БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кечээ, 28-март күнү, борбор калаадагы банкет залдарынын биринде "Бишкек сулуусу-2018" улуттук сынагынын финалы өтүп, эң сулуу кыз танталды.
Иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, ажарлуу бийкеч наамы үчүн 20 селки ат салышкан. Катышуучулардын курагы 15тен 28 жашка чейин болду.
![Кечээ, 28-март күнү, борбор калаадагы банкет залдарынын биринде Бишкек сулуусу-2018 улуттук сынагынын финалы өтүп, эң сулуу кыз танталды. Кечээ, 28-март күнү, борбор калаадагы банкет залдарынын биринде Бишкек сулуусу-2018 улуттук сынагынын финалы өтүп, эң сулуу кыз танталды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103839/85/1038398544_0:0:3935:2474_600x0_80_0_0_85d37fc89912825c4bbb251e9e2340c8.jpg)
![Иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, ажарлуу бийкеч наамы үчүн 20 селки ат салышкан. Иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, ажарлуу бийкеч наамы үчүн 20 селки ат салышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103839/85/1038398563_0:0:4799:3016_600x0_80_0_0_0e1387701744073292ff7f0bc07249f3.jpg)
![Катышуучулардын курагы 15тен 28 жашка чейин болду. Катышуучулардын курагы 15тен 28 жашка чейин болду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103839/85/1038398556_0:187:4799:3205_600x0_80_0_0_329b807e6183adf470751d0d987e83d9.jpg)
Жеңүүчү болуп Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин 3-курсунда окуган Сезим Асранкул кызы аталды. Биринчи вице-мисс Алина Болотбекова, экинчи вице-мисс Тамара Кацак болсо, андан кийинки орунду Руслана Каримулина алды. Алардан тышкары "эң сулуу бишкектик кыз" наамына Асылкан Шералиева татыды.
Сезим Асранкул кызы былтыркы сынакта атайын сыйлыкка ээ болгон.
Шаардын сулууларын тандоо сынагы 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет. Өткөн жылдагы конкурсту 17 жаштагы Айзирек Мыктыбекова жеңип алып, бирок турмушка чыгып жатканына байланыштуу наамдан баш тарткан.
Сынактын финалына катышкан ай чырайлуу сулууларга биздин сүрөт түрмөктөн суктанып койсоңуз болот.