15:13 18 Бирдин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7609
  • EUR78.6694
  • RUB1.0458
Ал жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт

Каримовго таасирленсе, Мирзиёевге ыраазы болгон. Айтматов — Өзбекстан боюнча 14 факты

© Sputnik / Лев Иванов
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
848 0 0

Айтматов ааламдык алкактагы жазуучу экени тангыс нерсе. Башкалар Айтматовду бөтөн улуттун өкүлү катары таанып, чыгармачылыгына баа берип бүтпөй келет. Ал эми ирегелеш жашаган элдин бири өзбек боордоштордун өз жазуучусуна айланды.

Адабиятчы Абдыкерим Муратов философ жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан темасы боюнча 14 факты даярдады.

Чыңгыз Айтматов Өзбекстанды журналист катары тааныган. Жаш жазуучу жана журналист 1960-1965-жылдарда "Правда" гезитинин Орто Азия жана Казакстан боюнча өз кабарчысы болуп иштеген учурда Өзбекстанды узун-туурасынан түрө кыдырып, ал жердеги адамдар тууралуу, тарыхый жана маданий мурастар жөнүндө публицистикаларын, очерктерин, репортаждарын, макалаларын жазды. Өзбек элинин эмгектеги баатырдыгы "Зеравшан, Зеравшан, адамга таазим кыл" деген очеркинде көрсөтүлөт. Дагы бир мазмундуу жана көлөмдүү макалаларынын бири 1964-жылы жазылган "Лунная дорога из хлопка" деп аталат. Өзбекче "Пахтаннинг ойдин йули" деген ат менен которулган. Мырза-Чөл дың жерлерин өздөштүрүү боюнча Айтматовдун КПСС БКнын органы болгон СССРдин №1 гезитинде жарыялангандыгы чоң тарыхый окуя болгон.

Чыңгыз Айтматов жана Асил Рашидов. Көп жыл Өзбек ССРинин компартиясынын биринчи катчысы, КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөлүгүнө кандидат Шараф Рашидовдун бир тууганы Айтматовдун "Жамийла", "Делбирим", "Бетме-бет", "Саманчынын жолу", "Гүлсарат", "Ак кеме" повесттерин орусчадан өзбекчеге которуп, массалык нуска менен басып чыгарат. Рашидов котормочу гана эмес, адабий изилдөөчү катары да "Чингиз Айтматов олами" аталышындагы мазмундуу монографиясын жазган. Жазуучу: "Мени Асил Рашидовдун айрыкча котормочулугу таң калтырды… Ыраматылык агасы Шараф Рашидов тууралуу кандай бир дооматтар токулуп жатканда ал да бушайман болгону анык, бирок андагы үмүт, ишеним эч бир сынбаганын угуп, мындай эрки күчтүү адам менен дагы бир жолу сыймыктандым. Мына ушундай жазуучу жана котормочу менин чыгармаларым менен өзбек адабиятынын ортосунда көпүрө салганы мен үчүн чексиз кубанычтыр…".

Айтматовтаануу — Өзбекстанда. Сүйүн Караев, Перизат (Феризат) Мирза-Ахмедова, Мустафокул Каримов, Шарифа Шарипова, Нурбой Артыков, Гузал Абдуллаева, Илхам Ганиев, Рустам Ибрагимов, Туленбай Курбанов, Акмал Саидов аттуу ысымдар бар. Буларды балким бир катар окурмандар Айтматовдун чыгармалары боюнча жазган макалаларынан улам билишээр. Жогоруда фамилиясы, ысымы аталган адабиятчы, философ аалымдар жазуучунун чыгармачылыгын, алардын өзбек окурмандары тарабынан кабыл алынышын изилдеген.

