Дүйнөдөгү эң чоң шырдак Ат-Башыда жасалып, 4000 долларга сатылды

© Фото / Жыргалбек Турсунбек уулу"Чебер колдор" коомдук бирикмесинин уздары жасаган, диаметри 10 метров болгон шырдак
Чебер колдор коомдук бирикмесинин уздары жасаган, диаметри 10 метров болгон шырдак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында диаметри 10 метрди түзгөн тегерек шырдак жасалды. Аны элеттик аялдардан турган "Чебер колдор" коомдук бирикмесинин уздары жасаган.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кол өнөрчүлөрдүн жетекчиси Тоюмбүбү Аманованын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда мындай көлөмдүү шырдакты даярдоого эки ай убакыт кеткен.

© Фото / Светлана БалалаеваАт-Башынын Ача-Кайыңды айылында диаметри 10 метрди түзгөн тегерек шырдак жасалды. Аны элеттик аялдардан турган "Чебер колдор" коомдук бирикмесинин уздары жасаган
Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында диаметри 10 метрди түзгөн тегерек шырдак жасалды - Sputnik Кыргызстан
1/5
Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында диаметри 10 метрди түзгөн тегерек шырдак жасалды. Аны элеттик аялдардан турган "Чебер колдор" коомдук бирикмесинин уздары жасаган
© Фото / Жыргалбек Турсунбек уулуБул дүйнөдө жасалган шырдактардын эң чоңу болуп калышы мүмкүн
Бул дүйнөдө жасалган шырдактардын эң чоңу болуп калышы мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
2/5
Бул дүйнөдө жасалган шырдактардын эң чоңу болуп калышы мүмкүн
© Фото / Светлана БалалаеваЭлеттик кол өнөрчү аялдар "Чебер колдор" коомдук бирикмесин түзүп, 2000-жылдан бери ала кийиз, шырдак жана кийиз буюмдарын жасап келишет
Элеттик кол өнөрчү аялдар Чебер колдор коомдук бирикмесин түзүп, 2000-жылдан бери ала кийиз, шырдак жана кийиз буюмдарын жасап келишет - Sputnik Кыргызстан
3/5
Элеттик кол өнөрчү аялдар "Чебер колдор" коомдук бирикмесин түзүп, 2000-жылдан бери ала кийиз, шырдак жана кийиз буюмдарын жасап келишет
© Фото / Рахат СагынбековАлар кызыккандарга буга дейре диаметри 9 метрге чейинки шырдактарды даярдап беришчү. Мындай көлөмдүүсүн биринчи ирет жасап жатышат
Алар кызыккандарга буга дейре диаметри 9 метрге чейинки шырдактарды даярдап беришчү. Мындай көлөмдүүсүн биринчи ирет жасап жатышат - Sputnik Кыргызстан
4/5
Алар кызыккандарга буга дейре диаметри 9 метрге чейинки шырдактарды даярдап беришчү. Мындай көлөмдүүсүн биринчи ирет жасап жатышат
© Фото / Светлана БалалаеваШырдактын бир чарчы метринин баасы 4000 сом. Мындай шырдактарга кызыгып чет өлкөлүктөр да сатып алышат.
Шырдактын бир чарчы метринин баасы 4000 сом. Мындай шырдактарга кызыгып чет өлкөлүктөр да сатып алышат. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Шырдактын бир чарчы метринин баасы 4000 сом. Мындай шырдактарга кызыгып чет өлкөлүктөр да сатып алышат.
1/5
Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында диаметри 10 метрди түзгөн тегерек шырдак жасалды. Аны элеттик аялдардан турган "Чебер колдор" коомдук бирикмесинин уздары жасаган
2/5
Бул дүйнөдө жасалган шырдактардын эң чоңу болуп калышы мүмкүн
3/5
Элеттик кол өнөрчү аялдар "Чебер колдор" коомдук бирикмесин түзүп, 2000-жылдан бери ала кийиз, шырдак жана кийиз буюмдарын жасап келишет
4/5
Алар кызыккандарга буга дейре диаметри 9 метрге чейинки шырдактарды даярдап беришчү. Мындай көлөмдүүсүн биринчи ирет жасап жатышат
5/5
Шырдактын бир чарчы метринин баасы 4000 сом. Мындай шырдактарга кызыгып чет өлкөлүктөр да сатып алышат.

"Элеттик аялдар өзүбүзчө бирикме түзүп 2000-жалдан бери ала кийиз, шырдак жана кийиз буюмдарын жасап иштеп келе жатабыз. Буга дейре диаметри 9 метрге чейинки шырдактарды жасачубуз. Мындай көлөмдүүсүн биринчи жолу жасадык. Жалпысынан 6 чебер жана жардамчылары менен кошулуп 15 адам эмгектенди", — деди "Чебер колдор" бирикмесинин жетекчиси.

Аманова бул шырдакты жеке ишкер Ысык-Көлдө боз үй формасында курулган конок үйүнүн ичин улуттук стилде жасоо максатында атайын буюртма бергенин билдирди.

Что входит в приданое кыргызской невесты - Sputnik Кыргызстан
Кызга сеп: кашыктан шырдакка чейин
"Кийизди даярдоого убакыт аз болгондуктан сатып алууга туура келди. Шырдакты алты бөлүп шырып акырында кураштырдык. Жасалып бүткөндөн кийин салмагы 300 килограммды түздү. Алты эркек киши араң көтөрүп унаага жүктөштү. Ташууга ыңгайлуу болушу үчүн майда бөлүктөргө бөлүп коёлу десек буюртма берген ишкер бир жерден жылбай турарын айтып бүтүн бойдон калтырууну суранды", — деди Аманова.

Мындай шырдактарга кызыгып чет өлкөлүктөр да сатып алышат экен. "Чебер колдор" коомдук бирикмесинин шырдактарын Кытай, Корея сыяктуу өлкөдөн келген ишкерлер алып кетишкен.

"Шырдактардын бир чарчы метри 4000 сом турат. Чет элдиктерге жана аз санда алгандарга ушундай баа менен сатабыз. Жогорудагы шырдактын көлөмү чоң болгондуктан чарчы метрин 3500 сомдон жасап бердик. Анын көлөмү 75 чарчы метр болуп, баасы 262 500 сомду (болжол менен 3860 доллар) түздү. Эми дагы ошол эле ишкер жакынкы күндөрү диаметри 16 метрдик шырдак жасоого буюртма берем деп жатат", — деди Аманова.

Белгилей кетсек, Нарындын Ат-Башы районунда 28-29 июнда салтка айланып калган кыргыз шырдагынын VII фестивалы өтөт. Иш-чаранын максаты кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү боюнча мурастарын, кийиз жасоо өнөрүн сактап калуу, уздарды колдоо, ошону менен бирге аймактын экономикалык абалын жакшыртуу, туристтерди тартуу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0