Роза Шакирова: тойдун акысын эки жашка кошумча деп таштап кеткен учурлар болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовПевица отечественной эстрады Роза Шакирова
Певица отечественной эстрады Роза Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы Роза Шакирова алгач коомчулукка "Карабачы" атуу дуэт менен аткарылган ыры менен таанылган. Кийин "Таппай жүрөм" деген ыры менен өз угарман-күйөрмандарын таба алды. Баса, менин анча-мынча жигиттерине таарынган курбуларым "Үйлөнүү тойду" угуп калышчу. Бул айым өнөр ээлери Айнура Салахидинова жана Азиза Адиевалар менен да ырдап жүрөт.
Роза Шакирова "Эски дос" чыгармасын аткарууда

Шаңдуу да, кайгылуу да ырларды аткарып, тойдун ажарын "Жар-жар" менен ачкан Роза Шакирова журналист Гүлдана Талантбековага кыргыз тойлорунун жүрүшү, чыгармачылыгы жана депрессияга кабылышынын себеби тууралуу айтып берди.

— Жаратылышка жаздын келиши менен кимдир-бирөөнүн жан дүйнөсүндө төңкөрүш, өзгөрүү, жаңылануу, депрессия деген нерселер орун алат экен. Сиз жазды кандай өткөрүп жатасыз?

— Чыгармачыл адамга күндүн жылуу илеби жакшы шарттарды түзүп берет. Айрымдар көптөн күткөн гастролго жөнөйт, концерт коюшат, чыгармачылыкка белди бекем бууп киришет. Мен кечке үйдө отура албайм. Анда эле оюңа түрдүү ойлор келет, оорубаган жериң ооруйт. Сыртка чыгарым менен көп нерсени унутам. Көчөдөн кыздар болуп жолугуп, тамактанып, ыр жаздыруу тууралуу сүйлөшөбүз.

— Жыл аягына чейин алдыга кандай пландарды койдуңуз? Деги эле план коюп иш кыласызбы же көкүрөктө бышырып жүрө берип ыңгайы келгенде жасап коесузбу?

Звезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Ырыскелди Осмонкулов: Асанкалый агайдын куюлган терин көрүп таң калгам
— Жыл сайын жаздын эки айы мен үчүн гастроль менен өтчү. Май айында болсо бүтүрүү, жолугушуу кечелерине карата чакыруулар жыйылып калчу. Былтыр декабрь айында апам каза болгон. Ошол себептен көп нерселерге катыша албай жатам. Көңүлүм деле келбейт, анын үстүндө эл эмне дейт деп ойлонот экенсиң. Мындай караганда бул менин жумушум да. Бир туугандарым эки-үч күндөн кийин эле ишке чыгышты. А мен ырдап чыксам, эл кантип ырдап жатасың дегендей туура эмес көз карашта болот экен. Азар депрессияга түшкөн маалым…

— Апаңыздын арты кайрылуу болсун. Кайсыл бир убактарда кыялданган нерселерге жеттим деп ойлойсузбу? Маселен, 10-15 жыл мурун эмне тууралуу ойлончу элеңиз?

— 10-15 жыл мурун ырчы Нурбек Дайырбек уулу экөөбүз чогуу ырдачубуз. Бирок бизди эч ким таанычу эмес. Концерттерге барганда бизди кошуп койгулачы деп суранып эле жүрчүбүз. Ошол убакта мени эл таанып, кыргыз-шоу бизнесинен ордумду табам деп ойлогон эмесмин. Улуттук консерваториянын опера бөлүмүн бүтүргөндүктөн, Италияга кетем деп ойлочумун. Ниет кылып чет жерди укмуш көргөнүбүз менен эң керемет жер — туулуп өскөн жериң. Анан турмушка чыктым, жолдошум түшүнүктүү, чыгармачылыгымды колдойт. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЫрчы Роза Шакирова: 10-15 жыл мурун ырчы Нурбек Дайырбек уулу экөөбүз чогуу ырдачубуз. Бирок бизди эч ким таанычу эмес. Концерттерге барганда бизди кошуп койгулачы деп суранып эле жүрчүбүз
Певица отечественной эстрады Роза Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Роза Шакирова: 10-15 жыл мурун ырчы Нурбек Дайырбек уулу экөөбүз чогуу ырдачубуз. Бирок бизди эч ким таанычу эмес. Концерттерге барганда бизди кошуп койгулачы деп суранып эле жүрчүбүз

— Эми чыгармачылыгыңыз тууралуу суроо берейин. Мүнөзүңүз ачык, шайыр болгону менен кайгылуу ырларды майына чыгара ырдайсыз. Мындан улам чыгармачылыгыңыздагы образыңыз менен ички дүйнөңүз дал келишпейби деген суроо туулат?

— Окуу жайда окуп жүргөндө "Үйлөнүү той" деген ырды угуп калып, ырдагам. Өзүмө шаңдуу ырларды ырдасам жарашпагандай сезиле берчү. Учурда кайгылуу ырларды азайттым. Себеби, көбү эмнеге кайгырасың деп сурай берет. Жашоодо ачык, шайыр мүнөзмүн. Жолдошум жашың өтүп баратат, токтоороок болбойсуңбу деп калат.

