Албетте, мунун баары Борбор Азияда биринчи жолу тартылып жаткан балдарга арналган фантастикалык кинонун сценарийи. Тасманын режиссеру Сүйүн Откеев балдар үчүн фантастикалык тасма Орто Азияда буга чейин тартылбаганын, алар ошол дыңды жиреп киргенин айтты. Кинонун өзгөчөлүгү, катылган сырдуу билдирүүлөр боюнча Откеев менен продюсер Курманбек Жолдошев суроолорго жооп берди.
— Кыргызстанда, деги эле Орто Азияда биринчилерден болуп балдар үчүн фантастика тартуу чочулаткан жокпу? Идея кайдан келди?
Сүйүн Откеев: — Жеке менин фантастика тартуу оюм жок болчу. Бирок жаш балдарга арналган кино тартабыз деп пландап жүргөм. Бир жолу Курман досум "эмне үчүн бизде балдарга арналган фантастика кино тартылбайт. Бул жаатта иштеп көрбөйлүбү" деп сунуштап идея ошондон пайда болду.
Курманбек Жолдошев: — Мен көптөн бери балдар менен иштеп келгендиктен бул тармактын потенциалы көп экенин жакшы билчүмүн. (Курман Жолдошев YouTube сайтына балдарга арналган мультфильмдерди тартып жарыялап келет. — автор). Аны өз жон терибиз менен сезип, текшергенбиз. Сүйүн байке менен чогуу бир мектепте окудук. Иш билги заманбап жаш режиссер болгондуктан ушинтип коалиция түздүк (күлүп).
— Эмне үчүн "Жетикс"? Кыргыз эл жомокторунун каармандарына байланыштырса болот беле? "Жетикс" дегенде "Люди Икс" дегендей таасир калтырат экен деп социалдык тармактын колдонуучулары да өз пикирлерин айтып жатышат.
Биз издештирип карап көрсөк 2010-жылга чейин Jetix деген атайын балдардын каналы болгон экен. Азыр ал жок.
— Балдардын табитин таап, алар менен иштөө чынында оор. Себеби алар оюнкараак болот эмеспи. Башкы каармандарды тандоо кандай жүрдү, эмнеге көңүл бурдуңуздар?
Жолдошев: — Кино тартаардын алдында балдар менен иштешип жүргөн адистер, мугалимдер менен сүйлөштүк. Бир канча мектепке барып "биз кино тартканы жатабыз, силерге кандай каармандар жагат?" деп балдар менен баарлашып, сурамжылоо да жүргүзгөнбүз. Ошондой эле "силерде кандай өзгөчөлүк болушун каалайт элеңер?" деп да сурадык. Көпчүлүгү "мени ата-энем жумуш жаса, уктап жатсам тур дей берет. Андыктан бардык ишти бат эле жасап салган өзгөчүлүгүм болсо" деп айтышты. Балдардын дүйнөсү башка. Чоңдор аны көп учурда этибар албай калабыз. Балдардын сунуштары менен айрым каармандардын "Шамал", "Дөңгөч" деген аттарын таап алдык.
— Жаш каармандардын арасында атактуу болуп калгандары барбы?
Откеев: — Бизде элге таанымал жаш актерлор жок деле. Каармандарыбыз биринчи жолу кино дүйнөсүнө кадам таштап жатат. Кастинг учурунда алардан дароо эле видеолорду алдык. Мени кызыктырган жагы тандоого жалпысынан 500дөй видео келсе, ошонун 400ү жалаң орусча сүйлөгөн балдар-кыздардыкы болуп чыкты. Буюрса ушул тасмабыз элге алынып, балдарга жакса кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошо турган тасма кылса болчудай экен деп ойлонуп калдык. "Жетикс" тасмасынын кийинки бөлүмдөрүн жалаң кыргызча тарталы деген тилек бар. Жаш балдарга эффективдүү таасир берүүнүн бир жолу — бул мультфильм жана кино. Себеби алар жакшы көргөн каарманы кайсы тилде сүйлөп, кантип, эмне тамак жегенине чейин кайталап, туурагысы келет.
— "Жетикс" тасмасынын негизги ою кайсы, башка фантастикалык тасмалардан эмнеси менен айырмаланат?
Жолдошев: — Азыр бизде деле технологиянын жашоого чырмалыша кириши менен бир үйдөгү ата бала маңдай-тескей отуруп сүйлөшпөй калбадыбы. Бул көрүнүш ошол сүйүү сезиминин уурдалып жатканынан кабар берет. Жалгыздык деген көйгөй көбөйүп жатат. Андыктан кино бир гана балдар үчүн эмес, чоңдор үчүн да пайдалуу, аларга бере турчу сырдуу билдирүүлөр камтылган.
— Орто Азияда дыңы бузула элек фантастика тармагын тандап алгандан кийин анын майын чыгара жасайбыз деп жатсаңар керек. Атайын эффектилерди жасоо жагы кандай болууда?
Откеев: — Биз үчүн деле кыйын болду, биринчи жолу тартып жаткандыктан сыноо дагы болуп жатат. Анимацияны жасап жаткан балдар үчүн деле жаңылык болууда. Өзүбүздү сынап жатабыз, айтор. Батыштын же Американын миллион долларлык долбоорлору менен теңтайлаша албайбыз. Ошол эле учурда Кыргызстан үчүн жаңы нерсе, жаман болбойт деп ишенем.
Жолдошев: — Биздин балдар эффектилер менен иштеп тажрыйба топтоп калышкан. Голландиядан кыймылдарды компьютерге киргизүү үчүн атайын жилеттерди алдырттык. Кишинин ар кандай кыймылын компьютерге киргизе алабыз. Кинодо дагы ушул жаңы технологияны колдондук.
— Машина коюп кетейин деген кызды куткарып калган баланын видеосу социалдык тармакта аябай талкууланды. Коңшу жана чет элдик интернет колдонуучулар "видео бизде тартылган" деп да жиберишти. Бирок аны сиздер тартканыңыздарды азыр деле көбү биле бербегендей…
P.S. "Жетикс" фантастикалык тасмасынын биринчи бөлүгүндө башкы беш каармандын окуясы баяндалат. Алар: "Шамал" — саатына 400 чакырымга чейин чуркайт, "Дөңгөч" — 500 килограммды жөн эле көтөргөн 15 жаштагы бала, "Карлыгаш" — хакер кыз, "Аймончок" — мергенчи кыз, курбулары "Аймерген" дешет. "Кайрат" — ою менен заттарды жылдырат, достору "600" деп аташат.