БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жаңы логотипти көрсөттү.
© Фото / Секретариат Всемирных игр кочевниковЛоготип III Всемирных игр кочевников
Логотип III Всемирных игр кочевников
© Фото / Секретариат Всемирных игр кочевников
Декабрдын орто ченинде премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) даярдыкты баштоону тапшырган. Үчүнчү ирет болчу оюндар 2018-жылдын сентябрь айына белгиленди.
"Көчмөндөр оюндарынын күн түрүндөгү жаңыланган логотиби ДКОнун концепциясын чагылдырып, дүйнөдөгү көчмөн элдердин жашоо философиясын көрсөтүп турат", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары эки жылда бир өтүп туруучу спорттук-маданий иш-чара. Биринчи 2014-жылы өтсө, экинчи оюндар 2016-жылы болгон. Оюндар салтка ылайык, Ысык-Көл облусунда өтүп келет.