00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
54 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Өз жашооңдун баш каарманы бол!". Жашооңдун каарманы болуу өнүгүүбү же өзүмчүлдүкпү?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новый закон о недвижимости: что изменится для арендаторов и владельцев квартир
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Советтер Союзу Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигине республикалык статус берүү каралууда
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Анимациялардын балдарга таасири жана жаныбарларды тууроо, реалдуулуктан алыстап, иллюзияда жашоонун себеби эмнеде?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЦА под давлением: возможно ли сохранить мир в турбулентное время?
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Цемент көйгөйү. Курулуш материалдарына баалардын туруктуулугун сактоо жана алардын жетишсиздигинин себептери
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Өспүрүм менен ата-эненин мамилеси. Баланын жашоосуна кантип, качан аралашуу керек?
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Стройка идет, цены растут: что происходит с жильем в Бишкеке
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Кара-Кыргыз» тарыхый сериалына даярдыктар кандай?
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
"Американская мечта" под микроскопом: успех, обман и выживание в прозе О. Генри
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Цемент көйгөйү. Курулуш материалдарына баалардын туруктуулугун сактоо жана алардын жетишсиздигинин себептери
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамлекеттен сизге кандай жөлөк пул тиешелүү экенин билесизби? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоги экономики года в Кыргызстане
Итоги экономики года в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрөт үчүн сизге канча төлөнөт, жумушсуздук жөлөк пулунун көлөмү кандай? Бул суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп алды.

Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдары жөнүндө" мыйзамына кол койду. Аталган мыйзам 2018-жылдын биринчи январынан тарта күчүнө кирет. Ал өлкөнүн казынасынан каржыланат, мыйзам долбоорунун демилгечилери бул төлөмдөрдүн болжолдуу суммасын бекитишкен.

  • "Балага сүйүнчү" – ар бир ымыркай төрөлгөндө бир ирет берилчү жөлөк пул — 4 миң сом;
  • "Балага жөлөк" — үч жашка чейинки ар бир баланы багууга каралган ар айлык жөлөк пул – 700 сом;
  • "Үй-бүлөгө көмөк" — 3төн 16 жашка чейинки үч жана андан ашык балалуу жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилчү жөлөк пул – 300 сом.

Ошондой эле мыйзамга ылайык көпчүлүккө тиешелүү мамлекеттик төлөмдөрдүн тизмеси бар.

Көз жаргандыгы үчүн жөлөк

Эгер балалуу болууну пландаштырсаңыз, мыйзам боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча бир жолку жөлөк пул берилерин билиңиз. Акча мамлекеттик бюджеттен жана сиз иштеген ишкананын каражатынан төлөнөт. Ал кантип эсептелет?

  • алгачкы 10 жумушчу күн ичинде айлык маянанын жүз пайыз өлчөмүндө;
  • 11-күндөн тарта бир айдагы 10 эсеп көрсөткүч көлөмүндө (азыр бул айына 10х100=1000 сом).

Трудности женщины воспитывающая троих близняшек одна в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Үч эмдин тагдыры. Бүдөмүк көргөн Асан, алимент төлөбөгөн ата
Орточо бул 7 миң сомдун тегерегинде чыгат. Азыраак, бирок жоктон көрө жогору эмеспи. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул толук ошол мезгил үчүн жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт. Он биринчи күндөн тарта төлөнгөн жөлөк пулдун суммасынын орду жумуш берүүчүгө социалдык коргоо органдарына отчет берилгенден кийин мамлекеттик бюджеттен толтурулат.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул төлөөгө убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы (ооруканадан берилчү кагаз) негиз болуп саналат. Ал медициналык мекемеден көз жарганга чейинки 70 календарлык күн мурун берилет.

Балдарды багууга жөлөк

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан ай сайын каржылык камкордук алууга укуктуу. Аз өлчөмдө, болгону 810 сом. Ага жетүү үчүн бул суммадан азыраак гана, тагыраак 90 сомго айырма болушу зарыл. Эгер сиздин айлык кирешеңиз 900 сомдон ашса, анда жөлөк пул берилбейт.

Төлөмдөрдү алыш үчүн бул кагаздар талап кылынат:

  • өздүгүн тастыктаган документ;
  • анкета-арыз;
  • иши башына эң көп 900 сомдон айланган үй-бүлөнүн жалпы кирешеси тууралуу маалымат;
  • үй-бүлөнүн курамы тууралуу тастыктама.

Жумушсуздук үчүн жөлөк

үч эм балдар - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда төрөлгөн үч эмдерге кандай жардам берилет?
Ай сайын 250 сомдон төлөнөт. Бул каражатты жашоого жеткирүү кыйын, бирок бул колдоо, социалдык фонддон түшүндүрүшкөндөй, оокаттуу тиричиликтин негизи эмес. Анан да, бул каражат кезегинде соцфонд төлөмдөрүн төгүп келгендер үчүн гана каралган.

Аз өлчөмдө болсо да бул акчаны алуу үчүн социалдык фондго төккөн төлөмдөр боюнча тастыктама жана жумушсуз катары катталгандыгын күбөлөндүргөн кагаз тапшырылат.

Өндүрүш жаракаты үчүн жөлөк

Иш маалында жабыркагандыгы үчүн ай сайын берилчү төлөмдүн өлчөмү 1000ден 2 миң сомго чейинки каражатты түзөт. Мындай үстөк үчүн майыптыгын тастыктоочу кагаз көрсөтүлүүгө тийиш.

Иштебеген пенсионерлерге жөлөк

Соцфондго эч качан каражат төлөбөгөн кыргызстандыктар карылык жөлөк пулун алышат.

Бул төлөм керектөөнүн кепилденген эң аз деңгээлинин жана киши башына карата үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин ортосундагы айырма өлчөмүндө белгиленет.

Расымдык жөлөк

Сөөк коюуга берилчү бул төлөмдү бардык жарандар алат. Анын өлчөмү – миңден 7 000 сомго чейин.

Талап кылынчу документтер:

  • сөөк коюп жаткан адамдын өздүгүн тастыктоочу документтин же бул милдетти моюнга алган юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн, болбосо, жеке ишкердин (жеке тараптар үчүн) патентинин көчүрмөсү;
  • ЗАГС органдарынан берилген камсыздандыруучу тастыктама;
  • каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • төлөм которулчу банк эсебинин маалыматтары.

Төлөмдөр боюнча маалымат Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0