Бул жылы Кыргызстанда экспорттун көлөмү өсөрү айтылды

© Фото / © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевЖүк ташуучу унаалар Ак-Тилек өткөрүү пунктунда кезекте турушат. Архив
Жүк ташуучу унаалар Ак-Тилек өткөрүү пунктунда кезекте турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, быйыл Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү (ИДӨ) 3,9 пайызды түзөт. Буга былтыркы жылга салыштырмалуу санитардык чектөөлөрдүн жумшартылышы себеп болмокчу.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Быйылкы жылы Кыргызстанда экспорттун көлөмү көбөйөрү күтүлүп жатат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы "2021-жылдагы калыбына келтирүүчү күчтүү өсүш" аттуу докладында божомолдоду.
Малыматка караганда, быйыл Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 3,9 пайызды түзөт. Буга былтыркы жылга салыштырмалуу санитардык чектөөлөрдүн жумшартылышы себеп болмокчу.
"2021-жылдын экинчи кварталында кызмат көрсөтүү жана соода тармактарында өсүш болот. Бул жаатка соода борборлору, ресторан бизнеси жана профессионалдык кызмат көрсөтүү тармактары кирет", — деп айтылат билдирүүдө.
Цены на социально-значимые продукты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Пресс-борбор
Кыргызстанда баалардын өсүшү качан токтойт. ЕАӨБ божомолун айтты
Ал эми транспорт жана туризм жааты анчалык тездикте калыбына келе албастыгы айтылат. Бул нерсе айрым чектөөлөрдүн дагы деле алынбай келгени менен түшүндүрүлөт.
Centerra Gold Inc., компаниясынын планы боюнча быйыл Кумтөр кенинде өндүрүш 12 пайызга азаят. Мындан улам Евразия өнүктүрүү банкы өлкө ИДӨсү 1–1,3 пайызга төмөндөп кетүүсү мүмкүн экенин айтууда. Бирок дүйнөлүк рынокто алтынга болгон баанын жогору болуп турушу тетири көрсөткүчтөрдү жымсалдап кетиши ыктымал экени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0