18:33 02 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.7872
  • EUR89.0098
  • RUB1.1172
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
85121

44 жаштагы Назым Мендебаиров кечээ Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп дайындалды. Ал атасы КРдин Эмгек сиңирген артисти Кенжегул Мендебаировдун жолун жолдоп актерлукту аркалап келет. Алгач коомчулукка "Кара жолтой" тасмасында башкы ролду жаратып таанылган.

Жаңы дайындалган жетекчи, Маданият жана искусство университетинин "Социалдык маданий ишмердик" кафедрасынын башчысы Мендебаиров менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

Мен мектеп курагында окуп жүргөндө "Кара жолтой" тасмасы бир топ кишинин жүрөгүнүн үшүн алган. Эми ойлоп көрсөм, болгону актер өз ролун ийине жеткире ойноптур.

— Ордунуз кут болсун! Жетекчилик кызматка арыз таштап жатканда жеңип чыгам деген ишеним болду беле?

— Жок. Андай ой болгон эмес. Бирок качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай дейт деген макал оюма түшөт. Мени менен конкурска катышкан агалардын баары татыктуу инсандар болчу, ошондуктан менде утам деген ишеним азыраак эле.

— Жетекчи катары театрга кандай иштерди пландап, салым кошоюн деген оюңуз бар?

— Театрдын иш кагаздары менен таанышып чыккандан кийин кеңири пландайм го деп турам, бирок биринчи кезекте теардын имиджин көтөрүүгө аракеттенем, бул биринчи иш максатым деп ойлойм.

Известный кыргызский актер Назым Мендебаиров во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Назым Мендебаиров: театрда 23 жылдан бери эмгектенип келем. Бир жыл ичинде 2-3 роль жаратканга жетишебиз. Кино тармагына кечирээк келдим десем болот. Биз чыгармачылыкка жаңы аралашкан кезде кинонун деңгээли бүгүнкүдөй эмес болчу

— Азыр сиз экөөбүз кесиптеш болмокпуз. Дегеним, алгач журналистика факультетине тапшырганыңызды окуганым бар. Бирок учурда искусствонун бир топ тармагында эмгектенип келесиз?

— Ата-энем театр актерлору болгондуктан, театр менин экинчи үйүм эле. Башкалар бир спектаклди жети-сегиз жолу көрсө, мен бир гана жолу көрүп, башкача айтканда, театрга болгон кызыгуу анча эмес болчу. Мектепте окуп жүргөндө акыркы класстарда адабий китептер аркылуу чыгармачылыкты сүйө баштадым. Атамдын сунушу менен журналистика факультетине тапшырдым. Бир жолу кыргыз драма театрынын алдынан өтүп баратып Искен Рыскуловду көрүп калып, "мен Кенжегулдун баласымын, театрга тапшырайын дедим эле" десем, "кире бер, мен айтып коем" деди. Ошентип экзаменге 347чи болуп кирдим. Бир жарым айдан кийин үйдөгүлөргө театрга тапшырып алдым деп кабар бердим.

Окууну бүтүп театрда иштеп калдым. 1993-1994-жылдары кино менен театр сормо сазда тыгылып жаткан маал эле. Кыйналып жүрдүк, мен дагы үй-бүлөлүү болуп калгам. Бизге моралдык жактан жардам бергендердин бири Сабира Күмүшалиева апа болсо керек деп ойлойм. "Чоң акчанын жанында эмес, чоң иштердин өтөсүндө жүр" деп көп айтчу. Чыгармачылыктын аркасы менен нечендеген ролдорду жаратып, жер кыдырып, дүйнө кездик.

— Театрда, кинодо да ролдорду жаратып келесиз. Жүрөгүңүзгө кайсынысы жакын?

— Театрда 23 жылдан бери эмгектенип келем. Бир жыл ичинде 2-3 роль жаратканга жетишебиз. Кино тармагына кечирээк келдим десем болот. Биз чыгармачылыкка жаңы аралашкан кезде кинонун деңгээли бүгүнкүдөй эмес болчу. Режиссерлор Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз, Темир Бирназаровдун пайда болушу менен актелорго да жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Коммерциялык кинолор да жандана баштады.

Менин жүрөгүмө искусствонун бардык түрү жакын. Кино менен театр эки көзүмдөй, бирин бөлүп тандай албайм. Дагы бир кастарлаган кесибим — окутуучулук. Ар бир адам аркасында шакирт калтырганга милдеттүү деп эсептейм.

— Сабак берген студенттериңиздин билим деңгээлине, искусствого болгон мамилесине кандай баа бересиз?

— Азыр жаштар арасында бир тенденция жүрүп жатат. Ал — китеп окубагандык. Замандын талабына ылайык маалыматты кыска, так, ток этээр жерин алып көнүп алышкандай. Маселен, студенттерден Чыңгыз Айтматовдун "Жамилиясын" сурасаң, маанилүү, мазмундуу жерлерин гана билишет же окуяны секиртип окуган болот. Маселенин мазмунун эмес, маңызын билүү маанилүү болуш керек эле. Бул биринчи мүчүлүштүк. Биздин жаштар аракетчил, бирок ишке саресеп салбай ийгилигикке бат жеткиси келет.

