БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жаңы 200 сомду иштеп чыккан Улуттук банктын дизайнерлери коомдун пикирин жана сунуштарын эске албай, жыйынтыгында сомдогу акындын көзү чалыр болуп калганын графикалык дизайнер Никита Тарасенко Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде баса белгиледи.
Буга чейин Алыкул Осмновдун жаңы 200 сомдогу сүрөтү коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, интернет колдонуучулар акын чалыр болуп калганын айтышкан. Бирок Улуттук банк акындын 2010-жылдагы банкнотко чыккан сүрөтү дал ошондой эле колдонулганын билдирген.
Жаңы 200 сомдуктар 2017-жылдын 1-январынан тарта жүгүртүүгө чыккан. Тарасенконун пикиринде жаңы 200 сомдун үстүнөн иштегендер өз ишине көңүл кош мамиле жасашкан.
"Бул тууралуу Facebook баракчама жазганда банктын кызматкери күнөөсүн моюнга алгандын ордуна мага карата сын айтып туруп алды. Бул жерде улуттук валюта тууралуу сөз болуп жатат. Мен графикалык сүрөт тартып жаңы сүрөттүн кемчиликтерин дароо көргөздүм. Купюраны жакшыртканы жакшы деңизчи, ошентсе деле Осмоновдун сүрөтүнө көңүл буруп, жакшы тартышы керек болчу", — деди Тарасенко.
"Иш чынында чеберчилик менен жасалган, бирок айрым мүчүлүштүктөр бар. Эгер мага айтышпаса мен деле байкабай калмакмын. Эми бул аны жасаган кишинин катасы. Акындын сүрөтүнөн көчүрүлгөн портретте да бул көйгөй бар. Ал эми художник аны ого бетер бузуп салган. Эми бул өтө деле коркунучтуу эмес, бул көйгөйдү банк дагы билет", — деди ал.
Лысогоров бул маселени Улуттук банктын кызматкерлери кийинки тиражда оңдойт деп ишенерин кошумчалады.
Ал ортодо Улуттук банктын маалымат кызматы жаңыланган төртүнчү сериядагы купюралардагы портреттер кол менен оюлуп жасалгандыктан "даана, тунук" көрүлүп калгандыгын белгиледи.
"Улуттук валютадагы портреттерге эч кандай өзгөртүү киргизилген эмес. Банкноттун жасалгасы 2008-жылы эле Улуттук валютанын эскиздерин тандоо комиссиясынын чечими менен бекитилген", — деп маалымат кызматы билдирди.
"Алыкул Осмонов өз замандаштарынын ичинен чыгаан гений болгон. Ал чоң талант жана анын чыгармалары менен Кыргызстандын көптөгөн жазуучулары тарбияланды. Анын сүрөтүн акчага чалыр кылып тарткандар кийинки тиражда аны оңдоп тартышы керек", — деди Жакиев.
Жаңы үлгүдөгү банкноттор 2017-жылдын 1-январынан тарта жүгүртүүгө чыккан.