Гумандуулуктун, мээримдин жана чыныгы энеликтин үлгүсү болгон бүгүнкү коногубуз «Мээрим булагы» жеке менчик балдар үйүнүн негиздеп, 150дөн ашык кароосуз калган баланы багып, тарбиялап, турмуш жолуна узаткан, үйлүү-жайлуу кылган – “Баатыр эне” Гүлнара Дегенбаева.
Ал негиздеген «Мээрим булагы» балдар үйү жөн гана баш калкалоочу жай эмес, бул балдар үчүн өз үйүндөй болуп, чыныгы эне-аталык мээрим төгүшкөн. Бул тууралуу кененирээк «Стимул» программасында Гүлнара Дегенбаева айтып берди.