— Чыгармачылыгыңыздагы кайсыл ыр тагдырыңызга үндөш?

Основатель дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаева - Sputnik Кыргызстан
Дилбар Ашимбаева: Раиса Атамбаева сындуу болгондуктан кийим тандоо оор эмес
— 2005-жылы бир концертте "Таппай жүрөмдү" ырдап, жарк этип эле таанылып калдым. Клип деле тартпай, корей тасмаларынан үзүндү кылып койгом. Бул ырды мен гана эмес, ыраматылык атам менен апам да жакшы көрчү. Абдан татаал ыр болгондуктан, отурган жерден кыйылып атып ырдачумун. Атам каза болгондон кийин ойлонбой туруп бет алдыма атамды ойлоп туруп эле ырдай берчүмүн. Бул ырдын ичинде ата-энеге, өзүңө, жакын адамдарыңа болгон кусалык, сүйүү, сагынуу бар. "Таппай жүрөмдүн" сөзүн жазган адам 25 жашында жол кырсыкка кабылып, бутуна доо кетип баспай калыптыр. Келинчеги менен да эки жолго түшүптүр. Анан ден-соолугу жайында кезин сагынчу экен. Кийин Асылбек Өзүбековдун обонуна салып, мен ырдап калдым. "Таппай жүрөм" менин жашоомо чоң таасир берген ыр.

— Үнүңүздүн бийик жана катуулугун биздин режиссердун кадамынан эле билсе болот. Ал сиз ырдап жатканда эки жолу микрофонду үнүңүздөн алысыраак койду. Бул үн сизге кимден өткөн?

— Атам жөн сүйлөгөндө эле кыйкырып сүйлөп, орусча ырларды көп ырдачу. Эже-сиңдилеримдин үндөрү деле ичке, назик. Кээде катуу сүйлөп, каткырып сүйлөгөнүмөн уялып кетем. Мен ыраматылык атамды тартыптырмын.

Роза Шакирова "Таппай жүрөм" чыгармасын аткарууда

— Башында улуттук консерваториянын опера бөлүмүнө тапшыргам деп калдыңыз. Мындай үн менен операда жүрсөңүз кандай деңгээлге жетмекмин деп ойлойсуз?

— Чыгармачылыкта ордумду тапканга чейин көп кыйынчылыктарды көрдүм. Көп учурда ачка калдык. Мени менен жүргөн кыздар окуганга да, иштегенге да убакыт тапчу. Мен барсам эле мени эч ким жумушка алчу эмес. Кыйналганда "Туңгуч" театры менен кошулуп жарым жылдай гастролго кетип калдым. Келсем окуудан чыгарып коюшуптур, кайгырган деле жокмун. Азыр опера-балет театрында жүргөндө деле айлык акы аз, эч жакка чыга албайсың, түйшүгү көп. Моюнга алам, көп жерден жалкоолукка алдырым ием. Анын үстүндө колдоо көрсөткөн эч ким болгон жок. Үйдөгүлөр да операны озондоп эмне кыласың, комуз менен ырда деп айтышчу. Эстрадага өткөнүмдүн себеби комуз чертип, жандуу ырдап тойлорго кызмат кылып калдым. Анан акча көп чыккан жер тартып кетти.

— Ырларын ырдап, жемишин көрүп келе жаткан Асылбек Өзүбеков агай менен кандайча таанышып калгансыздар?

Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Сатыбеков: жакында ырларымды радиодон алдырам
— 2003-жылы тойго барып калдым. Коноктор менин ырым бүткүчө тышта кирбей туруп калды. Көрсө, Асылбек агай келинчеги Сүйүн менен барган экен. Аябай үнүң жакшы экен деп, кол чаап кирди. Сүйүн эже ушул кызды тобуңа аласың деп калды. Быссымылды дегенде эле Таласка тойго алып барды. Анда аппарат бузулуп калып, кечке комуз менен ырдагам. Ошондо акча дегенди шумдук кыстарышып, төбөм көккө жеткидей эле болду. Ал тойдон Асылбек байке 4000 миң сом акча берди, өзүм тапкан акча он миң сом акча бар болчу. Барып эле кийиндим. Анан Асылбек агай "Таппай жүрөмдү" ырдатып жатканда "Роза, бул ыр сени багат" деп айткан.

— Андан бери көптөгөн тойлорго кызмат кылып жүрөсүз. Акыркы учурда кандай кызыктуу окуяга кабылдыңыз?

— Жакында тойго барып, ыр бүткөндөн кийин баары менин сүрөткө түшүп жаткам. Анан бир кыз келип "эже, дагы тойго барасызбы" дегенинен, дагы бир тойго чакырып жатат деп ойлоп, "угуп жатам" десем, "кофтаңызды тескери кийип алыптырсыз" дейт. Бир чети уялдым, бирок боорум эзилгиче күлдүм.

— Бардыгы убакыттын тардыгынан болсо керек?

— Кийимдерди машиненин ичине эле сала кетип, ошонун ичинен кийинем. Бир күндө 4-5 той болсо бардыгына бир форма кие албайсың. Ал күнү да өзүм айдоочу болчумун. Адатта тойлорго жолдошум алып барат.

