"Асман" долбоорунун катышуучусу Расул: араба түртүп, лимонад сатчумун

© SputnikКТРК телеканалындагы "Асман" вокалдык теледолбоорун катышуучусу Расул Исаков
КТРК телеканалындагы Асман вокалдык теледолбоорун катышуучусу Расул Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматы шаарында таксист болуп иштеген кыргызстандык Расул Исаков өзүн чыгармачыл чөйрөдө сынап көрүүнү чечип, учурда КТРК телеканалындагы "Асман" вокалдык теледолбооруна катышууда.

Кичинесинен ырчы болууну самаган, ал тургай убагында өзү жашаган райондо Виктор Цой аталган Расул эмнеге ырчы эмес, таксист болуп калганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

"Асман" теледолбооруна кандайча катышып калдыңыз?

— Алматы шаарында такси айдап иштечүмүн. Кичине кезимден эле ырчы болууну самап, музыкага ашык болуп, ырдап жүргөм. Бирок жашоо биз ойлогондой эмес экен. Атам кичине кезимде каза болуп, апамдын мойнуна көп жүк артылып калды. Ошентип үй-бүлөлүк шартка байланыштуу, музыкалык окуу жайга тапшыра албай, ар кандай жумуштарда иштеп калдым. Ага карабай музыкадан үмүт үзө элек болчумун. Бир күнү интернеттен ырчыларга сынак жарыяланып жатыптыр дегенди угуп, дароо Бишкекке барышым керек деп чыгынып, "Асман" теледолбооруна катышып калдым.

— Алматы шаарында турасызбы?

— Өзүм негизи Сүлүктү шаарынан болом. 1-классымда Бишкекке көчүп келип, шаарда чоңойгом. Алматыда жашаганыма үч жылдай болуп калды.

— Үй-бүлөңүз барбы?

— Бул сыр бойдон калсынчы. Анын тарыхы көп.

© SputnikРасул Исаков: Мен мындай чоң деңгээлдеги сынакка биринчи жолу катышып жатам. Чындыгында бул жакка өлкөнүн эң таланттуу адамдары келишкен. Алардын арасында музыкалык билими бары да, жогу да бар, бирок аябай таланттуу балдар-кыздар чогулуптур
Участник вокального шоу Асман на КТРК Расул Исаков - Sputnik Кыргызстан
Расул Исаков: Мен мындай чоң деңгээлдеги сынакка биринчи жолу катышып жатам. Чындыгында бул жакка өлкөнүн эң таланттуу адамдары келишкен. Алардын арасында музыкалык билими бары да, жогу да бар, бирок аябай таланттуу балдар-кыздар чогулуптур

— "Асманда" атаандаштар күчтүү бекен?

— Мен мындай чоң деңгээлдеги сынакка биринчи жолу катышып жатам. Чындыгында бул жакка өлкөнүн эң таланттуу адамдары келишкен. Алардын арасында музыкалык билими бары да, жогу да бар, бирок аябай таланттуу балдар-кыздар чогулуптур.

— Буга чейин башка сынактарга катышчу белеңиз?

— Буга чейин Кыргызстанда өткөн Х-Фактор долбооруна катышып, финалга жеткем. Ал жактан да көп тажрыйба топтодум. Бирок "Асман" долбоору мен үчүн өзгөчө сынак.

— Демек сиз такси айдаганга чейин эле ырдачу турбайсызбы?

— Такси айдоо эки-үч жылдан бери менин Алматыдагы негизги жумушум болуп калган. Бирок бул долбоордон кийин кайрадан чыгармачылыкка аралашсамбы деп ойлоп жатам. Жогоруда айтып кеткендей, кичине кезимде 1-3-класска чейин Сүлүктү шаарында таенемдин колунда жүргөндө мектептеги сынактарга катышып, жакшы ырдачумун. 3-классты бүткөндө шаарга апамдын жанына келдим. Ошондо үч-төрт жылдай музыкадан алыстап кеттим. Себеби ал кезде үй-бүлөдө кыйын күндөр болуп апам Ош базарда иштеп, биз ага жардам берчү элек. Араба түртүп, лимонад сатып калдым. Бир күнү соода кылып жүрсөм көчөдө гитара чертип ырдап жаткан бала көзгө урунду. Элдин баары аны айланчыктап калыптыр, жанына барсам укмуш ырдап жатыптыр. Дароо эле "мага да гитара ойногонду үйрөтчү" десем, колумду карап туруп "сенден гитарачы чыкпайт" деп койду. Намыстанып барып бир айдын ичинде гитара черткенди үйрөнүп алдым. 7-класста катуу ырдап, өзүм жашаган райондо "Виктор Цой" аталдым. Бир күнү бир тууган байкем "жөн эле ырдап жүрө бербей акча таппайсыңбы" деп бир кафеге ырдаганга киргизип койду. Бирок ал жакта көпкө турган жокмун.

