Сооронбай Жээнбеков ким? Тек-жайы, балалыгы, пайгамбар курагы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы алдыда келаткан Сооробай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы алдыда келаткан Сооробай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен талапкерлердин ичинен Сооронбай Жээнбеков алдыда келе жатат. Декабрда Кыргызстан жаңы президенттүү болот.

Өлкөдө бул адам туурасында сөз болгондо эл арасында Жээнбековдордун кланы, президент Алмазбек Атамбаевдин жакын жана берилген досу деген сөздөр айтылып келет. Достугу жана шакирттиги туурасында Атамбаевдин өзүнүн да айтканы бар.

Sputnik Кыргызстан Сооронбай Жээнбеков ким деген суроого жооп издеп, тек-жайына, карьерасына, жашоосуна баам салып көрдү.

© Фото / из личного архива Сооронбая ЖээнбековаСтуденттик кез
Кандидат в президенты КР Сооронбай Жээнбеков (второй слева) в юности - Sputnik Кыргызстан
Студенттик кез

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Атасы Шарип элге-журтка таанымал адам жана колхоздун башкармасы болуп, райондук керек-жарак коомун жетектеген.

Жээнбековдорду жакындан билгендер алардын энеси Самара балдарын карап үйдө болгондугун жана негизинен бул үй-бүлө оокаттуу тургандыгын айтышат.

Орус тилчи, зоотехник, директор… Жээнбеков мектепти бүткөндөн кийин Өзгөн районундагы Ленин атындагы мектепте бир жыл орус тили жана адабият сабагын окуткан. Андан соң Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтуна өтүп, зооинженер адистигин алып чыккан. Эмгек жолун Ош облусунун Совет районундагы "Совет" совхозунда башкы зоотехник болуп баштаган. Андан соң совхоз директору болуп, колхоз раистигинен дароо эле 1995-жылы Эл өкүлдөр палатасына депутаттыкка шайланган. Кийин да 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2006-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп келгенде Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп дайындалган. Көп өтпөй, 2007-жылы Атамбаев кызматтан кеткенден кийин Жээнбеков да министрликтен баш тартып, ишкердик менен алектенген. 2003-жылы ошол эле Агрардык университеттен экинчи билим алып, экономика факультетин аяктаган.

© прессс-лужба правительства КРОш облусун жетектеп турган учуру
Представитель правительства Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Ош облусун жетектеп турган учуру

Тагдыр чечкен 2010-жыл. Берилгендик. 2010-жылы Апрель революциясы болуп, бийлик алмашат. Бул мезгил Сооронбай Жээнбеков, дегеле жалпы Жээнбековдордун кийинки тагдырында олуттуу роль ойноду. Ошол окуялардын алдында жана андан кийинки өлкөдөгү кыл чайнашкан саясий мезгилде Жээнбековдордун Атамбаевге ар тараптан колдоо көрсөткөнү алигиче айтылып келет. Ыңкылапка чейин өткөн бийликке бекем оппозиция болуп, жаңы бийликтин орношуна көмөк көрсөткөндүгү ошол кездеги саясий окуяларга катышкандардын эсинде. Андан кийин Атамбаев менен Жээнбековдун ымаласы, пикирлештиги артып, саясий айдыңда үзөңгүлөштөрдөн болуп калды. Ошентип, 2010-жылдан тарта Жээнбеков Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалып, эки жылдан кийин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү милдетин аркалады да Ош аймагын беш жыл башкарды.

Бишкекке сапар чоң саясатка кадам болду. Сооронбай Жээнбеков Оштон борбор калаа Бишкекке жаңы кызматка — Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугуна которулуп, ал жерде бир жылга чукул иштеди. 2016-жылдын март айында КР президент аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп, апрелде өкмөт башчылык кызматка отурду. Ошентип ал Кыргызстандын 27-премьер-министри болду.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨкмөт башчылык кызматка келген Сооронбай Жээнбеков ант бергенден кийин
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчылык кызматка келген Сооронбай Жээнбеков ант бергенден кийин

Достук. Атамбаев Кыргызстан ичиндеги жана Казанга жасаган иш сапары учурунда досу, пикирлеши Сооронбай Жээнбековдун президенттикке ылайыктуу талапкер катары караганын айткан эле. Алардын достугу тэ-ээ, 1995-жылы Эл өкүлдөр палатасында жүргөн кезде башталгандыгын кошумчалаган. 15-октябрдагы президенттик шайлоодо Атамбаевдин партиялашы, досу жана жакын санаалашы Жээнбеков баарынан озуп чыкты.

