Иран ойлогондон күчтүү болуп чыкты. Мерц сүйлөшүүлөр тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Германия канцлери Фридрих Мерц АКШнын Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу боюнча так стратегиясы жок экенин билдирди. Бул тууралуу n-tv гезити жазды. l
"Согуш жакын арада токтойт деп үмүт артам. Ирандыктар ойлогондон алда канча күчтүү болуп чыкты, ал эми америкалыктардын сүйлөшүү учурунда таяна турган ынанымдуу стратегиясы жок сыяктуу", — деди Мерц.
Канцлер АКШ "Иран жетекчилиги тарабынан катуу басмарланып" жатат деген пикирде. Анын айтымында, Вашингтондун кийинки кадамдары бүдөмүк болгондуктан жаңжал бүгүн-эртең бүтөт деш эртелик кылат.
Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн атышпоо тууралуу макулдашуунун мөөнөтүн өз алдынча эле узартып койгон. Ишемби күнү сүйлөшүү жүргүзө турган делегациянын Пакистанга сапарын токтотуп, кийинчерээк Тегерандан "жакшы сунуш" түшкөнүн кабарлаган болчу. Иран "кысым, опуза алдында сүйлөшүүгө барбай турганын" башынан эле эскертип келет.
Иран АКШга сүйлөшүүлөрдүн ыраат-тартибин сунуштады