Бүгүн актерлук кесиптин маани-маңызы эскирип кеткендей. Актер бул үнүн, жүзүн сатып иштеген адам. Ар бир ролдо сени көрөрман тааныбай калса, демек сен жакшы ойногон болосуң. Жаштар бир ролдун көлөкөсүндө жүрө бербей убакыттын өтүшү менен батыраак өзгөргөнгө аракет кылган оң. Бир образ менен бир нече тасмага түшө берсең, эл сенден тажайт.

Известный кыргызский актер Назым Мендебаиров во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Назым Мендебаиров: бүгүн актерлук кесиптин маани-маңызы эскирип кеткендей. Актер бул үнүн, жүзүн сатып иштеген адам. Ар бир ролдо сени көрөрман тааныбай калса, демек сен жакшы ойногон болосуң

— Кинодогу каармандын образы жөнүндө кеп кылып калдык, ушул жерден "Кара жолтой" тасмасындагы ролуңуз тууралуу суроо бергим келип турат. Мен анда мектеп курагындагы кыз элем, бул тасма бир топ эле адамдын эсинде. Азыр ойлосом, "Кара жолтойду" сиз мыкты ийине жеткире ойнобогондо, мынчалык таанылбасаңыз керек эле. Кантип тартылып калгансыз?

— Бул ролго тартылар-тартылбасымды билчү эмесмин. Тасманын режиссеру Мурат Мамбетов "сага жакшы роль бар эле, чачыңды кыскартпай турчу" деп калды. Эмгек өргүүсүндө жүргөн маалда мени издеп калыптыр. Анан мени базарга алып барып капюшону бар эки кара куртка, футболка, шым, туфли алып беришти. Мен болсо кийим алып берип жатышат деп жүрө бердим. Алгач Көлдүн жээгинде Тынай менен Айжан сүйлөшүп отурганда, мен кайыктын астына жашынып карап кетип калам. Мурат байкеге "мен киммин" десем, "ушинтип качып жүрө бересиң, анан киши өлтүрөсүң" деп аягына чейин сценарий менен тааныштырган жок. Мени баш тартып коет деп ойлодубу, айтор, билбейм. Кызыгы, мен фильм тартылып бүткөндөн кийин көргөн эмесмин. Себеби көп учурда жетишпей каласың, же үн коштоп жатканда көрүп алам, анын үстүндө өзүмдүн ойногонум дагы такыр жаккан жок. Мен кинодо сүйлөбөйм, бирок Тынайдын үнү коштоп бергем. "Кара жолтой" тасмасы атымды чыгарды. Белгилүүлүктүн жаман да, жакшы да жагы бар.

— "Кара жолтойду" тартуу ишинде, коркуу сезимдери болгонбу? Маселен, өлүккананын ичинен…

— Коркконго убакыт болгон жок, ооруп да жаткам. Мен муздак цементте жылаңаяк, муздак керебетте жылаңач жаттым. Темирдин үстүнө жатканда дене табым ого бетер көтөрүлгөндө, улам парацетомолдон берип коюшат. Оператор да бети кызарып жатат деп туруп алды. Анан Аскат Сулайманов менен Тынай Алыбаев арак алып келишти. Убагында коркконум билинген жок, кийин тасманы көргөндө башкача болдум…

— Бул ролду жаратканыңыз үчүн өкүнбөйсүзбү?

— Мен мындан да жакшыраак ойносом болмок экен деген ойдо болгом. Ролум өзүмө жеткиликсиз ойногондой сезилди.

— Азыр эми тасмаларга тартылаарда сценарийди тыкыр карап калсаңыз керек?

— Ролдон баштап каражатына чейин такташып алабыз. Кызыктуу бир учурду айта кетейин. Ыраматылык Мукамбет Токтобаев агай кардарлар менен такыр сүйлөшө алчу эмес. Бир күнү мага келип "кечээ бир балдар мени алдап кетти" деп калды. Көрсө, балдар агайды бир күн кечке тартып, кечинде үйүнө жеткирип жатып, "рахмат агай, бул биздин студенттик иш болчу" деп машинесин жаап алып кетип калышыптыр. Мен сизге мындан кийин продюсер болоюн дедим. Көп өтпөй рекламалык роликке сунуш түшкөндө 300 доллар деп жооп берип, агайга да балдар чалса ушул баадан түшпөңүз деп койгом. Алар ошол боюнча чалбаптыр. Анан агай мага чалып "эй бала, кардардын баарын качырдың" деп бир жемелеген. Ошентип агайга агент болбой калдым (күлүп).

— Бир образдан чыкпай калуудан коркпойсузбу?