© Фото / из личного архива Сооронбая ЖээнбековаСооронбай Жээнбеков ата-энеси, бир туугандары менен
Кандидат в президенты КР Сооронбай Жээнбеков (первый с права) с семьей  - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков ата-энеси, бир туугандары менен

Жээнбековдор кланы. Сооронбай Жээнбеков — бир туугандардын алтынчысы. Эл арасында Жээнбековдордун кланы деген түшүнүк бар. Аны ар ким ар кандай маанайда айтат. Бул сапар Sputnik Кыргызстан алар тууралуу төмөнкү маалыматтарды эске салды. Бир туугандардын улуусу саясатка көп аралашпаган, илим менен жүргөн, токтоо Кантөрө Токтомаматов болчу. Жалал-Абаддагы экономика жана ишкердик университетинин президенти, илимдин доктору, профессор эле. Ал 28-апрелде оорудан каза болуп калды. Ортодо эки кыз — Алтын жана Гүлайым Шариповалар бар. Төртүнчүсү — жаш кезинде каза болуп калган Искендер Шарипов. Анын 28 жашында Ош облусунун прокурору болуп, мыкты юрист катары бааланганын аймакта айтып келишет. Бешинчиси — Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Диломаттык карьерасында Марокко, Иорданиядагы элчилик кызматын да аткарган. Мурда Жалал-Абад облусунун губернатору болгон. 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышкан. Жетинчи кыз бир тууган Атыргүл Жээнбекова. Сегизинчи — Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын тапшырып берген Асылбек Жээнбеков. Ал беш жыл парламенттин спикери болду. Экс-спикерден кийин бир кыз — Жылдыз Жээнбекова. Кенжеси — Жыргалбек Жээнбеков. Ал азыр ата-эненин тамынан түтүн булатып, туулуп-өскөн айылында дешти.

Президенттике талапкер Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Казак ТИМи Жээнбеков коңшулар менен кандай мамиледе болорун божомолдоду
Үй-бүлөсү тууралуу. Сооронбай Жээнбеков пайгамбар курагында, тагыраагы 59 жашта, бир кыз, бир уулу бар. Өмүрлүк жары – Айгүл балдарын тарбиялап үйдө. Балдары, үй-бүлөсүн эл көзүнө алып чыгууну каалабайт. Жээн неберелүү. Уулу мектепте окуйт.

Көкбөрүчү. Кезегинде көк бөрү менен волейболду жакшы ойногон. "Көк бөрү – татаал жана кызыктуу, жүздөгөн улакчылар жанын тиштеп ойногон оюн. Америкалыктардын регбисине окшош, бирок андан да бир топ кыйын, катаал. Бул жерде — ат жана адам. Таң эртеңден тарта каш карайганча ойногон учурлар болгон" дегени бар. Ал эми волейболду Бишкекке кызматка которулуп келгени ойной электигин айткан.

Байлыгы. Мамлекеттик кызматкер катары толтурган декларациясында мүлкүн санап берген. Сооронбай Жээнбеков жер үй, дача, сарайдын, вагон-үй жана төрт жер тилкенин, андан сырткары, 1 700 түп алма менен 2000 түп теректин ээси экен.

Түшкө кирбеген премьерлик менен "чык эшикке". Өкмөт башчылыгына сунушталып жатканда 2016-жылы апрелде Жогорку Кеңеште "премьер болуу менин түшүмө да кирген эмес" деген сөзү бир топтордун көңүлүн бурган. Ал эми кыргыз коомчулугунун эсинде калганы милдетин аткарбаган чиновникти "чык эшикке" деп тилдегени болду. Бул туурасында Жээнбеков "Негизи салкын кандуу адаммын. "Чык эшикке" сөзү үчүн кээде өкүнүп кетем. Эми сөз ооздон чыгып кетти да. Милдетин аткарбаган, бюрократ болгон чиновниктерди көрсөм, кыжырым кайнап кетет. Жанымды кашайтканы — жөнөкөй адамдын жөнөкөй маселесин чече албаган аткаминерлердин басып жүрүшү. Эл аны жумалап, айлап күтүп жатпайбы",- деген ал телеканалдардын бирине берген маегинде.

Эл күйүп иштеген президентти күтөт. Айтмакчы, премьерлик кезинде өкмөттүн жыйынын өткөрүп жаткан учурда Сооронбай Жээнбековдон "күйүп иштегиле" деген сөздү көп эшитүүгө болор эле. Эми Кыргызстан эли да андан алты жыл бою күйүп иштеген президентти күтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0