Дарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын

Жазылуу
Токмоктогу дарыканалардын бирин карактап, 25 миң сом алып чыгып кетти делген 33 жаштагы жаранды шаардык сот 14-майда беш жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 70 миң сом төлөмөр кылды.

Өкүм жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялангандан кийин коомчулук тарабынан катуу сынга кабылды. Sputnik Кыргызстан агенттиги соттолуучунун жакындарын издеп таап, соттук териштүрүү кантип жүргүзүлгөндүгүн билип көрдү.

Камакка алынган Замирбек Кожоканов келинчеги менен Токмок шаарынын четинде батирде жашап, курулушта, жеке ишканаларда иштеген. Ал жубайы менен эки кыз, бир уулду тарбиялап келет. Балдардын улуусу 3,5 жашта болсо, кенжеси бир жашка чыга элек. Экөө тең учурда чоң энесинин колунда.

Соттолуучунун ата-энеси пенсия курагындагы адамдар. Апасы Айтбүбү Сабыралиеванын айтымында, баласын куткарып калууга акчасы болбой калды.

"Замир буга чейин кылмыш кылган эмес. Өз алдынча тиричилигин көрүп келген. Сотто жабырлануучу доом жок, ден соолугум жакшы эле, материалдык чыгымымды төлөп беришти деп көрсөтмө берген. Тергөө маалында адвокатыбыз дарыкана ээсинин акчасын бербей турсаңар болмок экен, аны кийин бермексиңер да, биринчи сотту бүтүрсөк тез бошоп кетмек деп айтып калды. Кийин адвокат өзү да камалып кетти. Баары келип эле акчага такалып жатат. Эгерде 40 миң сомум болгондо баламды куткарып калмакмын, бизде андай акча жок. Мен ага чейин банктан 30 миң сом насыяга алып, анын 25 миң сомун аптекага, калган беш миңин адвокатка бергем. Өзүбүздүн деле сатчу мал-жаныбыз жок", — деди Сабыралиева.

Ал эми дарыкананын ээси Н.Э. фемида өкүлдөрү мындай чечим кабыл алгандыгын угуп таң калууда. Анткени ал сотко чейинки териштирүүдө эле шектүүгө доом жок деп укук коргоо кызматкерлерине кат жазып берген.

Сот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмокто баласына дары алам деп камалган ата. Өкүм чыгарган сот тууралуу факты
"Кантип беш жылга эркинен ажыратып жиберди билбейм, таң калып атам. Мен тергөөчүгө доом жок деп жазып бергем. Анан бир сот отурумуна катышып жабырлануучу катары өз сөзүмдү айткам, кийинкилерине катышкан жокмун. Ага чейин Замирдин энеси 25 миң сомду алып келип берип, кечирип коюуну суранган. Негизи мага милиция кызматкерлери бала соттолбой, эркиндикке чыгат дешкен. Буга чейин сот жоопкерчилигине тартылбагандыгы буга негиз эле. Анан адвокат алмашып жакшы иштебей койду окшойт. Менимче муну сот мынчалыкка жеткизбеш керек болчу", — деди дарыкана ээси.

Териштирүү маалында дарыкананын ичиндеги көзөмөлдөөчү камеранын видеосу негизги далил катары пайдаланылган. Ага кылмыш болгон жер башынан аягына чейин тартылып алынган.

Токмок шаардык соту Замирбек Кожокановдун кылганын карактоо деп эсептеп, аны Жазык кодексинин 201-беренесинин 3-пунктунун 3-бөлүгү ("Каракчылык") боюнча квалификациялаган. Мындайча айтканда, "Бирөөнүн мүлкүн күч колдонуп, ден соолугуна коркунуч жаратып ачык түрдө ээлеп алуу" болгон. Мындан сырткары, өкүмдө соттолуучунун өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына келип, кылганын мойнуна алгандыгы жана буга чейин соттолбогондугу эске алынганы жазылган.

Беш жылга кесилген Замирбек Кожокановдун жакындары Чүй облустук сотуна доо арыз жазып, жаңы адвокат издей тургандыгын кошумчалашууда.

Эске сала кетсек, 14-майда Токмок шаардык соту дарыканада 25 миң сомду карактаган 33 жаштагы жаранды беш жылга кескен. Ал мас абалында дарыкананын кассасынан 25 миң сом алып качып кетип, кийин милиционерлерге өзү келип, кылганын моюндаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0