БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун облустук милиция билдирди.
Кечээ, 26-апрелде саат 10:00 чамасында, Баткен РИИБине Чоң-Кара айылынын 46 жаштагы тургуну өзүнүн жубайын бычактап, андан соң өз жанын кыйгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 26-апрелге караган түнү К.А. балдары уктап жаткан учурда белгисиз себептерден улам ашкана бычагы менен жубайын бир нече жолу сайган. Келин ошол жерде каза тапкан. Андан соң К.А. үйүнүн короосундагы өрүк бакка мал байлоочу жип менен асынып алган. Окуя болгон жерден далил катары ашкана бычагы жана жип алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде иш козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.