Кытайда жашоо жанданып... Коңшу мамлекеттерде коронавирус боюнча абал кандай?

© Sputnik / Джорди Бойшареу / Медиабанкка өтүүСитуация в Барселоне в связи с коронавирусом
Ситуация в Барселоне в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан менен Өзбекстанда коронавирустан каза болгон бейтаптар бар. Ал эми Кытайда жашоо жанданып, кыймыл башталды. Аталган өлкөдө коронавирус жуктургандардын дээрлик 90 пайызы айыккан.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирус боюнча коңшу мамлекеттерде абал кандай экенин билип көрдү.

Казакстан

Алматы шаарындагы коронавируска текшерүүчү блок пост - Sputnik Кыргызстан
Кордайга Кыргызстандан барган кыздан коронавирус аныкталды
Бул мамлекетте акыркы маалыматтар боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 121ге жетти. Анын 60ы Нур-Султан шаарынан болсо, Алматыда 48 учур, Карагандада төрт, Жамбыл облусунда үч, Шымкентте эки, Алматы облусунда бир, Актөбөдө бир, Түндүк-Казакстан облусунда бир, Акмолада бир адам катталган. Эске салсак, кечээ Казакстанда коронавирустан 64 жаштагы аял каза болду. Бул кошуна мамлекеттеги өлүм менен коштолгон биринчи учур. Коронавирустан улам Казакстанга 16-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Ал эми Нур-Султан жана Алматы шаарлары карантинге жабылган болчу.

Өзбекстан

Өзбекстанда 83 адамдан коронавирус чыкты. Инфекцияны жуктуруп алгандардын ичинен 11и — медкызматкер жана вирусология бөлүмүн адистери. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, төрт бейтаптын абалы оор. Бул өлкөдө да коронавирустан бир адам көз жумду.

Коронавирустун тарап кетпешине бөгөт коюу үчүн өлкөнүн бир катар шаарлары карантин режимине өтүп, коомдук транспорттору токтогон.

Россия

Акыркы маалыматтар боюнча, Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 840ка жетти. Бул вирустан эки адам каза болуп, 38 киши айыкканы маалым болду. Россия өкмөтү "Росавиация" мекемесине 27-марттан тарта бардык дайымкы жана чартердик аба каттамдарын токтотууга тапшырма берди. Болгону учактар асманга сырттан Россия жарандарын алып келүү үчүн гана көтөрүлүшү мүмкүн.

Кытай

Вирустун очогу аталган Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик 90 пайызы айыккандыгы кабарланды.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн ЭВФтен 121 млн. доллар алды
Кытайдын өзүндө жалпы ооругандар — 81 782, өлгөндөр — 3291, айыккандар 74181ди түзөт. Ири державада жумуш, жашоо жанданып өз калыбына келе баштаганы кабарланууда.

Ал арада Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандырууга даярдык иштерин көрүп баштады. Кытайга тийиштүү нота жөнөтүлүп, Кыргызстандын маморгандарына Кытай тарап менен сүйлөшүү жүргүзүү тапшырмасы берилди. Жүк ташууну "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрмө пунктулары аркылуу жандантуу пландалууда.

Кыргызстанда учурда 44 адам коронавирустан дарыланууда. Өлкөнүн үч шаарына жана үч районуна өзгөчө абал режими киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0