Өзбекстанга бекер ташып кире турган товардын көлөмү 30 эсеге көбөйдү

Жазылуу
Кыргызстандын экономика министри өзбекстандык кесиптешин бажы төлөмүсүз аталган өлкөгө 10 долларлык товар алып кирүүгө болот деген сумманы андан өйдө көтөрүүгө чакырган

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өзбекстандын автожолдору аркылуу бажы төлөмүсүз товар алып өтүүнүн суммасы 300 долларга көтөрүлдү. Бул туурасында КРдин Бажы кызматынан кабарлашты.

Уральская международная выставка ИННОПРОМ-2010 в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сатылчу өзбекстандык товарлардын тизмеси
Эске сала кетсек, жеке тараптар коңшу өлкөгө жеке өзү колдонуу үчүн 10 доллар суммасында гана буюм-тайымдарды алып кире алчу. Экономика министри Артем Новиков бейшемби күнү бул сумманы 1000 долларга көтөрүүнү сунуштаган.

Өзбекстан президенти бажы төлөмүсүз алып өтүүчү төмөнкү эрежелерди атайын токтом менен бекитти.

эл аралык аэропорттор аркылуу бажы чек арасын кесип өткөндө — 2000 доллар;

темир жол жана суудан аркылуу өткөн көзөмөл жайлар менен каттаганда — 1000 доллар;

жөө же автожол менен бажы чек арасынан өткөндө — 300 доллар;

эл аралык почта кызматтары аркылуу жеке тараптарга бир календардык ай ичинде келгенде — 1000 доллар.

Кыргыз-өзбек мамилелери жандангандан тарта экономикалык кызматташуу да активдеше баштады. Буга чейин Өзбекстан аркылуу темир жол менен товар ташып келүү арзан боло баштаганы кабарланган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0