00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:59
1 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
21:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Дүйнөлүк баалардын өсүшү, күйүүчү майдын тартыштыгы жана айыл чарбанын келечеги! Кыргызстан бул чакырыктарга кантип жооп берүүдө?
09:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что защищают российские комплексы С-300 в Кыргызстане - эксперт о современных угрозах
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Адилет соттук териштирүү: улуттук стратегия жана жарандардын укуктарын коргоо
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда жарандарга техникалык паспорттор электрондук форматта бериле баштады
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Мамлекеттик кызматкерлер күнү: кесип, жоопкерчилик жана реформалар
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
История выборов - политолог о пути от античной демократии до всеобщего избирательного права
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Изъятые у контрабандистов звери и нехватка ветеринаров - будни Каракольского зоопарка
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстанда өнөр жайды кантип өнүктүрүүгө болот: логистиканын ролу жана текстиль тармагындагы кризис
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Евразия как коммунальная квартира - историк МГУ о том, как формировался единый евразийский мир
18:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Канткенде Кыргызстанда илим өнүгөт, анын көйгөйү эмнеде?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз учактары Европа асманында качан эркин учат? Авиация агенттигинин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан "кара тизмеде" 13 жылдан бери жүрөт. Азыр анда биз менен катар Афганистан, Конго, Гондурас, Замбия, Мавритания, Түндүк Корея сыяктуу 30га чукул өлкө бар.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Европа комиссиясы Кыргызстандын Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгуусуна кызыкдар экенин, учурда учуулардын коопсуздугун камсыздоо шартын жакшыртуу боюнча кыргыз тараптан суралган кошумча материалдарды күтүп жатканын билдирди.

Бул жөнүндө талкуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Брюссель шаарындагы жолугушуусунда болгонун ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Анда министр Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директору Хенрик Хололей менен сүйлөшкөн.

Air Manas компаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Air Manas компаниясы Pegasus менен кызматташууну токтотуп, жаңы өнөктөш тапты
Европа комиссиясы Кыргызстандан кандай материалдарды күтүп жатканын Жарандык авиация агенттигинин учуу жарамдуулугуна колдоо көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Биймурзаев маалымат жыйында түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, "кара тизмеден" чыгуу үчүн Кыргызстандагы авиациялык эрежелер эл аралык стандартка туураланды. Агенттиктин бюджети көбөйтүлдү жана адистерди дайындоо боюнча эл аралык уюмдар менен келишим түзүлдү.

"Буларды аткарган соң быйылкы жылдын апрель айында кайра текшерүү болуп, бизге 29 пункттан турган суроо берилген. Агенттик аларга август айында жооп берген. Жакында кайра тактоо иретинде 12 суроо жиберишти. Жыл жаңыргыча жооп берүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Биймурзаев.

Анын айтымында, Авиациялык коопсуздук боюнча европалык агенттик (EASA) Кыргызстанда канча учак бар, техникалык жактан кызмат көрсөтүүчү борборлордун саны, авиация кызматкерлерин даярдоочу канча окуу жай бар, авиакомпаниялар ишин токтотуп койгон учурлар болду беле деген сыяктуу суроолорду жөнөткөн.

Ал эми журналисттердин "акыркы текшерүү учурунда эл аралык уюм кандай кемчиликтерди тапты" деген суроосуна Биймурзаев канааттандырарлык жооп берген жок.

"2015-16-жылдары кемчиликтер көп болчу. Азыр алардын көпчүлүгү жоюлуп, абал жакшырган. Анча маанилүү эмес кемчиликтер бар", — деди бөлүм башчы.

Ошондой эле "кара тизмеден" качан чыгабыз деген суроого журналисттер так жооп ала алган жок.

ЕБ "кара тизмеси" деген эмне?

Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп
"Кара тизмеге" Эл аралык жарандык авиация уюмунун талабына жооп бербеген өлкөлөрдүн авиакомпаниялары кирет. Ал мамлекеттердин учактарына Европа биримдигинин аба мейкиндигине кирүүгө тыюу салынат. "Кара тизмеден" чыгуу жаңы аба каттамдарына жол ачуу менен чектелбестен, камсыздандыруу төлөмдөрүн азайтуу менен учактардын ижара баасын арзандатат. Себеби учак берүүчүлөр менен камсыздандыруу компаниялары "кара тизмеге" киргендерге абайлап мамиле жасашат.

Кыргызстан бул тизмеде 13 жылдан бери жүрөт. Баса, биз КМШ мамлекеттери ичинен Европанын "кара тизмесиндеги" жалгыз өлкөбүз. Буга чейинки тизмеде Казакстандагы Air Astana авиакомпаниясынан башка бардык компаниялар кирген эле, бирок алар тизмеден 2016-жылы чыгып кетүүгө жетишкен.

Учурда "кара тизмеде" Кыргызстан менен катар Афганистан, Конго, Гондурас, Замбия, Мавритания, Түндүк Корея сыяктуу 30га чукул өлкө бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0