00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:55
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где в Бишкеке спасают животных и почему центру «Зоо Бишкек» нужна поддержка
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
17:04
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт — U20 командасы чемпиондук үчүн ат салышат
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Ранняя помощь и поддержка семей: разговор об аутизме с психиатром из России
20:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Улуттук банк "Тушоо кесүү" күмүш коллекциялык монетасын сатыкка чыгарды"Аймактардан баш тартышы керек". Германияда Зеленскийге чакырык ташталдыАйдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү стандарты коомдук талкууга коюлдуАлдыда кененирээк“Айдоочуларды даярдоо боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйруктун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына https://koomtalkuu.gov.kg жайгаштырылды. Буйруктун долбоору “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы “Министрлер кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун аткарууга багытталат.
Кыргызстандын Улуттук банкы "Кыргыз каада-салттары жана ырым-жырымдары" сериясындагы "Тушоо кесүү" күмүш коллекциялык монетасы чыгарылганын жарыялады.Ага бутундагы ала жип кесилгенден кийин алгачкы кадамдарды жасап жаткан баланын сүрөтү чегилген. Наристенин сол тарабында ата-энеси, оң жагында боз үй менен тушоо кесүүдө чуркаган балдар көрсөтүлгөн. Тыйындын арткы бетине ийрилген жип менен курчалган Кыргызстандын герби түшүрүлгөн. Анын жогорку бөлүгүнөн канат жайып алдыга умтулган калпакчан баланын образын көрүүгө болот. Монетаны тегерете "Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары" деген жазуу түшүрүлгөн. Ал эми төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2025) көрсөтүлгөн. Салмагы 28,3 граммды түзгөн тыйындын баасы — 6 940 сом.
Сокулукта 47 жаштагы К.Е. аттуу аял күйөөсүнүн ур-токмогунан кийин каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Сокулук РИИБге Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял каза болгондугу тууралуу маалымат түшүп, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган. Сырттан кароо учурунда маркумдун денесинен көптөгөн көгала тактар жана кан уюган издер табылган. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, К.Е.нин өлүмүнө баш мээнин жабык жаракаты, мээнин жаракат алышы жана чачтардын арасында соккудан пайда болгон жаракаттар себеп болгон. Бул кылмышка шектүү катары күйөөсү Е.Н. кармалган. Алардын окуя алдында бирге спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.
Владимир Зеленскийдин аймактаран баш тартууга макул болушу сүйлөшүүгө негиз болуп берет, башка аргасы жок. Бул тууралуу жергиликтүү басылма жазганын РИА Новости кабарлады. "Бардык тарабы туңгуюк, сүйлөшүүгө азыр отурушу керек", — деп жазган автор. Макалада Зеленскийдин сүйлөшүүдөгү позициясы коррупциялык жаңжалдан жана улам бир конуштан ажырап жаткан фронттогу абалдан улам кыйла начарлап кеткени айтылат. Буга аскер адамдарынын кайрат-деми азайып, согуш талаасынан качкандардын көбөйүшү кошулган. Автор эгер Зеленский сүйлөшүүдөн баш тартса, жалгыз Европанын гана жардамына үмүт арта аларын белгилеген. Бул жаңжалдын уланышын шарттап, Киевди ого бетер алсыратып, сүйлөшүү позициясын начарлатары айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0