11:28 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Киров суу сактагычы. Архивдик сүрөт

Казак өкмөтү Киров суу сактагычындагы суунун коё берилиши боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азия
Кыскача шилтеме алуу
603140

Кыргызстан суунун коё берилиши тууралуу Казакстанга күн мурунтан кабар бергенин айткан

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Киров суу сактагычындагы суу коё берилет деген маалымат боюнча Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Руслан Иманкулов Sputnik Казакстан агенттигине комментарий берди. 

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги оңдоо иштерине байланыштуу Талас облусундагы Киров суу сактагычындагы сууну кое берүүнү пландап жатканын кабарлаган.

Анын айтымында, Кыргызстан суунун коё берилиши тууралуу Казакстанга күн мурунтан кабар берген. Жамбыл облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаменти тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат тараткан.

Иманкулов тынчсызданууга себеп жок экенин белгиледи.

"Тынчсызданууга негиз жок. Анткени чыккан суу секундасына 100 куб метр өлчөмүндө кирет. Ал жерден өткөн сайдын кеңдиги 200 куб метрге чейин жетет. Сууну коё берүү иштери бүгүн кечке чейин башталмак", — деп айткан Иманкулов.

Ошондой эле ал аталган аймакка байкоо салуу тапшырмасы тийиштүү органдарга берилгенин белгиледи.

Тема боюнча

Кыргыз өкмөтү Киров суу сактагычындагы сууну кое берет
Белгилер:
суу сактагычы, Суу, Киров суу сактагы

ЭҢ МААНИЛҮҮ