Гүлжигит Сатыбеков: жакында ырларымды радиодон алдырам

© Sputnik / Табылды КадырбековОтечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков
Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз шоу-бизнесиндеги аты чыккан ырчылардын бири Гүлжигит Сатыбеков жакынкы күндөрү ырларын радиодон бердирбей тургандыгын билдирди. Ырчы мындай кадамга эмне себептен барууну пландап жатканы туурасында журналист Гүлдана Талантбековага айтып берди.
Гүлжигит Сатыбеков: жакында ырларымды радиодон алдырам

Сатыбеков ошондой эле, мындан аркы чыгармачылык жолу, пландары, үй-бүлөсү тууралуу кеп кылды. 

— Гүлжигит мырза, өткөндө сизди маекке чакырсам социалдык тармактан жардамчыларыңыз гастролдо жүрөт, келгенде кабарлашат дегенден бери бир топ убакыт өтүп кетти. Гастролго кандай барып келдиңиз? 

— Өнөр адамы болгондон кийин биздин жумуш дайыма гастролдор менен коштолот экен. Анын үстүндө чакыруулар абдан көп. Жаңы жылды айылда ата-энем менен тосуп алып Россияга кеткем. Буюрса жакшы барып келдим.

Кечиресиз, социалдык тармактан сизге мен жооп берген эмесмин. Менин эч кандай жардамчыларым жок, бүт баарын өзүм көзөмөлдөйм. Алар — фейктер.

— …Фейктерге кандайдыр бир чараларды колдоносузбу?

— Жашоо бул — бумеранг. Бирөөнү жаман көрүп карап койсоң дагы сөзсүз жообун аласың. Жашоодогу майда-чүйдө көйгөйлөрдүн баары ушундан келип чыгат деп билем. Эми алардын жүрөгүнө ыйман кирип, өзүн сыйлап калганда андай иштерге барбай калат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз шоу-бизнесиндеги аты чыккан ырчылардын бири Гүлжигит Сатыбеков: мен үчүн пиар керек деле эмес. Обончулардын жан дүйнөсү башкача болот. Алар стилге деле карабайт. Бизге жакшы обондор чыгып турса эле болду
Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз шоу-бизнесиндеги аты чыккан ырчылардын бири Гүлжигит Сатыбеков: мен үчүн пиар керек деле эмес. Обончулардын жан дүйнөсү башкача болот. Алар стилге деле карабайт. Бизге жакшы обондор чыгып турса эле болду

— Түшүнүктүү. Жаңы жылда алдыга кандай пландарды койдуңуз?

Тойдогу бийчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдогу хит ырлар: ырчылардын капчыгын калыңдаткан ырлардын тизмеси
— Кудайга шүгүр, талыкпай эмгек кылып жаткан убагыбыз. Жаңы чыгармалар жазылып жатат. Эки-үч күн мурун "Кудайдан суран" аттуу чыгарманы жаздык. Маанисин угармандар өздөрү тыңдап алаар. Анан кыргыздын маданиятын көтөрүү боюнча илгери үмүттөрүм бар. Чакыруулар менен жүрүп, клип тарттырганга убакыт таппай жүрөбүз. 

Негизи клипти ырларым жетсин деп реклама үчүн тартышат. Биздин ырларыбыз кудайга шүгүр, күйөрмандарын таап жатат. 

— Байкашымча жаныңызга жардамчылардан алып, пиар иштерин жүргүзбөй келесиз? Чыгармачылыкка токтоо мамиле кыласыз десем туура болобу?

— Негизи акырын жүргөн жакшы. Мен үчүн пиар керек деле эмес. Обончулардын жан дүйнөсү башкача болот. Алар стилге деле карабайт. Бизге жакшы обондор чыгып турса эле болду. 

— Билишимче ырдын сөзүн, обонун өзүңүз жазасыз. Башка акындар менен иштешип көрдүңүз беле?

— Иштешейин деген ниетим бар. Чыгармачылыкта ар кандай учурлар болот. Акыркы күндөрү текст жазгандан дагы эринип жүрөм.

— Ырларыңыздын канчасы жашооңузга үндөш деп айта аласыз?

— Чыгарма — бул жан дүйнөңдөгү сырды башкалар менен бөлүшүү. Ырды ойлонуп жазбастан, жашап жазган жакшы. Андай ырларымдын катарына "Балама", "Таенеме" деген чыгармаларым кирет.

— "Мен сенден кетейинчи" деген ырчы?

— Ал ырды башка бир үй-бүлөнүн тагдырын көрүп жазгам. 

