Быйыл Кыргызстандын энергетика тармагында бир катар өзгөрүүлөр болду. Айрым категориялар боюнча электр жарыгынын баасы өзгөртүлдү. Ошондой эле мурда өзүнчө тариф каралбаган майнинг-фермаларга анык бир төлөм белгиленди.
Мындан тышкары, 2020-жылда кургакчылык болору күтүлүп жаткандыктан, электр энергиясын эскпорттоону токтотуп, тескерисинче, коңшу өлкөлөрдөн импорттогону турабыз.
Төмөндө Sputnik редакциясынын окурмандарын Кыргызстандын энергетика тармагындагы азыркы абал менен тааныштырабыз.
Тариф саясаты
Өкмөт 27-мартта 2020-2023-жылдарга карата баа саясаты боюнча токтом кабыл алган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа айрым категориялар үчүн өзгөрөт.
Бир киловатт-саатка тарифтер төмөндөгүдөй (салыктарды эске албаганда):
- Балдар үйлөрү үчүн — 1,58 сом (азыркысы 2,24 сом);
- Электр кубаты менен жүргөн транспорт заряд алчу жайлар — 1,58 сом (эгер мындай жайлар ачылып калса, алар троллейбустук ишканалардын тарифи менен төлөй турганы каралган);
- Майнинг-фермалар үчүн — 2,91 сом (бул категорияга өзүнчө тариф каралган эмес).
Кредиттер
Карыз демекчи, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери энергетика тармагында жалпы суммасы 2 миллиард 152,8 миллион долларга бааланган 42 келишимге кол коюлган (анын ичинен дээрлик 300 миллиону грант, калганы насыя түрүндө). Жалпы суммадан 1 миллиард 434,8 миллион доллар өздөштүрүлдү. Калган сумма долбоорлорду ишке ашырууда же тендерлерден үнөмдөлдү. Экинчиден, айрым долбоорлор аягына чыга элек.
Эми бул береселерден акырындык менен кутулуу керек. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет жетекчисинин милдетин аткаруучу Мухаммедимин Аскаровдун айтымында, эң жогорку төлөмдөр 2025-2031-жылдарга туура келет.
Кийинки 13 жыл ичинде төлөм 5 миллиард сомдон төмөн.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын тышкы карыздагы үлүшү 103 миллиард сом (1,35 миллиард доллар) экенин жана аны бересе компаниялар өздөрү төлөй турганын айткан эле. Баса, бул жаатка насыялар жабдууларды жаңылоо үчүн алынат.
Кендирди кескен кургакчылык
Кыргызстанда электр энергиясына байланыштуу көп маселени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү чечет. Быйыл курчакчылык болору божомолдонуп, эмитен эле суунун көлөмү азыраак экени айтылууда. Мисалы, былтыркы май айында 13 миллиард куб метр болсо, быйыл өткөн айда бул көрсөткүч 12 миллиардга түштү. Мындан улам Кыргызстан 2020-жылы 1 миллиард киловатт-саатка чейин электр энергиясын импорттоону пландап жатат. Анын ичинен 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын алуу боюнча Казакстан менен макулдашуу болду.
"Ал декабрь айынын соңунан баштап келе баштайт. Мындан сырткары, Кыргызстан менен Казакстан 300 миллион киловатт-саатты алмашат: электр кубаты жайкысын Казакстанга жиберилсе, күзүндө кайра кайтарылат", — деди Улуттук энэргохолдингдин башчысы Назаров.
Анын айтымында, импорт ички баага таасир этпейт. Учурда Тажикстан жана Түркмөнстан менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Жабдуулардын абалы
Улуттук энергохолдингдин генерация жана энергетика өткөрүү башкармалыгынын эксперти Аскат Абылаев Кыргызстандагы энергетика жабдуусунун 90 пайызы эскирип бүткөнүн айтат. Анын пикиринде, бул абал өтө эле начар дегенди билдирет. Адис ушу тапта жабдууларды алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп, тизмеде Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтери бар экенин кошумчалады.