Айтматов "өзбек иши" тууралуу. СССРде "кайра куруу" желаргысы жүрүп жаткан 1985-1988-жылдары Москвадан жиберилген укук коргоочу "десанттар" (Гдлян-Ивановдор) Өзбекстанга келген. Алар "пахта иши", "өзбектер иши" деп аталган жалааларды ойлоп таап, жалпы улуттун бетине көө сүйкөп, өзбектерди "жеп-ичкичке", "алдым-жуттумга", "паракорго" чыгарып жатканда Айтматов үн каткан. Жазуучу Москванын бийик трибунасын жана өзүнүн дүйнөлүк зоболосун пайдаланып, тарыхта Византия славян калктарынын катмарына маданиятты жайылтууда кандай ролду ойносо, өзбектер да Борбор Азия мамлекеттерине салыштырмалуу дал ошондой ролду ойногонун айткан жайы бар. Мээнеткеч бир элди айыптоого мүмкүн эмес деп, башы жерге салынган улуттун башын өйдө көтөрткөн. Айтматовдун бул эрдигин бир дагы өзбек унутпай келди. Өз кезегенде Адыл Якубов "Өзбек калкынын башы ташбараңга кабылып, оор күндөргө калганда Чыңгыз Айтматов биринчилерден болуп, бизди коргоп чыкты. Бул киши — ажайып инсан, чындыкка умтулган, улуу калем ээсидир. Биздин адабиятыбыздын, калкыбыздын чоң досудур", — деп ыраазычылык билдирген. Айтматовдун "Перестройка, гласность — древо выживания" деген макаласы ("Правда", 1988, 13-февраль) Өзбекстан үчүн өтө маанилүү болгон. 

Киргизский писатель Чингиз Айтматов
© Sputnik / Борис Виленкин
Киргизский писатель Чингиз Айтматов

Айтматов жана өзбекстандык кыргыздар. Ал Өзбекстандагы кыргыздардын абалынан кабар алуу үчүн 1989-жылы атайын делегация жиберген. Алардын катарында Кыргыз ССРинин мамлекеттик басма сөз комитетинин төрагасы Барпы Рыспаев, жазуучулар Камбаралы Бобулов, Сагын Наматбаев, билим берүү министринин орун басары болгон. 1995-жылдын декабрь айында өзү да Жизак облусунун Достук районунун Манас айылындагы кыргыздар менен жеринде баарлашкан.

Борбор Азиянын маданий ишмерлеринин ассамблеясын башкарган. Иштөө орду Ташкент шаарында жайгашкан бул уюмдун президенттигине жазуучу 1995-жылдын 22-ноябрынан баштап киришкен. 1996-жылы Эмир Темирдин 660 жылдыгы дүйнөлүк масштабда белгиленип жатканда Айтматов эл аралык конференцияда терең мазмундуу, философиялык-тарыхый анализ менен шөкөттөлгөн баяндама жасаган. Анда өзбек элинин улуулугун дагы бир жолу көрсөтүп, Эмир Темирдин Алтын Ордону талкалашы менен Русту монгол зулумунан куткарганын айткан. Бул инсанды улуттук баатыр кылып көтөрүүдө Ислам Каримовдун эмгегине жогору баа берген. Эмир Темир феномени — бул маяк, бул жол көрсөткүч, бул Алтын казык жылдызы деп айткан. Чынында, азыр бул тарыхый инсан өзбек элинин улуттук идеологиясында улуу күчкө айланды.

Адыл Якубов жана Айтматов. Бул экөө жакын дос, бири-бирин издешип турган теңтуштар, сырдаштар болгон. 1961-жылы Ташкентте таанышкан. Бир жыйындан кийин Айтматовду СССР Жазуучулар союзунда өзбек адабияты боюнча кеңешчиси болуп иштеген Пиримкул Кадыров үйүнө чакырган. Конокту "Ташкент" мейманканасынан алып келип Адыл Якубовго тапшырыптыр. Ошентип алар 3-4 саат адабият, саясат, маданият темасында сүйлөшөт. Эртеси Адыл Чыңгызды Ташкенттен чыга бериштеги Шредер институтунун багында дагы конок кылып, Таласка узатып коюшат. Якубовдун "Улугбек казынасы" романы жөнүндө: "Улугбекти… "мен кечигип болсо да зор кызыгуу менен окуп чыктым. Жакшы китеп тууралуу сөз айтуу үзүрлүүдүр. Чыгарманы таланттуу прозанын үлгүсү деп айтууга болот. Көркөмдүк жактан жогорку деңгээлде жазылган Сиздин бул тарыхый чыгармаңыз мени бушайманга салды. Мындай окурманды бушайманга түшүрүү жазуучулук табылганын биринчи белгисидир…", — деп жазып чыккан. Андагы Улугбек, Али Кушчу, Каландар, Мирам Чалаби ж.б. каармандардын иш-аракеттеринен улам "Ушул сапар өзүмдүн түрк элинин өкүлү болгондугума сыймыктандым" деп жазып ийгени бар. Демек, Айтматовду толкундаткан, сыймыктанткан өзбек жазуучусунун таланты жогору бааланганы "бүркүт бүркүттү алыстан тааныйт" деген сөздү ырастайт.

