07:33 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0201
  • RUB1.1205
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
66330

Колумнист Шаакан Токтогул ууру деген кыргыз коомунда ким, уурулук тууралуу кыргыздагы түшүнүктөр тууралуу кеп салды. Кызыкпы, анда улай окуӊуз...

Тизгин жаяр

Элдик билимде кишинин ишмердиги колунда болсо — уз-уста, башында болсо ал киши — акылман, каруусу менен кубатында болсо— балбан, кайраты менен айбатында болсо — баатыр, бутунда болсо — жөө күлүк дешкен. Ошондон улам жарык дүйнөгө келген ар бир жан өнөрү менен нан таап, кара жаны менен бүлөсүн багып, касиети менен жараткан алдында, калк алдында кызматын кылат. Бирок дагы, өнөр дейин десеӊ өӊү суук, касиет десеӊ карааны суук, адам абийирин танып, ач көздүккө баш ийген уурулук деген эмне? Жөн гана алкы бузуктукпу же ач көздүктүн, сугалактыктын жеткен чегиби? Балким, тарбиянын мүчүлүштүгүнөн улам калыптанып, ооруга айланып кеткен жаман адат болуп жүрбөсүн...

Тогуз кесеп, жети кырс

Кыргызда тогуз кесеп, жети кырс деген түшүнүктөр бар. Жети кырска (доӊуз, жылан, ач күсөн, кашкулак, бүркүт, ителги, илбирс, кемарс, кош аяк, кирпи, чаӊырык) биз угуп укпаган жаныбарлар кирип, киши аларга кол салып, тынчын алмайын, өзү келип тийишпейт. Кокустан козуттуӊбу, катыгыӊды мыктылап берет.

Ал эми тогуз кесеп (ажыдаар, арстан, жолборс, карышкыр, көркоо, чычкан, сел, жоо, ууру) жайылып жаткан ээн жылкыга кол салып, астынан чыккан оӊой олжону жара тартып, керегин да, керек эмесин да ойрондотуп кете берет. Ал сенин адал эмгегиӊди мындай кой, жетимдикин шорлотуп, жесирдикин боздотуп алат.

Ууру — кесеп

Мына ушул жогорудагы тогуз кесептин бири деп саналган киши боло туруп кишиге душмандык кылган эӊ жаманы — ууру кесеп. "Жаман айгыр үйүрүнө тап" дегендей, уурулук да ырайым билбейт. Касапчы энесине сөөк сатат дегендей, өз энесин сыздатат, өз атасынын чөнтөгүнө кол салат. Анан айылды аралап, будуӊ чыгарат. Малы жоктун жалгыз уюн, тону жоктун жалгыз тонун уурдайт. Жаздан баштап тырмалаӊдап, кара терге түшкөн, жай аптабына эти күйүп, күзүндө түшүмүн жыйнаган дыйканды өз ырыскысына ээ кылбайт. Бирөөнүн оозундагы ашын, бирөөнүн көзгө басар атын, бирөөнүн катылуу жаткан казынасын алат.

Бирдикин алса бир киши сыздайт, кара башы каргыш алат, көптүкүнө кол салса, укум-тукумуна чейин каргышка калат. Бир ууру болсо, аны баары билсе, эл көзүндө болсо жок дегенде өз айылына, өз элине кол салбас. Миӊ ууру болсо, чиркин, уруулу журтту мындай кой, бүтүндөй улуттун түбүнө жетпейби. Ошондуктан кыргызда тогуз кесептин алды — уурудан сакта деген тура.

Уурунун түрлөрү

Жылкы тийүү жортуулчулук заманда уруулук катары каралган эмес. Тегерегиӊдин баары жоо болуп турган учурда ар дайым жоокер жигиттердин машыгып туруусуна өбөлгө болгон. Ал кездеги баалуулук башка эле. Анан калса жылкы тийгендер жетим-жесирдикин эмес журт башынын, төрөнүкүн алып, артынан куугун түшсө кырчылдашып согушкан.

Чалгынга барып, жылкы тийип келген учурлар да көп болгон. Мындай мисалдар санжырада оголе көп учурайт.

