БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 1-майдан тарта Бишкек — Ош багыты боюнча авиабилеттерди алдын ала брондоодо 3 800 сомдон болот. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы кабарлады.
Ал эми эң жогорку баа 5 900 сомдон ашпайт. Бишкек — Манас багыты боюнча минималдуу баа 4 100 сом болсо, эң жогоркусу 5 500 сомду түзөт.
Муну менен авиабилеттерге макулдашылган баа системасы аныкталды.