— Ырчылар той ээлери менен түрдүү келишпестиктер болот деп айтышат. Маселен, той бүткөндөн кийин жакшы төлөбөй койду же убакытты карап кеч баштады деп?

Ырчы Мирбек Атабеков концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Клипмейкерлер: ырчылар жарды болсо, сапаттуу клипти кантип тартабыз?
— Элге бат аралашам. Сүйлөсөмбү, сүйлөбөсөмбү дегендер бар. Өзгөчө келинчектер. Ага карабай эле "саламатсыздарбы, жакшылык кут болсун, тойлор тойго улансын, биринчи мени менен эсептешип коюңуздар, ырдап бүткөндөн кийин бири-бирибизди издеп жүрбөйлү" деп айтам. Той башталат деп коюп эки-үч саат кечиккендер бар. Эми мындайда түшүнүү менен караш керек.

Күнүнө жок дегенде бир "Жар-жар" айтам. Эмгек акыма чоң бааны деле айтпайм, элдин чөнтөгүнө карайм. Олчойто ставканы коюп салган деле болбойт. Элдер мени жеткиликтүү деп айтышат экен. Биз деле психолог болуп калдык. Телефондон үнүнөн эле кандай адам экенин билебиз. Ар кандай той ээлери болот. Кээ бирлер эмнеге жар-жарга соодалашат дей берем. Анткени башы шаңдуу болсо, аягына чейин ошондой кетет. Кээде намыс үчүн күркүрөтө той берип, ырчыларды чакыргандар болот. Барсаң дасторкону кунарсыз, маанайы жок экенин көргөндө акчасын деле албай кеткен күндөр болгон. Жөнөкөй адамдар болот, барсаң үзүлүп түшүп күтүп алышат. "Бата бериңиздер, ушул ырымдын акысы эки жашка кошумча болсун" деп таштап кетем. Айтор ар кандай той ээлери бар. Мен бардыгына тегиз карайм. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЫрчы Роза Шакирова: кийимдерди машиненин ичине эле сала кетип, ошонун ичинен кийинем. Бир күндө 4-5 той болсо бардыгына бир форма кие албайсың
Певица отечественной эстрады Роза Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Роза Шакирова: кийимдерди машиненин ичине эле сала кетип, ошонун ичинен кийинем. Бир күндө 4-5 той болсо бардыгына бир форма кие албайсың

— Айнура Салахидинова, Азиза Адиева менен биргеликте ырдап жүрөсүздөр. Тойлордо чогуу кызмат кылып, тапканды бөлүштүрүү оорчулук жаратпайбы?

— Үчөөбүздүн чыгармачылыктан сырткары, үй-бүлөлүк да катышыбыз бар. Үчөөбүз чакырган жерлерге арзаныраак барабыз. Бирок төрт-беш тойго бир барабыз, акчабыз да көпкө чейин жетет. Биз барган жер дагы абдан шаңдуу өтөт. Кемчиликтер болуп, үнүң жетпей калса деле билинбей калат.

— Ысырапкорчулукту алдын алып, тойду токтотуш дегендерге кандай көз караштасыз?

— Кыргызда той токтобосун. Той илгертеден бери болуп келген жана боло берет. Коңшу Өзбестандын артисттери той менен жан багат. Себиби тойдун көркүн ыр, бий жана тамада ачат. Тойдун тамак жагын караштырса дейм. Эл койгонду коюш керек деп дасторкондун баарын жайнатып, ысырапкорчулукка жол берүүнүн кажети жок.

— Айрым той ээлери ырчыларды талантына эмес, белгилүүлүгүнө карап чакырат деп айтышат?

— Улуу муундагы адамдар чыгарманы сыйлап, талантка көңүл бурган адамдар. Чет жерден 45-50 миң доллар төлөп ырчы чакыргандар бар. Алар деле келсин, талант жер тандабайт. Бирок кыргыздар өзүбүздү өзүбүз баалап, сыйлашыбыз керек. Болгону ошол акчалар өзүбүзгө түшсө жакшы болмок. Бизде деле башкалардан кыйын, таланттуу өнөр адамдары бар.

— Алдыда кандай пландарыңыз, ой-максаттарыңыз бар?

Журналист Тынчтык Кожобеков - Sputnik Кыргызстан
Тынчтыкбек Кожобеков: акчаң жокпу, кечирип кой, ырчы боло албайсың!
— Жакынкы күндөрү "Кызганыч" деген ырыма жана эки курбум менен аткарган "Классташтар" ырына клип тартабыз. Өзүм Айдаркенден болом. Май айында ошол жакка барып күрөш, шахмат оюнунун уюштурайын деп жатам. Кийинки жылы күзүндө отчеттук концерт берейин деген оюм бар. Азыр элдин баары эле наам алып жатышат. Мен деле 1995-жылдан тарта ырдайм, ырчы болом деп 11 жыл окугам. Албетте, наам алгандар мага стимул берди. Дагы да тер төгө иштеп, өзүмдү көрсөтөйүн деп жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0