00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:44
16 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Почему Западу мешает ЕАЭС —беседа с экспертом из Армении
14:08
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Чектөөлөр алынды: кыргыз селлерлери Россиянын маркетплейстерине эркин чыга алат
15:04
25 мин
Ачык кеп
Евразия өкмөттөр аралык кеңешиндеги негизги маселелер эмне болду — ЕАЭБдеги экономикалык интеграция
15:30
23 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Земля покажет: в Кыргызстане определяют сильнейших пахарей
16:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Курстардан окуу менен ар бир адам ишкер боло алабы? Ишкерлике туура кирүү эрежелери тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чектөөлөр алынды: кыргыз селлерлери Россиянын маркетплейстерине эркин чыга алат
21:05
25 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитети 7-апрелде онлайн жыйын өткөрүүсү оң натыйжаларды берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, калган комитеттер да кийинки жумадан баштап онлайн жыйындарды өткөрөт. Муну менен санариптештирүүнүн биринчи этабы аяктады, эми документтештирүү этабы жыйынтыкталат.
Бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан "Ала-Тоо Резорт" ири курорттук зонасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча аукцион башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аукциондогу сатуулар 10-апрелге чейин өткөрүлүп, күнүнө 12 лоттон коюлат. Аукциондо "Жыргалаң" курортунун курулуш зонасында туристтик жана инфраструктуралык объектилерди камтыган 36 лот бар. Бул тилкелерде 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманкана, апартамент, этношаарча, ресторан, кафе жана башка коммерциялык объектилер курулат. Сатуу https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасынын базасында өтөт. Эгерде электрондук аукциондун катышуучусу жеңүүчү деп таанылбаса же аукцион өтпөй калды деп эсептелсе, кепилдик төгүмү сатуунун жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып 10 иш күнүнүн ичинде кайтарылып берилет.Объект үчүн эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Жеңүүчүгө кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана ал сатып алынган мүлктүн төлөмүнүн эсебине чегерилет. Эгерде жеңүүчү жер тилкесинин сатып алуу баасын төлөөдөн баш тартса кепилдик төгүмү кайтарылып берилбейт.
"Бишкек Арена" стадионунун ичине соода борбору мамлекет башчысынын тапшырмасы менен курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.Анын айтымында, Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири болуп саналаган бул объектинин курулушу дээрлик 90 пайызга аяктап калды."Мындай масштабдагы спорттук комплексти тейлөө ченебеген чыгымды талап кылат. Мындан улам өлкө башчынын тапшырмасынын негизинде стадиондун аймагында Bishkek Arena Mall заманбап соода борбору курулууда. Ал стадиондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө гана эмес, келечекте үзгүлтүксүз иштешин да камсыздайт. Соода борборунан түшкөн каражат "Бишкек Аренаны" тейлөөгө жана анын инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Бул өз кезегинде мамлекеттик бюджетке жүк болбой, стадиондун өз алдынча туруктуу иштөөсүнө шарт түзөт", — деп жазды Туманбаев соцтармакка.
Россия ЖККУга төрагалыгы учурунда уюмдун Жамааттык күчтөрүнүн согуштук мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого көңүл бурат. Бул тууралуу Россиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов Минскиде ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков менен болгон жолугушууда билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын талкуулап, өзгөчө союздаштык мамилени өнүктүрүүгө, жамааттык коопсуздук механизмдерин өркүндөтүүгө жана Евразиядагы жаңы чакырыктар менен коркунучтарга биргелешип жооп берүүгө көңүл бурушту.Ошондой эле 2026-жылы Россиянын төрагалыгынын алкагындагы артыкчылыктар боюнча ишти координациялоо маселелери каралды. Региондо тең укуктуу жана бөлүнгүс коопсуздук системасын түзүүдөгү, өнөктөш мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен практикалык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү ЖККУнун ролуна өзгөчө басым жасалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0