"Кыргыз шырдагы" кыргыздын улуттук өнөрүн туристтер менен элге тартуулайт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO В Нарынской области прошел фестиваль "Кыргызский шырдак — V". Мероприятие состоялось в конце июня в Ат-Башинском районе Нарынской области. В нем приняли участие мастера со всех областей страны.
В Нарынской области прошел фестиваль Кыргызский шырдак — V. Мероприятие состоялось в конце июня в Ат-Башинском районе Нарынской области. В нем приняли участие мастера со всех областей страны. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз шырдагы" долбоору 2009-жылдан тарта иштеп келет

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Нарындын Ат-Башысында 28-29 июнда салтка айланып калган кыргыз шырдагынын VII фестивалы өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Уюштуруучулар иш-чаранын максаты кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү боюнча мурастарын, кийиз жасоо өнөрүн сактап калуу, уздарды колдоо экендигин айтты.

"Фестиваль өткөн аянтта кийиз буюмдарын жасоо, улуттук тамак-аш даярдоо боюнча мастер-класстар өтө. Андан сырткары, "Арууке", "Ак-Муз айымдары", "Арашан", "Казыбек айымдары" деп аталган жергиликтүү чыгармачыл топтор концерттик программасын тартуулайт", — деп айтылат маалыматта.

"Кыргыз шырдагы" долбоору 2009-жылдан тарта иштеп келет. Уюштуруучулар бул иш-чара менен аймактын экономикалык абалын жакшыртуу, туристтерди тартуу максатын да көздөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0