00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:06
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бирөөнүн мүлкүн тартып алууну актап... Жээнбеков соттор тууралуу

Жазылуу
Президент Жогорку сот бул системада реформа жасоо зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан сотторунун XI курултайында өлкөдөгү фемида өкүлдөрүнүн ишиндеги төбө чачты тик тургузган фактыларын санады.

Анын айтымында, аталган тармакта сот болууга татыксыз бир катар адам иштеп жатат. Тагыраак айтканда, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн оор кылмыштарга көз жумган судьялар болгон. Андан сырткары, чет өлкөлүк жарандардын мүлкүн тартып алууну шарттаган чечимдерди чыгарган. Муну менен катар эле кээ бирлери баңгизаттарына байланыштуу иштерде одоно каталарды кетирген.

"Атап айтсак, Ош облусунун соттору 14 килограмм гашиш менен кармалган чет элдиктин жазасын жеңилдетип, мунапыс бердирткен. Аппеляциядан кийин прокуратуранын чечими жокко чыгарылып, иш кайрадан каралат. Учурда аталган судьяга карата кылмыш иши козголду", — деди президент.

Ал Сотторду тандоо кеңешине ушундай кылмыш иштерин караган судьялардын талапкерлигин кайра кайтарып бергендигин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусу менен Ош шаарынын укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков соттор менен милицияга: элдин эсебинен жашаганды токтоткула!
"Ал учурунда 27 килограмм героин жана беш килограмм гашиш менен кармалган кишинин ишин токтотуп, аны кайрадан райондук сотко жөнөткөн. Муну кандай деп түшүнүүгө болот?" — деп суроо салды Жээнбеков.

Мамлекет башчы мындай кадамдар тартип коргоо органдарынын иштерине терс таасирин тийгизип, баңгизаттары боюнча иштерди иликтөө айлап созулуп кетип жаткандыгын эске салган.

Президент аны менен катар эле Жогорку сотто бир нече ирет каралып жаткан иштерди мисалга келтирди.

"Кылмышкер адамга ок чыгарып, аны майып кылып койгон бир кылмыш иши бар. Ал 2005-жылы козголгон. Ошондон бери Жогорку сотто жети ирет каралыптыр", — деди ал.

Жээнбеков Жогорку сот бул системада реформа жасоосу зарылдыгын айтты.

Буга чейин президент сот системасындагы иштерди, алардын кесипкөйлүгүн бир нече ирет сындап келген. 2018-жылы февраль айында өткөн коопсуздук жыйында соттордун ишине кийлигишүү оюнда жок экенин, бирок айрым учурлар кийлигишүүгө аргасыз кылып жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0