— Сиз жогоруда чыгармачылык бул — жан дүйнөдөгү сырды эл менен бөлүшүү деп айтып кеттиңиз. Негизи ырларыңыздын басымдуу бөлүгү кайгылуу. Ошондо жашооңузда дагы кыйынчылыктар көп болгонбу?

— Кайгылуу чыгармалар жашоонун бир агымы. Балким бир кездерде жан дүйнөмдө ошондой төңкөрүштөр орун алгандыр. Өзүм да кайгылуу ырларга жакын окшоймун. Анан бир карасаң шаңдуу чыгармаларды жазып калган болосуң. Азыр деле кайгылуу ырларды жазып жатабыз. Эмнегедир угармандарымдын талабы ушундай. 

— Кыргыз шоу-бизнесине кечирээк аралашканыңызды билебиз. Өзүңүздөн мурун радиодон ырларыңыз популярдуу болгон. Чыгармачылык жолуңуз тууралуу сүйлөшсөк.

— Обондорумду студент кезде жазып баштагам. Сегиз жыл бою моралдык жактан өзүмдү даярдап, анан чоң сахнага 2006-жылы аттандым.

Журналист Тынчтык Кожобеков - Sputnik Кыргызстан
Тынчтыкбек Кожобеков: акчаң жокпу, кечирип кой, ырчы боло албайсың!
Айылда таенемдин колунда чоңойгом. Ал кишинин жанында караан болуп жүрдүк, анан үйлөндүм. Айыл өкмөттүн маданият бөлүмүндө иштеп жүргөндө конкурс болуп калып обондорумду аткардым. Анан айылдын аксакалы "сени соттош керек, көп обондорду сактап жүрөсүң" деп тамашалап калды. Анан кой Бишкекке барып өнөрүмдү өстүрөйүн дедим. Сахнага чыгуу оңой болгон жок, бир топ сыноолорду баштан өткөрдүк. Алгачкы жолу "Айбийке", "Досторго", "Коштошуу" аттуу ырларым менен чыккам. Анан гастролдорду баштап, өзүм алып баруучу, өзүм куудул, ырчы болуп эле концерт коё берчүмүн. Баскан жолум мен үчүн тарых. 

Анан ырларым радиодон байма-бай кетип жатты. Учурда айрым радиолор албай жүрүшөт. Акыркы убактарда мага бардыгы бөгөт коюп койгондой. Ошол эми жардамды Кудайдан сурайм, башка кимден сурайм… жардамды пендеден сурабаш керек деп коюшат…

— Эмне себептен чыгармаларыңызды кабыл албай жатышат деп ойлойсуз?

— Мен эми башкалардай болуп акча алып барып бере албайм. Ар бир радионун мыйзамы болот. Бактыма интернет ачылып калып, ошол жактан чыгармачылыгымды улантып жатам. Азыр эми чыгармаларымды радиодон алдырсамбы деп жатам. Буюрса жеке сайтым ачылды, ошол жактан күйөрмандар менен тыгыз иштешем деген пландар бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлжигит Сатыбеков: аудиториям турмуштун ысык-суугун көрүп калган орто муун деп билем. Өзүм адам ылгабайм, бардыгы менен сүйлөшө алам
Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Сатыбеков: аудиториям турмуштун ысык-суугун көрүп калган орто муун деп билем. Өзүм адам ылгабайм, бардыгы менен сүйлөшө алам

— Ошондо ырларыңызды радиого бербей каласызбы?

— Негизи ар бир радио ырчыга гонорар төлөп бериши керек. Алар ырчылардын аркасы менен жан багып жатышат да. Бул нерселер бизде иштеши керек эле. 

— Эми угармандар, күйөрмандар кантет болду экен…

— Айла жок. Алып барып берсем, эфирден коюшпаса эмне кыла алам? Аларга нааразычылык деле айтпайм, өзүмдүн ишимди кылып жүрө берем. Угармандарым кудайга шүгүр. Мага канчалык тоскоолдук болгон сайын даражам көтөрүлүп жатат. 

— Чыгармачылыктагы аудиториям деп кимдерди айта аласыз, кимдерге ылайыктап ыр жазасыз?

— Аудиториям турмуштун ысык-суугун көрүп калган орто муун деп билем. Өзүм адам ылгабайм, бардыгы менен сүйлөшө алам. Ырларымды деле атайын бир багытка ылайыктабай, бардыгына бирдей жазам. 

— Күйөрмандарыңызга кандай мамиле кыласыз. Арасынан белден ылдый түшкөндөр болгонбу?

