2012-жылы Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар (237 мВт.) каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин (1860 мВт.) куруу жөнүндө макулдашуу болгон. Долбоорду Кыргызстан менен Россиянын энергокомпаниялары биргелешип ишке ашыруу каралган. Бирок, 2015-жылдын аягында президент Алмазбек Атамбаев Россия курулуш боюнча алган милденттенмесин аткара албай тургандыгын билдирген. Мындан кийин кыргыз өкмөтү эки макулдашуунун денонсациялоо демилгесин көтөргөн.