"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга эки эл аралык компания кызыкдар

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВидеокөзөмөл камералары. Архив
Видеокөзөмөл камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган компаниялардын бул багытта иш тажрыйбасы бар экени айтылды.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Чет элдик эки эл аралык уюм "Коопсуз шаар" жана "Digital CASA" долбоорлорун ишке ашырууга жигердүү катышууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишемби күнү Toyota Tsusho Corporation инвестициялык соода үйүнүн Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Манабу Такаки жана NEC Corporation компаниясынын Борбор Азия, Закавказьедеги өкүлчүлүгүнүн коммерциялык директору Виктор Шегай менен жолукту.

Анда өкмөт башчы республика аймагына чет өлкөлөрдөн IT-технологияларын тартууга кызыкдар экендигин белгиледи.

"Биз үчүн "Коопсуз шаар" долбоору өтө маанилүү. Буга байланыштуу мындай долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы бар эл аралык компаниялардын колдоосуна үмүт артуудабыз. Биздин мамлекет үчүн бул долбоор керек", — деди ал.

Ал эми Манабу Такаки NEC Corporation компаниясы менен биргеликте IT-технология жаатындагы ("Коопсуз шаар", "Электрондук өкмөт") долбоорлорун Непал, Мьянма, Бангладеш жана бир катар Африка мамлекеттеринде ишке киргизгендигин айтты. Ошондой эле ал компания айыл чарба, медицина, билим берүү, химиялык өндүрүш тармактарындагы ишинен кабар берди.

Абылгазиев Toyota Tsusho Corporation компаниясынын өкүлдөрүнө айыл чарба жана туристтик инфраструктураны жакшыртуудагы долбоорлорду катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Боронов "Коопсуз шаар" долбоору качан ишке ашырыла турганын айтты
"Коопсуз шаар" долбоору 2014-жылы демилгеленген. Кийин биринчи тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, экинчиси дайындалган. Анда биринчи орунду "Стилсофт Бишкек" компаниясы ээлесе, экинчи орунду Dessa International S.R.L. (Молдова), ал эми үчүнчүнү Anteo worldwide (Швейцария) компаниялары алган. Бирок ИИМ тендерди утуп алган "Стилсофт Бишкек" компаниясы койгон талаптарга макул эместигин билдирип, аларды сотко берген.

Андан соң Кыргызстан долбоор менен алектенүү ниетин билдирген кытайлык Huawei компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок "Акылдуу шаар" инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу келишимден чыгууну чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0