Пиримкул Кадыров жана Чыңгыз Айтматов. Булардын жашы гана тең эмес, башка окшоштуктары да болгон. Балалыгында кылган жумушу, эл тагдырына ортоктош жүргөн биографиясы да бири-бирин толуктаган сымал. Айтматовдун өзбек калемдештери тууралуу сөз болгондо эң алдын таланттуу жазуучу Пиримкул Кадыровду эстей турганын айткан учуру бар. Анын жарым кылымдык мааракесинде 1978-жылы мындай куттуктаган: "…Сен экөөбүз турмушта жана адабиятта курбалдаштар гана эмес, ошондой эле пикирлештербиз, мен ушундай деп эсептейм. Сенин прозаң азыркы өзбек адабиятын бийик көтөрүп турат". Ал эми 1988-жылы Айтматовдун 60 жылдыгына карата Кадыров "Күн чыгарда таралган нур" деген абдан жылуу сезимдерин жазган макала чыгарат.

Анвар Журабаевди жумушка кайра алдырган. Айтматов 1986-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланып, күзүндө "Ысык-Көл форумун" өткөрөт. Ошол эл аралык ири жыйындан кийин Фрунзеге атайын келип өзбек журналисти Анвар Журабаев жазуучу менен маектешет, форум, адабият, доор жана сүрөткер, өзбек адабияты сыяктуу маселелерди талкуулашат. Маектешүү көп узабай Ташкентте Өзбекстан Жазуучулар союзунун органы болгон "Шарк юлдузи" журналынын 1987-жылдагы №7 санына басылып чыгат, Айтматов тапшырма бергенби, ал маек кыргызча которулуп "Ажайып бир адабият жараталы…" деген ат менен "Ала-Тоо" журналына да, өзүнчө китепке да кыргызча жарыяланат. Анан эле Журабаевди иштен алып коюшат. Муну Айтматов угат. Ал кезде СССР Жогорку Советинин депутаты катары дагы бир депутат Адыл Якубовго бул тууралуу айтат. "Ташкентке барганда Ислам Абдыганиевичке кир, мени айтты де, Анварды ордуна коюп берсин деп суранып атат дегин", — дейт. Якубов Чыңгыз досунун айтканын Каримовго угузат, ал киши шашпай тыңшап туруп, "Сиз Чыңгыздын сөзүнө кошуласызбы" дейт, Якубов "кошулам" дейт. Бир-эки күндөн кийин Журабаевге жумуш беришет. Бул да болсо Айтматовдун өзбек зыялыларынын жашоо-турмушуна кызыгып тургандыгы, кимдин ким экендигин билгендиги. Журабаев кезегинде Михаил Шолохов, Габриель Гарсиа Маркес, Чыңгыз Айтматов, Расул Гамзатов, Аркадий Райкин сыяктуу таанымал инсандар менен сукбатташкандыгы азыр эми тарыхка айлануу менен өзбек журналисттерине үлгү болуп отурат. Анвар Журабаев "Халк сузи" гезитинин баш редактору болуп калганда Айтматов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Салижан Жигитовду ээрчитип барып "Кассандра тамгасы" романын өзбек тилине которуу тууралуу Сүйүн Караев менен макулдашкан. Чыгарманын үзүндүлөрү аталган гезиттин 1-сентябрдагы санынан тарта басыла баштаган. 

Портрет Чингиза Айтматова в посольстве Кыргызской Республики в Республике Узбекистан, находящегося в городе Ташкент.
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Работа Посольства КР в Ташкенте

