Эки айдан бери балама "сүйүнчү" ала албай жүрөм. Айтылбай турган сөз эле...

© Sputnik / Табылды КадырбековДетская соска на национальной валюте. Архивное фото
Детская соска на национальной валюте. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Каныбек Бейшенбеков жаңы төрөлгөн перзентке "сүйүнчү" социалдык жөлөк пулун алуу ушунчалык татаал жана азаптуу экенин элестеткен да эместир.

Быйыл 1-январдан тарта бала төрөлгөндө бир ирет берилчү "сүйүнчү пулдун" төлөнүшү тууралуу мыйзам күчүнө кирген. Мындан ары мамлекет жарыкка келген ар бир ымыркайга 4 миң сомдон төлөп берүүгө тийиш.

Мураскеримди күтүп жүрүп, мындай жаңылыктарды берилип окуур элем. Жубайым экөөбүз ал акчага эмне аларыбызды да сүйлөшкөнбүз, мен термелген отургуч, ал эми аялым чүрпөбүзгө жылуу комбинезон сатып аларын айтчу.

Бирок жаш ата-энелерди колдоо демилгеси иш жүзүндө абдан шай оодарган аракет экен.

Текке кеткен убакыт

Фестиваль Чункурчак көч — 2017 в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Элден чыгып каласың... Кыргыз сөзсүз өткөрө турган тойлор
"Сүйүнчү" жөлөк пулун уулум төрт айга толгон кезинде да ала албадым. Иш документтерден улам узарып кетти, ал эми тизмедеги айрым документтер жыйынтыгында таптакыр керексиз болуп чыкты. Эмесе, кеңири баяндайын.

Уулумдун төрөлүшүн майрамдагандан бир нече күндөн кийин Интернетти каза баштадым. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аткаминерлери маалымат каражаттарында бул жөлөк пулду алуу үчүн кандай документтер топтому талап кылынарын кайра-кайра жарыялап келишкен.

— баланын ата-энесинин паспорту;

— баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

— нике тууралуу күбөлүк;

— жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы жөнүндө тастыктама;

— эсептин ачылышы тууралуу банктан тастыктоочу кат.

Итоги экономики года в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттен сизге кандай жөлөк пул тиешелүү экенин билесизби? Тизме
Бул документтердин баарын чогултуп, ошол эле министрликтин кызматкерлеринин кеңеши менен калкты тейлөө борборуна (КТБ) бардым. Мен Медеров көчөсү 44/1 дареги боюнча жайгашкан "Бишкек" дүң дүкөнүнүн имаратында жайгашкан КТБ-1ге ("ЦОН-1") кайрылдым.

Эки ай убара тартып жүрүп жашаган жеримден алган (паспорт боюнча мен Нарын облусунда катталгам, ал эми Бишкекте утурумдук каттоодон өтүүмө туура келди) тастыктаманын зарылдыгы жок болуп чыкты. Кызматкерлер ага карап да коюшпады. Нике тууралуу күбөлүктүн да кереги жок экен.

Ошентип тизмедеги беш документтин саны үчкө кыскарды. Негизи алар менде даяр эле болчу, аны билсем арызымды төрөт үйүнөн чыккан күнү эле тапшырып коймок экенмин. 

© Sputnik / Каныбек Бейшенбеков“Сүйүнчү” алууга туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорттун көчүрмөсү жана ата-эненин банк реквизиттери талап кылынат.
Работа ЦОН в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
“Сүйүнчү” алууга туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорттун көчүрмөсү жана ата-эненин банк реквизиттери талап кылынат.

Кыжырым кайнады, бирок жубайым мени жооткотуп койду. Жылмайганды жаңыдан үйрөнүп, мени тааный баштаган уулумду карап, урушкум деле келбей калат. Бирок менин бюрократиялык тозоктогу жүрүшүм муну менен токтоп калган жок.

20 сом кем берилет

Фестиваль Чункурчак көч — 2017 в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Атыңдан айланайын сүйүнчү! Жөрөлгөнүн маани-маңызы
Баланын ата-энесинин банктагы жеке эсеби болбосо, жөлөк пулдан үмүт үзө бериш керек окшойт. Эгер арыз менен кайрылгандардын картасы болбосо, анда кыргызстандык банктардын биринен "сүйүнчү" талап кылуу же жеке жактар үчүн "Элкарт" карталык эсебин ачуу зарыл. Жубайымдын KICBдеги эсебин пайдаландым. Менин Demir Bank жана Оптима Банк карталарым туура келбеди, себеби, бул каржылык мекемелердин Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен келишими жок экен. Картаңыз социалдык жөлөк пул алууга жараар-жарабасын банктардын расмий сайттарынан же КТБнын сурап-билүү кабылдамасынан тактоого болот. 
© Sputnik / Каныбек БейшенбековСиздин банк картаңыз социалдык жөлөк пул алууга жарар-жарабасын төмөнкү тизме менен таанышып билсеңиз болот. Мындай тизме ири КТБларда бар
Список банков для получения социального пособия в КР - Sputnik Кыргызстан
Сиздин банк картаңыз социалдык жөлөк пул алууга жарар-жарабасын төмөнкү тизме менен таанышып билсеңиз болот. Мындай тизме ири КТБларда бар

