05:14 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Акча. Архивдик сүрөт

Сомдун болуп көрбөгөндөй көлөмү бааны көтөрбөйбү? Cерепчилер эмне дейт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
973 0 0

Кыргызстанда соңку айларда сомдун көлөмү рекорддук деңгээлге чыкты. Мындай көрүнүш баалардын жогорулашына жана капчыгыбыздын кагылышына алып келбейби? Sputnik Кыргызстан редакциясы серепчилердин пикирлерин тыңдап көрдү.

Кыргызстанда сом көбөйгөндөн көбөйүп барат. Буга Улуттук банк жарыялаган үч маанилүү көрсөткүч далил. Үч ай катары менен улуттук валюта улам рекорд коюуда.

Капчыкта акча көбөйгөнү, албетте, бизге жакшы, бирок өлкө өлчөмүндө бул принцпип иштейби? Бул соболдорго серепчилер жана Улуттук банк өкүлдөрү жооп берди.

Улуттук банктын көрсөткүчү деген эмне? Накталай акча алардын кайсынысына кирет?

Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын насыялык уюмдардын кассасындагы калдыгы менен кошо эсептелген каражаты;

акча базасы — айлантуудагы акча жана каржылык (аманаттык) уюмдардын сом түрүндөгү резерви;

кеңири аныктамадагы акча базасы — айлантуудагы акча, аны менен бирге каржылык уюмдардын Улуттук банкта сакталган бардык резервдери (чет элдик валюта, сом) жана аманаттары.

Инфляция күтүлбөйт

Экономист Нургүл Акимованын пикиринде, акча базасынын көбөйүшү ИДПнын (6,1 пайыз) өсүшүнө төп келет. 

Эксперт по экономическим вопросам Нургуль Акимова у здания ИА Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономист Нургүл Акимова

"Эгер база менен ИДП бирдей ыргакта өсүп жатса, инфляция башталат деп чочулоонун кажети жок. Негизинен тейлөө рыногунун — кафе, мейманкана, товар ташуу жана ушул өңдүү багыттардын азыркы таптагы таасири бул эки көрсөткүчтүн өсүш булагы болуп саналат", — деп белгиледи ал.

Баалар көтөрүлүшү мүмкүн

Ал эми чет элдик инвесторлор биримдигинин директору Искендер Шаршеев башкача пикирде. Ал акча базасынын мындай өсүшү инфляция коркунучун жаратат деп эсептейт. 

Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов, экономист Искендер Шаршеев
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Экономист Искендер Шаршеев

"Балким акча басуу станогу ишке киргендир. Андай кадамга акча массасынын жетишсиздиги жана сомдун таңкыстыгы жаралса гана барышат. Же бюджет таңкыстыгы маселесин өкмөт банктар жана Улуттук банктын алдындагы насыялык милдеттенмелер аркылуу чечет. Бул доллар менен болгон учурдай эле карыздык тил кат алынып, алардын негизинде акча басылат", — деп түшүндүрүп берди Шаршеев.

Анын айтымында, экинчи жагдай жаралган учурда инфляцияга кабылабыз.

"Инфляция орточо 7 пайызды түзөт, бирок акыркы жылдары ал 4-5 пайызга төмөндөгөн. Башкача айтканда, ал кадимки деңгээлине — 7 пайызга кайтышы ыктымал. Айрым баалар азыртан эле жогорулоодо, анын ичинде транспорттук тейлөө акысы да өсүп жатканын белгилейин", — деди аталган ассоциация башчысы.

Акча айлантуу цикли бир нече айды түзөрүн, ушул мөөнөттүн өтүшүнөн кийин гана өлкөдө кайсы учур байкалып жатканын так айтууга болот. Бирок мында көп нерсе Улуттук банктын айлантуудагы ашыкча акчаны алып коер-койбосунан көз каранды.

Улуттук банк эмне дейт?

Вывеска у здания Национального банка Кыргызской Республики. Архивное фото
© Фото / пресс-служба НБКР
Вывеска у здания Национального банка Кыргызстана

Каржылык жөнгө салчу органдагылар акчанын көлөмү экономиканын керектөөсүнөн улам көбөйүп, накталай сомго талап күч деген ойду айтышат.

"Ошондой эле мында учурдагы операцияларды аткарууга байланышкан чыгымдары, эл аралык резервдерди толуктоо боюнча Улуттук банктын операциялары белгилүү бир ролду ойноду", — деп талдап беришти КРдин башкы банкынан.

Алардын жообунда акчанын кыймылы сезондук мүнөзгө ээ экендиги, дайым эле өсүш боло бербестиги жазылган.

"Мисалы, эмгек өргүү төлөмдөрү жана маяна берилген убакта акчанын накталай көлөмү жогорулайт, бирок ал акчалар кайра банк тутумуна түшкөндө анын көлөмү төмөндөшү мүмкүн", — дешет Улуттук банктан.

Өлкөнүн башкы банкынан билдиришкендей, инфляцияга акчанын ашкере көбөйүшү гана таасир этиши ыктымал.

"Өтө ашыкча көлөм, башкача айтканда, экономикадагы акчага талаптын жогорулашы гана таасир тийгизет", — деп айтылат маалыматта.

Июнь айында инфляция жылдык чагылышында 0,9 пайыздын деңгээлинде түзүлдү. Акча базасынын көбөйүшү экономиканын талабы, анан да биздин божомол боюнча инфляциянын тездешине алып келбейт. Ал күйүүчү-майлоочу майдын баасы, тарифтик жана салык саясаты жана башка факторлор тарабынан түзүлөрүн айтышты банктагылар.

Улуттук банктан белгилешкендей, бир жыл ичинде акча базасы 13 пайызга жогорулаган, бул өсүш мурдагы жылдардагы көрсөткүчтөрдөн кескин айырмаланат. Маселен, 2017-жылдын июнунда өсүш 21,8 пайызды түзгөн.

"Акча базасынын учурдагы жогорулашы анчейин эмес, орчундуу инфляциялык тобокелдиктерди жаратпайт. Улуттук банк кырдаалга тынымсыз көз салат, инфляцияга таасир эте турган тышкы жана ички факторлорду баалап турат, зарыл учурда тийиштүү чараларды көрөт", — деп кошумчалашты банктан.

Тема боюнча

Улуттук банк 300 миллион сомдук баалуу кагаз чыгарды
Кыргызстанда элдин колундагы акчанын көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү
Белгилер:
айлык-акы, чыгым, экономика, инфляция, сом, акча, Улуттук банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