19:34 21 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Маданият

Алиман Жангорозова менен Сүймөнкул Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (41)
37310
Алиман Жангорозова менен Сүймөнкул Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү
© Sputnik / РИА Новости

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова менен СССРдин эл артисти Сүймөнкүл Чокморовдун бул ирмеми 1975-жылы июль айында Фрунзе шаарында тартылган.

Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Кызыл алма" тасмасын тартып, Чокморов башкы каарман Темирдин, белгилүү актриса Жангорозова айылдан келген байбиченин ролун аткарган. Сүрөттө таланттуу сүрөтчү эненин образын кагазга түшүрүп жаткан ирмеми чагылдырылган.

Ошол кезеңди КР эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет.

"Мен "Кызыл алмада" жаңы үйлөнүп жаткан жаш жигиттин образын жаратып тартылып калгам. Ал эми бул эпизод Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасында камерага түшүрүлгөн. Менимче, Чокморов мыкты сүрөт тарткандыгы үчүн ага башкы роль берилген болуш керек. Ал эми Алиман эже актердук курамдын эң улуусу болчу", — деп эскерет белгилүү актер.

Андан сырткары, аталган тасманы жаратууга Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажибекова жана Арсен Умуралиевдер катышкан.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (41)

Тема боюнча

Ат минип алып тоого чыгып сүрөт тарткан Сүймөнкул Чокморов. Таберик сүрөт
Кыргыздар жана Түркстан эли британиялык саякатчынын сүрөтүндө. 1880-жылдагы кадрлар
Белгилер:
Сүрөт, кино, Алиман Жангорозова, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