Тоо-кен компаниялары колдонгон электр энергиянын баасын көтөрүү сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКумтөр алтын компаниясынын кызматкери. Архив
Кумтөр алтын компаниясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын тышкы карыздагы үлүшү 103 миллиард сом (1,35 миллиард доллар) экенин жана аны компания өзү төлөй турганын айтты. Бул үчүн тарифти көтөрүү керектиги кошумчаланды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Улуттук энергохолдинг тоо-кен тармагында иштеген компаниялар үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу энергокомпаниянын төрагасы Айтмамат Назаров парламент жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн 2019-жылга берген отчётун колдоду - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн 2019-жылдагы ишин жактырды
Анын айтымында, эгер өкмөт компаниянын сунушун жактырса, бул ишканалар электр энергиясынын бир киловатт-сааты үчүн 1 сом 3 тыйындан төлөп калат. Мындай жол менен Улуттук энергохолдингдин карыздарынан кутулса болорун Назаров депутат Эрмамат Тагаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Парламентарий Кыргызстандын тышкы карызынын канча пайызы энергокомпанияга тиешелүү экенин жана аны ким төлөшү керектигине кызыкты.

"Өнүккөн өлкөлөрдө бир грамм алтын өндүрүү үчүн электр энегиясына компания биздин улуттук валюта менен айтканда 1,8 сомдун тегерегинде төлөйт. Кыргызстанда бул көрсөткүч 17 тыйын", — деди депутат.

Абылгазиев энергетика тармагынын тышкы карыздагы үлүшү 103 миллиард сом (1,35 миллиард доллар) экенин жана аны компания өзү төлөй турганын айтты. Бул үчүн тарифти көтөрүү керектиги кошумчаланды. Мындан улам депутат аларды бааны эч тайманбастан 1,5 сомго чейин көтөрүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0