Касым-Жомарт Токаев — өмүр баяны

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЗаседание Совета Федерации РФ
Заседание Совета Федерации РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанды башкаруу укугун алган Токаевдин кесиби — дипломат, англис, кытай, француз тилдеринде эркин сүйлөйт. 2007-жылдан тарта "Нур Отан" элдик демократиялык партиясынын мүчөсү.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мөөнөтүнөн мурда отставкага кетти. Эми мамлекет башчынын милдетин парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев аткарат.

Визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Назарбаевдин президенттиктен эмнеге кеткени белгилүү болду
Казакстандын Конституциясы боюнча мындай учурда президенттин калган мөөнөтү толук бүткөнгө чейин сенаттын төрагасы мамлекетти башкарат. Андан кийин шайлоо өтүп жаңы президент шайланат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги коңшу өлкөнү башкарууга укук алган Токаевдин таржымалын даярдады.

Касым-Жомарт Токаев 1953-жылы Алматы шаарында туулган. Тарых, саясат таануу илимдеринин доктору. Кесиби боюнча дипломат, эки жылдай премьер-министр болгон.

Назарбаевдин мураскери тууралуу айткандары

Ал англис, кытай, француз тилдеринде эркин сүйлөй алат. Казакстан эгемендүүлүк алган күндөн тарта менин жанымда иштеп келет. Мен аны жакшы билем, ал чынчыл, жоопкерчиликтүү, ишине так. Өлкөнүн ички жана сырткы саясатын жакшы билет. Бардык программаларды анын катышуусу менен иштеп чыгып, кабыл алганбыз. Мен Токаев Казакстанды башкарууга ишенип бере турган адам экенине ишенем.

Билими

Токаев 1975-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун аяктаган. 1992-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Эл аралык мамилелер жаатында алты китептин жана бир нече макалалардын автору. Анын эмгектери Казакстанда жана башка өлкөлөрдө жарыяланган.

Эмгек жолу

1975 — СССРдин Тышкы иштер министрлигинин Сингапурдагы элчилигинде референт;

1979 — СССР ТИМинин үчүнчү катчысы, ага референти, атташе;

1983 — Пекиндеги кытай тили институтунда стажер;

1985 — СССРдин Кытайдагы элчилигинде биринчи катчы;

1993 — Казакстан Тышкы иштер министринин орун басары;

1994 — Казакстандын тышкы иштер министри;

1999 — Казакстандын премьер-министринин орун басары;

1999-жылдын октябрынан 2002-жылдын январына чейин — премьер-министрдин милдетин аткаруучу, премьер-министр;

2002 — Казакстандын Мамлекеттик катчысы;

2003 — Тышкы иштер министри;

2012 — БУУнун баш катчысынын орун басары, БУУнун Женевадагы Европа бөлүмүнүн башчысы;

2007-2011-жылдары депутат, парламент сенатынын төрагасы, 2013-жылдан ушул күнгө чейин парламент сенатынын төрагасы.

2007-жылдан тарта "Нур Отан" элдик демократиялык партиясынын мүчөсү, "Нур Отан" партиясынын Саясий кеңешинин бюросунун мүчөсү.

Үй-бүлөсү

Атасы Кемел Токаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Казакстанда белгилүү жазуучу. Апасы Турар Шарабаева чет тил мугалими болгон.

Үй-бүлөлүү. Жубайы Надежда Токаева. Бир уулу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0