Жылуу мезгил башталып, эс алуу, сууга түшүү сезону кызуу жүрүп жаткан учур. Өзгөчө балдар үчүн бул убакыт кубанычка толо болгону менен, коопсуздук маселеси дайыма биринчи орунда турушу керек. Тилекке каршы, жыл сайын сууга чөгүү учурлары катталып, алардын арасында жаш балдар да кездешет."Көпчүлүк кырсыктар дал ошол ата-энелердин көзөмөлү жетишсиз болгон учурда же коопсуздук эрежелери сакталбаган шартта болот", - дейт ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын суучул-нускоочусу, прапорщик Тамирлан Сагынов. Бир караганда коопсуз көрүнгөн жайларда да коркунуч жаралышы мүмкүн. Ошондуктан бүгүн биз балдардын суудагы коопсуздугу, ата-энелер үчүн маанилүү эрежелер жана өзгөчө кырдаалда кандай аракет кылуу керектиги тууралуу адис менен сүйлөштүк.