Банк реквизиттерин алуу үчүн жубайым экөөбүз KICB кеңсесине кайрылганыбызда кызматкерлер тастыктама алып келүүбүздү өтүнүштү. Бул ирет Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан алышыбыз шарт эле. Документ банк реквизиттери социалдык жөлөк пул алууга керек экендигин тастыктоосу керек. Бирок андай бюрократиялык азаптан жана шай оодарган чуркамайдан сизди сактаган 20 сомдук амал бар. Ал тастыктамасыз деле сүйүнчү алууга болот, бирок анүчүн 20 сом комиссия кармап калышат. "Макул, 3980 сом баары бир уулумдун костюмуна жетет" деп ойлодум.

КТБ кызматкеринен пайдалуу кеңеш

КТБдагы документ тапшырган жарандардын калың кезегин көрүп таңгалбаңыз. Менин иш графигим (9.00дөн 19.00гө чейинки) менен документ топтоо бир топ татаалыраак болду, анткени, жетекчимден улам суранып кетүүгө туура келди. Соңунда кереги деле тийбеген тастыктаманы алуу үчүн жумуштан бир нече ирет уруксат алууга мажбур болдум.

© Sputnik / Каныбек БейшенбековИри КТБларда эл көп
Ири КТБларда эл көп - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ири КТБларда эл көп
© Sputnik / Каныбек БейшенбековУзун кезек жок
Узун кезек жок - Sputnik Кыргызстан
2/2
Узун кезек жок
1/2
Ири КТБларда эл көп
2/2
Узун кезек жок

Ири КТБларда дээрлик бардык убакта жарандардын кезеги узун

Узун кезекти көргөндө кайрадан азаптын бар баскычы ойго келди. Электрондук монитор 76чы кишини чакырып жатты, ал эми менин алдымдагы адам 134-номурду алды. Кызуу кандуулук менен "мен жөн эле сурайт элем" деп алдыга өтүп кетейин дедим, бирок кезек күтүп тургандардын кебетесин көрүп, тытып жегенден кайра тартпай турганына ынандым. Соңунда күн текке кетпегенин билдим, сурап-билүү кабылдамасындагы улгайган аял мага чакан КТБга кайрылууга кеңеш берди. Ал жактарда мындай кезек күтмөй жок экендигине ишендирди.

Кеңеш чындап эле ишке жарады. "Азия Моллдогу" чакан КТБда болгону беш мүнөт убактым кетти. Жаш кызматкер анкетаны дароо толтуруп, калган документтерди текшерип болгон соң менден кийинки кишини тейлөөгө даяр болуп калды.

Чакан КТБнын артыкчылыктары катары дем алыш күндөрү иштегендиги жана кезек күткөндөрдүн санынын аздыгын белгилеп койдум өзүмчө. 

Алар шейшембиден жекшембиге чейин саат 10.00дөн 19.00гө дейре иштешет. Дүйшөмбү аларга дем алыш күн. Мындай тартип белгилүү иш графиги бар кишилерге, алардын саны арбын эмеспи, дем алыш күндөрү да документ тапшыруусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Эгер муну мурдараак билгенимде кайра-кайра суранып, жетекчиликке жаман-жакшы көрүнмөк эмесмин.

Калаадагы соода борборлорунда жайгашкан чакан КТБ даректери:

— "Таш-Рабат" (Горький көчөсү, 1 г);

— "Глобус" (Чүй проспекти, ТЭЦтин тушунда);

— "Азия Молл" (Айтматов проспекти, 3);

— "Глобус" (Ак-Босого конушу, Профессор Зима көчөсү, 204/3). 

© Sputnik / Каныбек БейшенбековРабота ЦОН в Бишкеке
Работа ЦОН в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Работа ЦОН в Бишкеке

КТБ кызматкеринин сөзүнө ынансак, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы документтерди арыз түшкөн күндөн тарта эки-үч жума аралыгында карайт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова өз билдирүүлөрүндө жөлөк пул эки апта ичинде төлөнөрүн айткан. Документтерди тапшырганыма 1,5 айдан ашты, каражат бериле элек. Жубайым алар бизге ишенбей жатканын, акчаны уулубузга 18ге толгондо тапшырышарын айтып тамашалайт.

Документтердин баарын, анын ичинде пайдасы тийбегендерин да борбор калаадан алдым. Ал эми алыскы айылдарда жашаган ата-энелер кантет, билбейм. Алар райборборлорго барууга тийиш да. Транспорттун жетишсиздигинен улам райондук борборго жетүү оор. Андайда 4000 сомдун бир тобу жол киреге сарпталат, баарынан да жумшалган убакытка ич күйөт…

Жаңылыктар түрмөгү
0