Өзбекстанда коронавирустан биринчи бейтап көз жумду

© AFP / SEBASTIEN BOZONСитуация в Франции из-за распространения коронавируса
Ситуация в Франции из-за распространения коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
72 жаштагы жаран ооруканага 26-март күнү түшкөн. Ошол эле күнү саат 23:00дө лабораториянын анализдери анын коронавирус жуктуруп алганын көрсөткөн.

БИШКЕК, 27-мар. – Sputnik. Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган улгайган аял көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды. 

Жаран COVID-19 илдетин 12-март күнү Түркиядан келген кызынан жуктуруп алган.

“Бейтап буга чейин кант диабети, жүрөк оорусу сыяктуу бир топ илдеттен дарыланып жүргөн. Ал бүгүн, 27-мартта, таңкы саат 4:30да инфаркт алып көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.

Республикада коронавирус жуктурган алгачкы факт 15-мартта аныкталган. Бейтап аялдын Франциядан келгени белгилүү болгон. Жума күнү оору жуктургандардын саны 83кө жетти. Ал эми 28 миңден ашык адам карантинге алынса, 18 миң киши үй карантининде.

Жаңылыктар түрмөгү
0