Манасчы Дөөлөт Сыдыков Алматыдагы өнөрпоздор фестивалына катышып келди

© Sputnik / Табылды КадырбековСемисуточный рассказ эпоса Манас
Семисуточный рассказ эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган фестиваль алты айда бир жолу өткөрүлүп келет

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Улы Дала Ели" аттуу эл аралык фестивалга катышып келди. Бул маалыматты манасчы өзү тастыктады.

Анын айтымында, иш-чара 24-ноябрда өткөн.

"Фестиваль алты ай сайын шаардын акиминин колдоосу менен өткөрүлүп келет. Максаты — дастанчылык, айтымчылык өнөрдү даңазалоо, жайылтуу. Өзбекстан, Кыргызстан, кара калпак элинин улуттук өнөрдү аркалаган таланттары келди", — деди Сыдыков.

Ал фестивалдын уюштуруучулары "Манас" жалпы түрк элине таандык улуу дөөлөт экенин айтып, атайын манасчы чакырышканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0