Оператор менен актер тарткан тасма эмнеси менен дүйнө элин таң калтырып, кыргыз кино чөйрөсүндө кандай пикирлерди жаратты. Суроолорго жооп алуу үчүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тасманын режиссерлорунун бири Бакыт Мукулду конокко чакырып, маектешти.
— Тасмаңыздар жалпысынан эл аралык канча фестивалга катышты?
— Так деле санын билбей калдык. Баш-аягы болжол менен 30дан ашык эл аралык фестивалга катыштык окшойт. Анын ичинен эл аралык 20 сыйлык алдык. Эң башкысы — тасма кайсы жерде көрсөтүлбөсүн, өңү, улуту башка болсо да ошол өлкөнүн эли фильмди жактырып, "бизге да ылайыктуу тасма экен" деп берилүү менен көрүп жатты. Өз өлкөсүндө көрсөтөбүз деп алып калган учурлар болду.
— Азыр эл аралык фестивалдар көп, бирок жөнөкөй адамдар алардын айырмасын деле түшүнө бербейт эмеспи. Сиздер катышкан эл аралык фестивалдардын деңгээли боюнча да маалымат берип койсоңуз?
— Биз катышкан эл аралык фестивалдардын ичинен Монреалдагы фестиваль — "А" класстагы фестиваль. Анда биз баш байге "Алтын зенитти" утуп алдык. Мындай сыйлыкты Кыргызстанда алгач биз алдык, андан соң жакында эле режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Таллин шаарында өткөн эл аралык фестивалда баш байгени жеңди. Мындай тасмалар менен кыргыз кинематографиясы мактанса болот. "Жок, бул актер менен оператор тарткан тасма" деп бут тоскондор, теңсинбегендер да болду. Башка өлкөлөр биздин фильмди берилүү менен көрүп, жакшы кабыл алып мактап жатса, биздин кино чөйрөдөгү айрымдар дагы эле анын мыкты экенин моюндарына алгылары келбей жатат. Мисалы "А" класс бул спорттук тил менен айтканда олимпиада сыяктуу, мен тамаша иретинде "Кыргызстанда эки эле алтын бар, бирин штанга көтөрүп Каныбек Осмоналиев алса, экинчисин "Ата керээзи" жеңген" деп күлүп калам. Жакында эле Австралияга Тынч океан киноакадемиясынын "Мыкты сценарий" номинациясы менен "Азия оскары" кино сыйлык тапшыруу аземине барып келдик. Ал жактан Дастан экөөбүзгө Тынч океан киноакадемиясынын академиги деген наам ыйгарылды. Ошентип Кыргызстанда ала элек наамды чет жактан алып койдук.
— Эми тасманын мазмунуна токтолсок. "Ата керээзи" фильминин айтайын деген негизги ою эмне? Дүйнө элин эмнеси менен таң калтырып жатат?
— Сценарийин ким жазды эле? Тасма болгон окуянын негизинде тартылды беле?
— Жакшы чыгарма оңой жаралбайт экен. Бул тасманын сценарийин дагы Дастан Жапар уулуу экөөбүз жазганбыз. Сценарий жаздык, идеясын алгач мага Дастан айтып келген. Бул болгон окуя эмес, баарын жаңы драматургия, жаңы көз караштын негизинде жараттык. Сценарийди жазып бүткөн соң тартканга акча таппай бир аз кыйналдык. Ошентип аны тең акчасын мамлекет төлөп берип, жарымын өзүбүз тууган-туушкандардан чогулттук.
— Сизди актер, Дастанды оператор деп "тоготпогондор" болгон жокпу? Эмне үчүн актердон режиссерлукка өтүүнү чечтиңиз?
— Мен академиялык драма театрынын алдындагы эки жылдык студияда билим алып, Советбек Жумадылов, Галина Ибраева, Бообек Ибраев деген белгилүү адамдардан сабак алгам. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, бирок азыркыга чейин бүтө албай жүрөм. Чоң окуу жайды бүтүп деле ролик тартып жүргөндөр бар. Чыгармачылыкка бир гана диплом эмес, жан дүйнө, көз караш да керек. Азыр жада калса, заманбап драматургияны билбей жүргөн чоң режиссерлор бар. Анан туруп алып, асманды сүйлөшөт. "Көрө албастык" деген бизде жаман сапат бар да. Чогулуп алып, кеңешип мыктыны мыкты деп эл аралык фестивалга жөнөткөндү билбейбиз. Мисалы, эл аралык фестивалдарда Ирандын тасмалары көп катышат, калыстар тобунда алардын мүчөсү болсо да бири-бирин колдошот. Бизде кокус фестивалда калыстар тобунда бир эле кыргыз болсо ал жерден кыргыз тасмалары байге албай калат.
— Тасмага кыргыз кино тармагындагы улуу муундун өкүлдөрү кандай сын-пикирлерин айтышты?
— Кыргызстандын киноакадемиги Талип Ибраев деген агабыз бар эле, көзү өтүп кетти. Дайыма мага тийишип сүйлөчү эле, анан сценарий даяр болгондо ошол кишиге бир көрсөтүп көрдүк. Аны окуган соң киностудияда иштегендерге бүт көрсөтүп "мына, сценарий деген ушундай болот, ушунча жашка келип мен мындай сценарий жаза алган эмесмин" деп мактаганы эсимде. Тасманы тартаарда "Актан Арым Кубат же Темир Бирназаров режиссер болсун, бергиле, силер сонун сценарийди бузуп аласыңар" деп калды. Биз ага макул болгон жокпуз, өзүбүз тарттык, монтаж толук бүтө электе агай ооруканада болчу, алып келип көрсөтсөк, көзүнөн жаш тегерегенип "эч жерин кыскартпагыла, жаңы көз караш, стиль бар экен" деп ыраазы болду. Чет элдик кино чөйрөсүнүн өкүлдөрү да жакшы ой-пикирлерин калтырып, гезит-журналдарга макала жазышты. Америкалык бир киносынчы биздин тасмадагы каарманды мактап "бул баланын атасы жакшы адам болуптур, баласына туура тарбия бериптир" деген рецензия жазыптыр. Айтор, жакшы пикирлерди эле угуп келе жатабыз.
— Тасма өзүн актадыбы?
— Ооба, актады.
— Дагы фильм тартайын деген оюңуз барбы же актерлук өнөрүңүздү эле улап кетесизби?
— Дагы бир драма тартсак деген ой бар. Актерлук кесипти деле уланта берем. Болгону өзүмдүн эле кесиптештерим "көрдүңбү, бул кокустан эле режиссер болуп калган" дедирбеш үчүн бекемдеп дагы бир тасма жаратсакпы деп турабыз. Негизи чыгармачылык бир беткей эмес, кенен болуш керек.