— Актер бир роль менен адамдардын эсинде калат. Кийинки ролдоруңду ошонун призмасы менен карай беришет. Аскат Сулаймановду көбү милиция кызматкеринин ролунан таанышат. Кийин "Президент жана бомж" тасмасында каарманын андан кем ойногон жок. Мурун Азиз Мурадиллаевди "Чиркин өмүрдөгү" образы боюнча таанышса, кийин Алымбек датканын образы менен сиңип кетти. Биз "Бөрү зынданды" көрүп чоңойгондуктан Мурат Мамбетовду "Кампос" деп билсек, азыркы балдар "Чиркин өмүр" тасмасынан улам "жаздык" деп билишет. Мени сиз курактагылар "Кара жолтой" деп билишсе, кийинки муундагылар "Аят — 3" тасмасындагы зөөкүрдүн ролунан улам таанышат. Айтор, актерго ролдун сиңиши муунга байланыштуу.

— Негизи сиздин амплуаңыз кандай?

— Соңку кезде "Кентавр", "Мунабия", "Кыргыз-казак бир тууган" тасмасына тартылып, үч башка роль ойнодум. Менин амплуам жөнөкөй, кээде зөөкүр, терс каарман адамдардын ролуна туш келет. Режиссер Эрнест Абдыжапаров клерктин ролун берет. Клерк — бүгүнкү замандын каарманы.

Известный кыргызский актер Назым Мендебаиров во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Назым Мендебаиров: көп тасмада роль жараткым келет. Бизде азыр тарыхый тасма тарткан модага айланып кеткендей. Мен дагы тартайын деп, эки сценарийдин үстүнөн иштеп жаткан кезим

— Түшүнүктүү. Эми режиссерлук ишиңиз тууралуу кеп кылсак.

— Актерлук кесипти окуп бүткөндөн кийин беш жыл режиссердун окуусун окудум. Кыргыз драма театрында режиссер болуп иштедим. Алгачкы жолу "Кайып булак" тасмасын Рысбек Жабиров менен биргеликте тартканбыз. Бул тасмада биринчилерден болуп ырчыларды тартып, жаңылык киргизгенбиз. Ырчыларды киного тартасыңар деп сындагандар көп болгон. Кийин сындагандын баары тасмаларына ырчыларды тартып, биз баскан жолго келишти. Рысбек экөөбүз кийин "Достор" фильмин да тарттык. Өз алдымча "Дудук кыз", "Жубайлар", "Кемпир" тасмасын тарткам.

— Тасмада, театрда ролдорду жараткандан сырткары үн коштоо менен да алектенип келесиз. Айрым актерлор келишимдүү келбетке, актердук чеберчиликке ээ болгону менен көп тасмада үнүн алып салышат. Өкүнүчтүү болсо керек?

— Саунд актер деген түшүнүк бар. Бизде мындайлардан он чактыдай барбыз. Шайлоо, иш-чараларга чукул чогуу иштеп, тарифтерди бирдей көтөрөбүз. Компаниялардын жарнамаларын окуйбуз. Бир жагынан чемичке чакканга, бал муздак жегенге, муздак ичкенге болбойт. Жеке практикамда үч жарым саат тынбай иштеп, үн коштой алам. Бир жолу "Манас" университетинин буйрутмасы менен Чыңгыз Айтматовдун беш китебин окудум. Студиянын ичинде өзүм жалгыз, ичи караңгы, жалгыз шам чырак бар. Окуп жатып ушунча көп ыйладым. Көздөн жаш сызылганда дубалга бетимди такап, "кечирип койгула, балдар" деп кайрадан улантып жаттым. Жаш көкүрөктөгү муңдун баарын жууп кетеби, билбейм. Эшикке чыксаң кадимкидей көкүрөгүң тазарып калат экен.

Тасмада да үн коштоо менен алекпиз. "Даңазалуу доор" тасмасында Мехмед пашанын үнүн коштогом. Кээде менин үнүмдү алып башкага окутуп, мен аныкын окуп калган учурлар болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

— Алдыда кандай кинолорго тартылып же тартайын деген оюңуз бар?

— Көп тасмада роль жараткым келет. Бизде азыр тарыхый тасма тарткан модага айланып кеткендей. Мен дагы тартайын деп, эки сценарийдин үстүнөн иштеп жаткан кезим. Кырктан ашканда адам оорлоп калат экен. Жаш кезде күн-түн уктабай, тартуу иштери менен 14-15 саат иштеген күндөр болгон. Азыр өзүмдү моралдык жактан даярдап жүрөм.

Тема боюнча

Назым Мендебаиров Кыргыз улуттук драма театрынын директору болду
Болливуд жылдызы: кыргызстандыктардын жанга жагымдуулугуна баа бердим
Белгилер:
роль, актер, театр, кино, Назым Мендебаиров

ЭҢ МААНИЛҮҮ