— Эмнеге?

Молодая певица Толгонай Арзыкеева - Sputnik Кыргызстан
Despacito ырын аткарган Толгонай: россиялык продюсерден баш тарттым
— Себеби кафеге адамдар эс алганы келет. Сен чын жүрөгүң менен ырдап жатсаң, ичкен адамдар аны кайдан түшүнмөк эле деп баарын таштап соодагерчиликке өтүп кеттим. Казакстан, Россияда да ар кандай жумушта иштегем. Бирок өзүң жакшы көргөн нерсе менен алектенбесең, жүрөгүңдө бир нерсе жетишпегендей боло берет экен. Алматыда жүргөндө деле айрым тааныштар тойлорго, отуруштарга чакырып калат. Андай учурда өзүмдү бактылуу сезип, ырахат алчумун.

— Ыр дүйнөсүнө кайра келиптирсиз ушуну менен чыгармачылыкты улантып кетейин деп жатасызбы?

— Чынын айтсам уктасам, турсам да оюмдун баары ыр, музыка болуп калды. Бул тармакта калыш үчүн болгон күчүмдү жумшап жатам.

© SputnikРасул Исаков: Чыгармачыл адамдарга айрыкча ырчыларга чыныгы күйөрман керек. Чыныгы күйөрмандарыңдан 10 миң болсо анда сен эң бактылуусун
Участник вокального шоу Асман на КТРК Расул Исаков - Sputnik Кыргызстан
Расул Исаков: Чыгармачыл адамдарга айрыкча ырчыларга чыныгы күйөрман керек. Чыныгы күйөрмандарыңдан 10 миң болсо анда сен эң бактылуусун

— Канчадасыз?

— 28 ге толдум.

— Сиз теледолбоорго катышып жатып, мага жеңиштин деле кереги жок, күйөрман эле топтоп алсам дептирсиз. Күйөрман дегенди сиз кандай түшүнөсүз?

— Чыгармачыл адамдарга айрыкча ырчыларга чыныгы күйөрман керек. Чыныгы күйөрмандарыңдан 10 миң болсо анда сен эң бактылуусун. Мисалы мен Батырхан Шукеновдун күйөрманымын, ар бир ырын билем. Ошол сыяктуу чыныгы күйөрман топтогум келет.

— "Асман" теледолбоору жеке жашооңузда же жан дүйнөңүздө эмнени өзгөртө алды?

Шоумен и телеведущий Нурсултан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Майназаров: Аравияда жоголуп кеткем, мени эч ким деле издебептир
— Чынында бул долбоор жашоого болгон көз карашымды түп тамырынан өзгөрттү. Мисалы, буга чейин мынча акча топтоп тиги жериме үй салсам, машинемдин бул жагын жасатсам деп ойлочумун. Азыр болсо бул ойлорум башка нукка өзгөрүп, бул ырды жаздырайын, клибимди кандай тарттырам деп ойлоно баштадым. Долбоор аркылуу чыгармачылыкка баш-отум менен кирише баштадым.

— Сиз "Асман" долбоорнун экинчи турунан өттүңүзбү?

— Ооба, калыстар тобунун мүчөсү куткарып калды.

— Үчүнчү турдан өтпөй калсаңыз эмне кыласыз?

— Жеңишке жетем деген оюмда деле жок. Анткени долбоордо таланттуу балдар кыздар бар. Кандай жыйынтык чыккан күндө да мен эми чыгармачылыкты таштабайм. Долбоор аркылуу мен ойгондум.

© SputnikРасул Исаков: "Асман" теледолбоору эфирден кетип баштагандан бери Алматыдагы кыргыз диаспорасынан отуруш, иш-чараларга чакыруулар түшүп баштады
Участник вокального шоу Асман на КТРК Расул Исаков - Sputnik Кыргызстан
Расул Исаков: "Асман" теледолбоору эфирден кетип баштагандан бери Алматыдагы кыргыз диаспорасынан отуруш, иш-чараларга чакыруулар түшүп баштады

— Азыр үнү бары-жогу деле тойлордон ырдап "чыгармачылык менен алектенип" каражат таап жатпайбы. Антип иштөө оюңузда жокпу?

— Негизи эптеп-септеген болбойт. Эптеп тойдо ырдап акча чогулткандан көрө, такси айдап эле жүрө бергеним жакшы. Мен эми ырдап акча чогултуш үчүн эмес, жан дүйнөм каалаган нерсени жасаш үчүн чыгармачылыкка келдим.

— Эми такси айдабай калбайсызбы?

— "Асман" теледолбоору эфирден кетип баштагандан бери Алматыдагы кыргыз диаспорасынан отуруш, иш-чараларга чакыруулар түшүп баштады. Ошентип өзүнөн-өзү эле такси айдабай калдым.

Жаңылыктар түрмөгү
0