БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы бардык аэропорттор, анын ичинде "Манас" менен "Ош" ири аэропортторун тышкы башкарууга берүү пландалып жатканын 27-январь күнү биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирген.
Ал декабрь айында аэропортторду тышкы башкарууга берүү долбоорун даярдоо иши аяктаганын билдирген. Бирок иш жүзүндө бардыгы оңой эмес экен.
Негизи компания банкрот болгондо же кризис учурунда тышкы башкарууга берилет. Мисалы, жетекчилик ката кетирип, каражатты максатсыз пайдаланса же жумушчулардын квалификациясы өтө төмөн болсо ушундай кадамга барууга туура келет.
Министрлер кабинетинин чечимине башка нерсе себеп болгон. Бийлик Кыргызстанды Түштүк-Чыгыш Азия менен Европаны бириктирген транзиттик түйүнгө айландырууну каалап жатканын Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Аэропорттор тышкы башкарууга берилеби? Кыргызстан үчүн мааниси" аттуу маалымат жыйынга катышты.
"Борбор Азия аймагында аэропорттор арасында атаандаштык бар. Бүгүнкү күндө Алматынын эл аралык аэропорту менен Өзбекстандын тармактык аэропорттору катуу өнүгүп жатат. Буга байланыштуу биз коңшулардан артта калбашыбыз керек. Ал эми эл аралык тажрыйба алар менен атаандашууга жардам берет", — деди Абдылдаев.
Тышкы башкаруунун арты менен кызмат көрсөтүүнүн сапаты, коопсуздук системасы жакшырып, жүргүнчүлөрдүн саны көбөйөт деп болжонууда. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев мисал катары "Ысык-Көл" аэропортун айтты.
"Бул аба майданды инвестордун жардамы менен эл аралык стандартка жеткирүүгө болот. Эмнеге болбосун? Бизде ушундай идея бар. Учурда ал жакта май куйган комплекс жок, эми курулуп жатат. Жүргүнчүлөрдүн терминалы, Карго терминалы жок. Эгер инвестор келип кыска убакытта курам десе, кудай жалгасын!" — деди ал.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эффективдүү жетектөөнүн арты менен авиабилеттердин баасын арзандатса болорун айтышты.
"Эл аралык тажрыйба боюнча кирешенин 60 пайыздан көбү авиациялык эмес ишкерликтен түшөт (имараттарды ижарага берүү, соода — ред.). Биздин өлкөдө бул сумма 20-25 пайызды түзөт. Эгер эл аралык оператор келе турган болсо ал авиациялык эмес кирешени жогорулатат. Бул өз учурунда авиакомпаниянын чыгашасын жаап, билеттердин арзандашына алып келет", — деди Абдылдаев.
Анткен менен "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Абдималик Бусурманкулов билеттердин баасын аэропорт эмес, авиакомпаниялар аныктай турганын белгиледи.
"Инвестор келсе эле авиабилеттердин баасы арзандап кетет деген иллюзияны таңуулоонун кереги жок. Дагы бир жолу белгилеп койгум келет, ар бир авиакомпания өзүнүн тарифтик саясатын аныктайт. Негизинен билеттердин баасы авиакеросиндин баасынан көз каранды", — деди Бусурманкулов.
Кыскасы, Кубатбек Бороновдун "аэропортторду тышкы башкарууга берүү долбоорун даярдоо иши аяктады" деген кеби эртерээк айтылып калды окшойт. Иш жүзүндө учурда болгону консультант гана табылды. Тагыраагы, Дүйнөлүк банктын группасынын мүчөсү эл аралык финансылык корпорация (IFC) бийликке келишимди ишке ашырууга жардам берет.
"Консультация үчүн өкмөт бир дагы сом төлөбөйт. Алар башка жактардан каражат булагын издей тургандай келишимге жетиштик. Бул эл аралык практика. Ага ылайык, көрсөтүлгөн кызматтын чыгымын инвестор төлөп берет", — деди Абдылдаев.
"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын өкүлү Абдималик Бусурманкулов компанияны тышкы башкарууга өткөрүп берүүгө бийликтин каалоосу жетишсиз.
"Акыркы чечимди акционерлердин кеңеши чечет. Биз акциянын 79 пайызы мамлекетке, 8 пайызы Соцфондго, 12 пайызы жеке жана юридикалык жактарга караган компания тууралуу кеп кылып жатабыз. Чечимди акционерлер кабыл алат", — деди Бусурманкулов.
Кыргызстанда жалпы жонунан 11 аэропорт бар. Алардын экөөсү гана киреше алып келип турат ("Манас" жана "Ош" аэропорту). Калган тогузу дотацияда.