— Алар бири-бирине окшобогон адамдар. Кээ бирөөнүн берилген суроолоруна жооп таба албай кыйналам. Бир башкача сөздөрдү жиберип баштаганда, "китеп окуңуз, анан мындай нерселерди жазбай каласыз" деп сунуш кылам. Эркек балдар дагы өзгөчө күйөрман болушат. Кыздарды түртүп, биринчи келип сүрөткө түшүшөт. Илгери каттарды кыздар жазчу, азыр балдар көп жөнөтөт. 

— Анан жолугушууларга барып турасызбы? Күйөрмандарыңыз менен мамиле куруп көрдүңүз беле?

Участники музыкальной группы Музаман - Sputnik Кыргызстан
МузАман тобу: бизди бир топко барып калган кишилер деп ойлошот экен
— Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот деген жакшы сөз бар. Атайын кечелерге бара албасам дагы, концерттен кийин жолугушуп, сүрөткө түшүп калабыз. 

Жеке мамиле тууралуу айта кетсем. Сүйүүгө дагы аяр мамиле жасаш керек. Кызга гүлгө суу куйгандай бапестеп мамиле жасашың керек. Биз көбүнчө талаа түстө жүрүп тиешелүү убакыт бөлө албай калабыз. Бир адам менен мамиле курсаң, аягына жетишиң керек деп ойлойм. Ошондой нерселерден эле өзүмдү алып кача берем. 

— Эл ичинде "Гүлжигит үйлөндү" деген кептер айтылып келет…

— Убактысы келгенде үйлөнөм. Азыр бир гана чыгармачылык менен гана алпурушуп жүргөн убагым. 

— Негизи кандай кыздар жагат?

— Мүнөзү жөнөкөй үй-кожойкеси болушу керек.

— Жубайыңызды иштетпейсизби анан?

— Эми аял киши бала-чакага тарбия берип, эркектин тамагын жасоо менен алек болгону туура деп ойлойм. Мен болочок жубайымды так ушундай көргүм келет. 

— Анда кызганчааксыз го дейм?

— Ооба, кызганчаакмын. Үй-бүлөмдү эч кимге көрсөткүм келбейт. 

— Чыгармачылыктын аркасы менен өзүңүзгө кандай материалдык байлык топтой алдыңыз?

— Машинеден башка эч нерсе алган жокмун. Кудайдан ар бир күнүмдү кайрымдуулук кылганга мүмкүнчүлүк бер деп суранам. Себеби мүмкүнчүлүк бар кезде кайрымдуулук кылып, ыраазычылык алыш керек. Жашоодогу принциптеримдин бири ушул. Оң колуң бергенди, сол колуң билбесин дейт. Көп адамдар жардам сурашат, чечкенге аракет кылабыз. 

— Мурун эле мүнөзүңүз оор басырыктуу, олуттуу беле же турмуш ушундай кылып тарбияладыбы?

— Бала кезимде абдан тентек болчумун. Айылдагы апалар "балдарыңарды бул балага кошпогула" деп айтышчу. Мектепте шок болгонум менен сабакты жакшы окудум. 2-класстан тарта китептен башым чыккан жок. Студент кезде турмуштук чыгармаларга көп басым жасадым. Мындайча айтканда жашыңда шок болсоң, кийин бат токтолот экенсиң. 

— Сизди өстүрүп тарбия берген таенеңиз, ата-энеңиз кандай адамдар?

Певец кыргызской эстрады, участник группы Биз Бактияр Токторов - Sputnik Кыргызстан
Бактияр Токторов: "Буй-буйду" ырдаганда көбү мени ичип алган окшойт дешет экен
— Таенем агартуу тармагында кырк беш жыл мугалим болуп иштеген. Мени "сен кийин чоңойгондо элге таанымал адам болосуң" деп көп айтчу. Ошондо менин психологиямды жакшы жакка бурчу окшойт деп ойлоп калам. "Кылганың мен үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн" деп көп жумуш кылдырчу. Сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун жасачумун. Тамактын түрүн жасап, тандырга нан жаап, таенемдин кирин жууп дегендей (күлүп). Таенем узак оорудан улам 2003-жылы каза болуп калган. 

Анан ата-энемдин колуна келдим. Атам салык кызматынын мыкты кызматкери, апам агартуунун мыктысы наамына ээ болгон. Беш уул, бир кыздын экинчисимин. Өзүм дене тарбия бөлүмүн аяктап, юридикалык академияны окуп бүттүм, андан кийин музыкалык бөлүмдө билим алдым. Учурдагы бирден бир максатым — тил үйрөнүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0