Атамбаев Назарбаев тууралуу сүйлөп жатып эмоцияга алдырганын билдирди. Видео

Жазылуу
Алмазбек Атамбаев президенттик стипендияларды тапшырып жатып кыргыз-казак чек арасындагы абалдын себептерине токтолду

Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев башка президенттердей эле өзүнүн чөйрөсүндөгүлөрдүн айткандарына ишенип жатканын белгиледи.

Вывоз товара с овощебазы Новые Черемушки в Бирюлево - Sputnik Кыргызстан
Ошондо ким жылаңач калды? Кыргызстан Казакстанды эмне менен камсыздайт
"Чындыгында Кыргызстанды Россиядан алыстатуу аракети болуп жатат. Менимче Казакстандын президенти андан кабары жок болушу керек. Себеби ал бардык президенттердей эле өзүнүн жанындагыларына ишенет. Назарбаевдин айланасында олигархтар — Казакстандын миллиардерлери жүрөт. Алар Казакстандын эли эмес, атүгүл Назарбаевдин өзүн дагы ойлошпойт, алар болгону өздөрүнүн келечегин ойлоп жатышат. Себеби алардын миллиарддаган эсептери батыштын банктарында сакталып турат", — деди Атамбаев.

Ал андан сырткары, олигархтар бийликке азыр жагынып, кийин бийлик алмашканда миллиарддаган акчасынан ажырап калууну каалашпай турганын айтты.

Кыргызстандын президенти ошондой эле Назарбаев тууралуу сүйлөп жатканда эмоцияга алдырып жибергенин, ал дагы өзү сыяктуу ишенчээк киши болсо керек деген пикирин билдирди.

Атамбаев өз сөзүндө Казакстандын кириллицадан латынчага өтүшү Россиядан алыстоонун бир жолу экенин, аны менен кошо Казакстандын аскерлери АКШ деңиз аскерлери менен Россиянын чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрүшү да бекер эместигин белгилеп өттү.

Эң башкысы акыркы жылдары Казакстандын жасаган аракеттери Евразиялык экономикалык биримдикти бузууга багытталганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0