Айтматовдун чыгармаларынын өзбек тилине которулушу. Анын чыгармалары негизинен өзбек тилине Асил Рашидов, Ибрагим Гафуров, Якубжан Хужамбердиев, Набижон Бокий, Сүйүн Караев, Махмудов, Атаметов, Таджиева, Зайнаб, ж.б. котормочулар тарабынан таржымаланган. Жазуучунун айрым чыгармалары эки же үч автор которуп, өз-өзүнчө басылыш кылган учурлар да кездешет. Булардын ичинен өзбекстандык кыргыз аалымы Караев 1975-жылы жазуучунун "Солдатёнок" деген аңгемесин өзбекчеге которуп "Отадан колган тирнок" деген ат менен чыгарган ("Мехнат ва турмуш" журналы, 1975, №8), 1987-жылы "Манас-Атанын ак кар, көк музу" деген тарыхый-биографиялык көркөм очеркинин котормосу жаштар гезитине ("Ёш ленинчи", 1987, 3,4,5,8-сентябрь) басылат. Ошондон кийин котормочу жазуучунун "Утар кушлар ноласи" ("Кайрылып куштар келгенче"), "Кассандра тамгасы", "Чыңгыз хандын ак булут", "Тоолор кулаганда" ("Түбөлүк колукту") деген чыгармаларын өзбекчеге оодарган. Гафуров "Кыямат", "Тоолор кулаганда" романдарын жана "Чыңгыз хандын ак булут" повестин которсо, Набижон Бокий менен Якубжан Хужамбердиев Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун "Чўққида қолган овчининг оҳи зори" (1998) диалог-китебин которушкан. Нурали Кабул жана Туленбай Курбанов "Балалыгым" баянын өз-өзүнчө өзбек тилинде "сүйлөткөн".

1958-1985-жылдарда Өзбекстанда өзбек тилинде жарык көргөн китептеринин ичинен тандалган чыгармаларынын эки томдугу 50 миң нуска менен жарык көргөн. Повесттер жана аңгемелер жыйнагы 150 миң нуска менен бир ирет, "Жамийла" 30 миң нуска менен бир ирет басылган. "Ак кеме","Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт", "Кош, Гүлсары", "Эрте келген турналар" 40 миң нуска менен чыккан. Ошентип 27 жылда жазуучунун китептери 390 миң нуска менен 11 басылышта жарык көргөн. Ал эми 1958-2004-жылдар аралыгында Өзбекстанда өзбек жана орус тилдеринде Айтматовдун 23 аталыштагы китеби 720 000 нуска менен басылган. Сүйүү баяны "Жамийла" повести 1961-жылы биринчи жолу которулуп, журналдык варианты жана өзүнчө китеби чыкса, азыркы күнгө чейин ар кандай китептеринде беш жолу жарык көрдү. 1963-жылы "Бетме-бет" повестинен үзүндүлөр Хакимовдун, 1964-жылы "Кызыл алма" аңгемеси Таджиеванын котормосунда "Узбекистон маданияты" гезитине басылган. 1963-жылы Зайнаб аттуу котормочу "Биринчи мугалимден" үзүндүлөрдү "Узбекистан хотин-кизлари" журналына жарыялаган. 1965-жылы "Сомон йули" китеби окурмандарга тартууланды. Өзбек окурмандарына Айтматовдун "Сарв комат дилбарим" (1964, 1969), "Сомон йули" (1965), "Алвидо, Гулсары" (1969) чыгармалары 60-жылдарда кеңири тараган. Буларды А.Рашидов которгон, "Алвидо, Гулсарынын" котормосуна ага Атаметов шериктеш болгон. "Ак кеме" ("Жомоктон кийин") повестин орусча жарыяланары менен эле (1970) А.Рашидов жана Атаметов которууга киришип, үзүндүсүн "Узбекистон маданияты" жумалыгынын 1970-жылдын 5-июнундагы санына бастырган. "Ак кеменин" журналдык котормосу 1972-жылы "Шарк юлдузи" журналына жарыяланган, 1973-жылы котормонун 1-басылышы, 1977-жылы 2-басылышы жарык көргөн. "Ак кеме" ("Жомоктон кийин") повестин да А.Рашидов орусчадан таржымалаган. 1978-жылы Гафур Гулям атындагы басмадан 2 томдук "Танланган асарлар" деген ат менен көлөмдүү китеби чыкты, 1-тому повесттеринен турса, 2-тому повесттеринен жана аңгемелеринен куралган. 80-жылдарда, 1982-жылы "Эрте келген турналар" (которгон А.Рашидов), 1984-жылы "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт" (которгондор А.Рашидов, Махмудов) өзбек тилдүү окурмандарга тартууланган. Жазуучунун 60 жылдыгына карата 1988-жылы "Кылым карытар бир күн" жана "Кыямат" романдары бир китеп болуп басылды. 1981-жылы повесттер жыйнагы, 1986-жылы дагы чыгармалар жыйнагы ("Биринчи мугалим", "Ботогөз булак", "Ак кеме") өзбек окурмандарынын колуна тийген. 2014-жылы "Қулаётган тоғлар", "Қиёмат", "Соҳил ёқалаб чопаётган олапар", "Эрта қайтган турналар", 2015-жылы "Жамила", "Юзма-юз", "Оқ кема", 2016-жылы "Асрни қаритган кун", "Танланган асарлар" деген китептери жарык көрдү. 1915-жылы алты томдук "Тўла асарлар тўплами" басылды. 2017-жылы "Шарқ" басма акционердик компаниясы "Танланган асарлар" китебин Өзбекстандын президентинин баш сөзү менен чыгарды.

