Көчмөндөр оюндарынын жаңыланган логотиби көрсөтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКультурные мероприятия в рамках ВИК на джайлоо Кырчын
Культурные мероприятия в рамках ВИК на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөрүлөт

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жаңы логотипти көрсөттү.

© Фото / Секретариат Всемирных игр кочевниковЛоготип III Всемирных игр кочевников
Логотип III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Логотип III Всемирных игр кочевников

Декабрдын орто ченинде премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) даярдыкты баштоону тапшырган. Үчүнчү ирет болчу оюндар 2018-жылдын сентябрь айына белгиленди.

"Көчмөндөр оюндарынын күн түрүндөгү жаңыланган логотиби ДКОнун концепциясын чагылдырып, дүйнөдөгү көчмөн элдердин жашоо философиясын көрсөтүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары эки жылда бир өтүп туруучу спорттук-маданий иш-чара. Биринчи 2014-жылы өтсө, экинчи оюндар 2016-жылы болгон. Оюндар салтка ылайык, Ысык-Көл облусунда өтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0