07:18 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Евро жана доллар купюралары. Архив

Cот реформасына бөлүнгөн 14 млн. евро грант "жоголду". Иликтөө башталды

© Sputnik / Виталий Тимкив
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
3897 0 0

Депутаттын айтымында, акча Кыргызстандагы сот реформасын жакшыртууга делгени менен көпчүлүк бөлүгү европалык компанияларда өздөштүрүлгөн.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөлөрүнөн турган депутаттар тобу Кыргызстандагы сот реформасын колдоо үчүн Европа биримдигинен (ЕБ) грант катары келген 14 миллион евронун кайда жумшалганын иликтеп жатат. Бул тууралуу маалымат парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Эске салсак, 2010-жылдан бери Кыргызстанда соттук реформалар жүрүп келет. Бирок коомчулукта ал аракеттерден жыйынтык чыгып жатканынан күмөн санагандар жок эмес. Ошол эле учурда жергиликтүү ЖМКлар сотту реформалоо үчүн эл аралык уюмдардан миллиондогон каражаттар бөлүнгөнүн жазып жүрөт. Тагыраагы, Европа биримдиги "Кыргызстандагы укук үстөмдүүлүгүн илгерилетүү" программасынын негизинде биринчи жана экинчи фаза менен 13 миллион евродон 26 миллион евро бөлөрүн жазышкан.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги бул каражаттардын кандай максатта колдонулганына кызыгып, бир жыл мурда Финансы министрлигине, Сот департаментине жана КР Президентинин аппаратына кайрылган. Бирок чет элдик гранттар тууралуу биринен дагы жооп болгон эмес.

Бул акчанын тагдырына кызыккан депутаттардын тобунда Акылбек Жапаров дагы бар. Эл өкүлүнүн айтымында, депутаттар буга чейин ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр менен жолугушуп, сот реформасына деп бөлүнгөн каражаттын дайын-дареги жөнүндө сураган.

"Европа биримдигинен "КРдеги укуктун үстөмдүүлүгүн илгерилетүү" долбоорунун 1-фазасында 14 миллион евро келген. Бул акча эмнеге сарпталганын сурап, Ауэр мырзадан жооп ала алган жокпуз. Андыктан депутаттык топ түзүлүп, иликтөө иштери башталды", — деди Жапаров.

Ал белгилегендей, мурда ЕБ бөлгөн каражат Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө келчү. Андыктан акча бул жакта бөлүштүрүлүп, анын кайда жумшалгандыгы тууралуу отчёт берилчү. Бирок азыр шарт өзгөрүп, Кыргызстандын укук тармагын жакшыртуу үчүн жасалчу иш-чараларга тендерлер Европада жүргүзүлүп, акчаны чет элдик компаниялар өздөштүрүп калган.

"Бизде бул каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөгөн система жок экен. Ошондуктан отчётту ЕБдин өкүлчүлүгүнөн талап кылдык. Алар жакында эле финансылык аудит жасаганын, бирок маалыматты бизге бере албасын айтты. Биз анда Европа парламентине кайрылабыз десек, өкүлчүлүк 3-июнь күнү жолугалы деп сунуштады. Ошондо бардык маалыматты алууга аракет кылабыз. Кыргызстанга деп бөлүнгөн акчанын дайын-дарегин билишибиз керек да", — деди депутат.

Жапаров буга чейин сөз болуп жаткан акча кандай максатта жумшалганын билүү үчүн Юстиция министрлигине кайрылып көргөнүн айтты.

Ведомство жетекчилиги акчаны берген тарап өзү каалаган тармакка бөлөрүн билдирген. Мындан тышкары, ар кандай коомдук угуулар, тренингдер, командировкалар, консультациялар болгону кошумчаланган.

"Документте бир нерсе дароо көзгө урунду. 3 миллион евро ЖМКларга бөлүндү деп турат. Бирок Кыргызстандагы бир дагы аттуу-баштуу маалымат каражаттарына бул акча түшпөптүр", — деди Жапаров.

Эл өкүлүнүн маалыматына караганда, Европа биримдигинен "Кыргызстандагы укуктун үстөмдүүлүгүн илгерилетүү" долбоорунун биринчи жана экинчи фазаларында 13 эмес, 14 миллиондон 28 миллион евро келген. Анын биринчи бөлүгү өздөштүрүлүп, эми калганы бөлүштүрүлгөнү жатат.

Ал эми ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюмдун сот реформасын колдоо жаатындагы ишмердүүлүгү профилдик мамлекеттик органдардын жарандык жана административдик мыйзамдарды иштеп чыгуусуна, сотторду, прокурорлорду жана юристтерди окутууга багытталганын билдиришти. Биринчи фазада келген 14 миллион евро ушул максаттарга жумшалган.

"Мындан тышкары, Соттун автоматташкан маалымат системасы менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин түзүүгө басым жасалды. Ал эми Жогорку Кеңештин өкмөттүн ишкердүүлүгүн, тагыраагы, аталган долбоор боюнча көзөмөлгө алып, суроо берип жатканы мыйзам ченемдүү нерсе. Евробиримдик ушундай эле принцип менен иштейт. Анткени Европа парламенти дагы ЕБдин башка институттарын көзөмөлдөп турат", — дешти аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, бюджеттен соттук реформаларга 2015-жылы — 965 миллион сом, 2016-жылы — 1,2 миллиард сом, 2017-жылы — 1,3 миллиард, 2018-жылы — 1,6 миллиард сом кеткен. Быйыл бул көрсөткүч 2 миллиард сомдон ашты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2010-жылдан бери сот системасын реформалоо жүрүп келет.

Тема боюнча

Жээнбеков сотторго: маселени ишке ашырмайын тынч уктайм деп ойлобогула!
Белгилер:
грант, реформа, сот, Европа, Жогорку Кеңеш, Акылбек Жапаров, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