Гүлнара Каримова триллиондогон акча жеди деп камакка алынды

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүОткрытие II Ташкентского кинофорума "Золотой гепард"
Открытие II Ташкентского кинофорума Золотой гепард - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тунгуч президенттин кызы ишканалары үчүн 3 триллион сум салык төлөбөгөн деп айыпталууда.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өзбекстандын тунгуч президентинин кызы Гүлнара Каримовага Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча күнөө тагылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Ватикан кардиналдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ватикандагы чуу: оорулуу балдарга чогулган акча кардиналдын үйүн оңдоого жумшалган
Билдирмеге караганда, Каримова Terra Group, Prime Media, Gamma Promotion ишканаларына ээлик кылып, бирок мамлекетке салык төлөбөгөнү үчүн 2013-жылы кылмыш иши козголгон.

Анын уюшкан кылмыштуу топтор менен иш алып барганын Өзбекстандын прокуратурасы аныктаганы маалым болду.

Ага ылайык, Гүлнара Каримова 2001-2013-жылдар аралыгында кылмыштуу топтор менен биргеликте бир катар кылмыштарга барган. Ал ишкерлерге кысым көрсөтүү менен жалпы суммасы 54,1 миллиард сумга жеткен каражат тапкан.

"Гүлнара Каримовага Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 168, 178, 182, 189, 288 жана 243-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Тунгуч президенттин кызы ишканалары үчүн 3 триллион сум салык төлөбөгөн деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0