Кыргызстанга Казакстандан бензин ташылбай калышы мүмкүн. Нефтетрейдерлер эмне дейт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПовышение цен на бензин
Повышение цен на бензин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Казакстан менен түзүлгөн келишимге тезирээк кол коюу керек экенин айтууда.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстанга Казакстандан бензин ташылбай калышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Ал Россия күйүүчү-майлоочу май ташыган башкы жана жападан жалгыз булак бойдон каларын эске салды. Буга бажы салыгынан бошотулушу себеп болгон.

Повышение акцизов на дизельное топливо и бензин в Москве - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө бензиндин баасы кантип аныкталат? Нефтетрейдерлердин жообу
Ассоциация бажы салыгынан үнөмдөлгөн акчанын суммасы 2018-жылы 40,1 миллион доллар, ал эми үстүбүздөгү жылдын төрт айынын ичинде 11,9 миллион долларды түзгөнүн маалымдады.

Нефтетрейдерлер Казакстандан бензиндин ташылышын жолго коюу туура болмок деп эсептейт. Аталган өлкөнүн нефтини кайра иштетүүчү заводдорунда өткөн жылдын жай мезгилинен тарта экспортко делген майдын ашыкча запасы топтолуп калганы белгиленди.

Эшматовдун айтымында, буга карабастан Казакстан менен бажы салыгысыз бензин ташуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек.

"ЕАЭБге киргендиктен Кыргызстан Казакстандын бензини кире турган өлкөлөрдүн сап башында эле. Бирок биздин өкмөт менен болгон сүйлөшүүлөр созулуп кеткендиктен казак тарап нефть продуктуларын ЕАЭБден тыш — Өзбекстан, Афганистан, Тажикстан жана башка өлкөлөргө ташуу маселесин жөнгө салып койду. Мындан улам Кыргызстанга Казакстандан май ташылбай калуу кооптуулугу жаралды", — деди Эшатов.

Анын айтымында, Кыргызстандын рыногуна Казакстандан эсепке алынбай келген май көп кирет.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы 270 май куюу жайын онлайн көзөмөлдөмөй болду
Эксперттердин баамында, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын көмүскө айлануусу 2018-жылы 25 пайыздын тегерегинде. Демек, майдын ар бир төртүнчү литри мамлекеттик бюджетке төлөнчү салыктан кыйгап өтөт.

Эшатов май ташыгандар салыктан кассалык чек жаздырбай, ошондой эле бензинди салык төлөө талап кылынбаган товар катары алып өтүү жолдору менен салык төлөбөй жатышканын белгиледи. Ал эми майды мыйзамсыз ташып саткандар мамлекеттик бюджетке бир литр үчүн 3,2 сом гана төлөйт, ал эми жоопкерчиликтүү ташуучулар бир литрден 7 сом казынага салык төлөп келет.

Ассоциациянын маалыматы боюнча акциз жана кошумча нарк салыгынан түшпөй калган каражаттын көлөмү 3 миллиард сомдон ашат.

Көйгөйдү чечүү жолу

Биринчиси — өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарып, Казакстандан Кыргызстанга бажы салыгысыз май ташуу боюнча келишимге кол коюу. Расмий экспорттун ачыкка чыгышы көмүскө импортту мыйзамдуу жолго коет. Мында сүйлөшүүлөрдөгү айрым талаптардан баш тартуу кажет. Буга Казакстандын нефтисинен алынган мунай продуктуларын реэкспорттоо маселеси кирет.

Введение ОСАГО в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Айдоочулар 70 млн. сом айыпка жыгылган. "Коопсуз шаардын" үч айда чогулган акчасы
Экинчи сунуш салыктарды башкаруу системасын кескин өзгөртүүгө багытталмакчы. Бул үчүн бардык май куюучу жайлардагы продукцияны эсептөө жана көзөмөлдөөнү автоматташтыруу керек. Муну менен бирге сатуу боюнча бардык маалыматтар салык кызматынын серверине онлайн түшүшү зарыл.

Мындан тышкары, сапатсыз продукциянын ташылуусунун алдын алып, өлкө аймагына киргизилген мунай заттарынын маркировкаланышы шарт. Мамлекеттик лотерея оюнун өткөрүү кажет, бул кардарлардын чекти талап кылуусуна өбөлгө болмокчу.

Эшатов айтылган сунуштардын баары эл аралык тажрыйбага жана күйүүчү-майлоочу майдын көмүскө сатылышына каршы ыкмаларга негизделгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0