Жазуучу өзбек театрларында. Өзбек театрлары да Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди 60 жылдан бери өз репертуарларынан түшүрбөй келе жатат. Өзбекстандын Хамза атындагы театры "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасын узак жылдар коюп келип, улам-улам жаңылап жатат. Ушул эле спектаклди Бухара, Анжиян, Сурхандарыя, Нукус театрында, Мукимий атындагы театрда коюшкан. "Ак кеме" повести боюнча оюн Ахунбабаев атындагы театрда, Сурхандарыя облустук театрында көрүүчүлөргө тартууланган. Самарканд, Фергана облустук театрлары "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттү" элге чыгарган. Самарканд опера жана балет театры "Кылым карытар бир күндү" даярдап, коюп келген. 

Портрет Чингиза Айтматова в посольстве Кыргызской Республики в Республике Узбекистан, находящегося в городе Ташкент.
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Работа Посольства КР в Ташкенте

Ислам Каримов жана Чыңгыз Айтматов. Борбор Азиянын эки лидеринин — Чыңгыз Айтматов менен Ислам Каримовдун кездешүүлөрү, сукбатташуулары бир нече жолу болгон. Алгачкы жолу 1990-жылы Ош окуясы башталганда жазуучу Москвадан атайын самолёт менен өтө шашылыш келип, Ташкент учак жайынан эле мамлекет башчы менен жолугушкан. Бул жолугушуу кырдаалдын курчтугуна байланыштуу шашылыш жана чукул болуп, ошого карабай экөөнүн ою, пикири бир жерден чыккан. Ошондо жазуучу Каримовго карата мамлекет башчысына тиешелүү болгон акыл-идирегин, даанышмандыгын көрсөттү деп баа берген. Экинчи жолу Айтматов ПЕН-клубунун кезектеги жыйынынан кайтып, Казакстандын Кустанай шаарынан Ташкент аркылуу өтүп бара жатканда Франкфурт шаарына учаар алдында жолуккан. Экөө кечке жуук кезиккен. Айтматовду чакыртпай президент Каримов өзү ага келген. Борбор Азиянын маданиятынын учурдагы абалы тууралуу көпкө сукбатташкан. Жазуучу кийин мен Каримовду чарбаны жакшы билген жетекчи экен деп жүрсөм, ал киши өз элинин тарыхын терең биле турган, маданият жана көркөм өнөрдүн түрдүү салаалары боюнча ар тараптуу түшүнүктөргө ээ мамлекет жетекчиси экен деп айткан. Экөөнүн ушул жолугушуусунун акыбети менен штаб-квартирасы Ташкент шаарында жайгашкан Борбор Азия элдеринин маданияттарынын Ассамблеясы негизделген. Айтматов Өзбекстандын президенти Каримовдун Жизак облусуна иш сапарына барганда жол боюнда өзүнүн сүрөтүн илдирип койгон жетекчилерди кызматтан алдырганын угуп, ичинен ыраазы болгонун айткан жайы бар. Каримов улуу жазуучуга 1995-жылы Өзбекстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 6 жылдыгына карата "Дўстлик" орденин тапшырган, 1998-жылы "Буюк хизматлари учун" ордени менен сыйлаган.

