөрүп, алардан пара алган делинүүдө.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге карата Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Урмат Аманбаева - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева паракорлукка айыпталууда
Эл өкүлүнө Кылмыш Кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (304- жана 313-беренелери) жана "пара алуу" беренелери боюнча айып тагылды. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 12-майында Билим берүү министрлигинин жана Кыргызстан-Россия Славян университетинин (КРСУ) кызмат адамдарына карата аталган окуу жайдын медициналык факультетине 2013-жылдын сентябрында 24 абитуриентти мыйзамсыз окууга алган деген негиз менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө маалында 24 абитуриент медициналык факультетке ЖК депутаты Осмоналиевдин каты аркылуу кабыл алынганы белгилүү болгон. Ушундан улам, ушул жылдын 29-октябрында аталган кылмыш ишин иликтөө Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

"Тергөө көргөзгөндөй депутат Каныбек Осмоналиев 2013-жылдын август айынын башында КРСУга балдарын өткөрүп берем деп абитуриенттердин ата-энелеринен ортомчу аркылуу 14 000 доллар алган. Андан кийин депутат Билим берүү министрлигине жана КРСУнун жетекчилигине жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 27 баласын окуу жайга кабыл алгыла деп кат жөнөткөн. 2013-жылдын 20-сентябрында депутат сунуштаган тизмедеги 24 абитуриент КРСУнун контракттык бөлүмүнө кабыл алынган", — деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги депутаттардын ичинен акыркы жолу Урмат Аманбаевага карата кылмыш иш козголгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0