17:04 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Манас аэропортондуга учак. Архивдик сүрөт

Сапар Исаков өлкө ичиндеги аба каттамдарынын баасын арзандатууну тапшырды

© Sputnik / Азат Акаев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
31220

Өкмөт башчы автожолдорду кардан тазалап, унаалардын эркин жүрүшүн камсыздоо үчүн камдуу турууну милдеттендирди

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрилигине жергиликтүү авиакомпаниялар менен биргеликте кыш мезгилине карата ички аба каттамдардын баасын түшүрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 11-январь күнү Исаков кыш маалында автожолдордун ачык болушун камсыздоо маселесине арналган жумушчу кеңеш өткөргөн.

Мындан тышкары, өкмөт башчы автожолдорду тазалап, унаалардын эркин жүрүшүн камсыздоо үчүн камдуу турууну милдеттендирди.

Тема боюнча

ӨКМ: Бишкек — Ош унаа жолунда тыгын жок
Жалгыз учагын ремонтко койгон мамлекеттик авиакомпания. Калган аба кемелери кайда?
Белгилер:
каттам, кар, жол, Сапар Исаков, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