Шавкат Мирзиёев жана Чыңгыз Айтматов. Шавкат Мирзиёев Жизак облусун башкарып турган кезде Борбор Азия элдеринин маданияттарынын Ассамблеясынын президентинен – Брюсселде жашаган Чыңгыз Айтматовдон ыраазычылык кат алат. Аны улуу жазуучу акимге жаш акындардын семинарын мыкты өткөргөндүгү үчүн жиберген. 2008-жылы 12-14-июнда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде Айтматовдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу зыйнаты уюштурулганда, өлкөнүн премьер-министри катары барган Мирзиёев аза китепчесине мындай жазуу калтырган: "Улуу жазуучу, ойчул жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун каза болгондугу тууралуу кабарды Өзбекстанда өтө кайгы-капа менен кабыл алдык. Мына ушундай азалуу убактарда Өзбекстан жетекчилигинин, өкмөтүнүн жана калкынын атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, тууган-уруктарына, ошондой эле бүтүндөй кыргыз калкына чын дилден аза кайгысын билдиремин жана сабыр тилеймин". 2018-жылдын 2-апрелинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын кеңири белгилөө тууралуу" Жарлыкка кол койгон. 

В столице Узбекистана установили барельеф Чингиза Айтматова на одноименной улице
© Фото / пресс-служба хокимията Ташкента
Установка барельефа Чингиза Айтматова в Ташкенте

Өзбекстанда кеңири белгиленген 90 жылдык. Президенттин Жарлыгына ылайык, 2018-жылы Айтматовго арналган илимий, маданий иштер, телерадио көрсөтүүлөрү жана берүүлөрү жыл бою даярдалып турду. Жогорку окуу жайларында, колледж жана лицейлерде, жалпы билим берүүчү мектептерде, аскер бөлүктөрүндө, эмгек жамааттарында, махалаларда жазуучулар, маданий ишмерлер менен жазуучунун 90 жылдыгына арналган жолугушуулар өттү. Жазуучу тууралуу "Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан" деген ат менен эскерүү китеби жазылып, даректүү фильм тартылды. Ошол чечимдин негизинде Ташкент шаарындагы мурдагы Бадамзар көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди. Өзбек жана кыргыз киночулары (Кыргызстандын "Дан" продюсердук борбору менен "Узбеккино" улуттук агенттиги) биригип, Наманганда (Өзбекстан) жана Балыкчыда (Кыргызстан) жазуучунун чыгармасынын негизинде "Делбирим" деген фильм тартты. Башкы ролдорду өзбек (Адис Ражапов, Улукбек Кадыров) жана кыргыз (Мадина Талипбек, Элина Абай кызы) актёрлору аткарды. 

2018-жылы 19-августта Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 мектепте "Чингиз Айтматов узбек халки учун азиз ва кадирли сиймо" ("Ч.Айтматов өзбек эли үчүн азиз жана кадырлуу инсан") деген темадагы 90 жылдыкка карата чыгармачылык кече өтүп, анда аталган мектепке Айтматовдун наамы ыйгарылып, декабрь айында мектеп короосуна бюсту коюлду. 2018-жылдын июнь айында Ташкенттеги Мукими атындагы мамлекеттик музыкалык театрында "Кызыл жоолук жалжалым" спектакли көрсөтүлдү. Ушул эле жылдын 7-8-августунда Ташкентте "Актуальные вопросы изучения узбекской классической и современной литературы и ее международная популяризация" деген темада эл аралык конференция өтүп, анда кыргызстандык академик Абдылдажан Акматалиев "Чыңгыз Айтматов жана өзбек адабияты" деген темада баяндама жасады. Президенттин сунушу менен Өзбекстандын Улуттук университетинде дайым иштей турган Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган экспозиция уюштурулду. Навои атындагы Улуттук китепканада, Низами атындагы Ташкент педагогика университетинде, Анжиянда жана Бухарада жазуучуга арналган иш-чаралар болуп өттү. Аталган мааракелердин алкагында 2-май күнү Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу институтунун маданият сарайында "Чыңгыз Айтматов – дүйнө адабиятынын улуу өкүлү" деген темада тегерек стол болуп өттү. Аны аталган окуу жайынын ректору, профессор Абдурахим Маннонов кириш сөз менен ачты. Жыйында окулган баяндамалардын негизинде ушундай эле аталыш менен жыйнак басылып чыкты.

Тема боюнча

Айтматов жана Ош шаары. Кызыктуу 10 факты
Ааламга Айтматовду берген жана Айтматов дүйнөгө даңктаган Шекер тууралуу 16 факты
Кыдырга жолугуп, президенттиктен баш тарткан. Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факты
Белгилер:
факты, улуу жазуучу, чыгарма, адабият, Шавкат Мирзиеев, Ислам Каримов, Чыңгыз Айтматов, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