Майда уурулук — негизинен айыл арасында болуп майда-барат, жалтыр-жултур, тоок ууру, ашып кетсе, кой, мал уурусу деп бөлүнүп эл арасында болуп келген эле көрүнүш. Колу туткак баланы, ал адаты адеп башталганда улуулары тыйып койсо калып калган учурлар көп кездешет. Ашынып кетип, көп кишини сыздатып баштаганда ууру атанып, элден чыгып калган.

Чөнтөкчүлүк — базар пайда болгондон тартып эле боло келген көрүнүш. Бирөөнүн чөнтөгүнө кол салуу. Көбүнчө кароосуз калган көчө балдарынан чыгат.

Шылуундук — уурулуктун жогорураак тепкичи. Адамды алдап, байыйт. Темирди алтын деп мактап, арзанды кымбат деп алдап сатат. Алып сатардын, соодагердин көбү алыстан азыкпы, кийимби, буюмбу алып келсин, кеткен чыгымы менен жолун, бир аз пайдасын чыгарып алса жакшы. Бирок дүнүйөгө кызыгып, бирге бешти кошуп сатуу шылуундук. Дыйкандын адал эмгегин жарыбаган тыйынга алып, үстөк баада элге өткөргөн алып сатарлардын күнү тууган заман, албетте. Бирок адал эмгек, бешене тер эмес да. Күнүмдүк кызыгына батканы менен анын да сурагы болор. Кара башына көрүнсө жакшы, балдарына, укум-тукумуна көрүнбөсүн...

Кескилик — адам абийирин мындай кой, чымын жанын сатып, адам сатып, бала сатып, айтор, не деген пастыктардын, айбан жасабаган жоруктардын ээси. Булар кишиликтен чыгып, кебетеден кетип калгандар.

Эл мүлкүнө кол салгандар (жегичтер)

Бирөөдөн уурдасаӊ керт башыӊа, элден уурдасаӊ укум-тукумуӊа доо кетирет дегенди укканым бар эле. Эл назарынан калган жаман. Кандынбы, бийдинби, жетекчининби, кимисинин болбосун милдети — элди багуу. Элдин эсебинен өзүн багуу эмес.

Бирок заманыбыздын уурулугу жеткен чегинен ашып кетти. Кыргыз коомунда убалдан коркчу эле. Эне ыйлабасын, жетим-жесир ыйлабасын дечү эле. Элде болсун, эл ичинде бизде болсун деп биринчи калктын камына жүгүрчү эле...

Тартып жегендер, басып жегендер, кымтып жегендер, чымчып жегендер көптүн казанына кол салып жатканын билишпейт го, чамасы...

Ууруга жаза - элдин жазасы

Ууруга анын ууру деп жаманатты болгону жаза болгон. Элден чыккан, басынган. Уурунун балдары болуп, же уурунун эне-атасы деп, бир туугандары деп жакындарынын баарына доо кеткен. Мындай оор жүктү көтөрүп жүрүүгө, албетте, баары эле макул боло берген эмес. Эл оозунда ууруларды ташбараӊга алган учурлар да кездешет.

Тектин кусуру

Бир тектин улантуучусу катары ар бир тирүү жандын жети ата алдында гана эмес, тектин алдында да милдети бар. Ашынган ууру чыкса атасын, бабасын, жотосун, жетесин, задин, зилин, тегин уруп кеткен экен деп качанкы сөөгү сөпөт болгон арбактардын жанын козгоп бүлүк салган. Түшүндө, ишинде белги берип, арбактар чаап кеткен, коюп кеткен, уруп кеткен учурлар да жок эмес. Кыргыз "Кудай урган оӊолот, арбак урган жоголот" дейт.

Ал эми көп казанына кол салган жеп-жутарларды кудай жазалабай койбостур. Кудай каарына алса кыӊырлыктын кесепети жети урпагына чейин өтүп кетет дешет...

Тизгин жыяр

Жан багаар уулдун миӊинен, эл багаар уулдун бири артык дегендей, ылайым эл ырысына, эл таалайына жан багаар эмес, эл багаар уулдар келсин.

Тема боюнча

Оозуңа карап сүйлөп, ооз басырык бер... Ооз тууралуу эки ооз сөз
Көрөөр көзүм көз жарды... Адамдын сырын жашыра албаган көз тууралуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