Нурдан Орунтаев Курулуш министрлигинде кимдер канча маяна аларын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Курулуш министри Нурдан Орунтаев журналисттерге өзү жана анын орун басарларынын айлык маянасы канча экенин ачыктады.
Анын айтымында, өзүнүн айлыгы болжол менен 100 миң сомду түзөт, орун басарларыныкы — 70–80 миң сомдун тегерегинде. Ал эми өзүн-өзү каржылоо системасында иштеген департаменттердин кызматкерлеринин айлыгы да орто эсеп менен70 миң сомго жакын.
“Мурда Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинде айлык 25–30 миң сом болчу. Азыркы шартта мындай айлыкка эч ким келбейт. Биз системаны өзүн-өзү каржылоого өткөрдүк, ошондуктан азыр айлык автоматтык түрдө 70–80 миң сомго жетти. Натыйжада жаңы кызматкерлер жана адистер келе баштады. Бул бир жагынан кадрларды тартуунун жолу болсо, экинчи жагынан курулуш тармагындагы көзөмөлдүн сапатын жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүк”, — деди Орунтаев.
Ал ошондой эле айлыгы 500 миң сомго чейин жеткен кызматкерлер тууралуу суроого жооп берди.
“Татаал иштерди аткарган архитекторлор жана конструкторлор бар. Бул жогорку квалификация талап кылган оор иш, ошондуктан айлыгы да ошого жараша. 500 миң сом жөн эле берилбейт”, — деп белгиледи министр.
Мындан тышкары, Орунтаев архитекторлор үчүн жаңы система киргизилгенин айтты. Ротация болгондо кызматкердин айлыгына дагы кошулат. Эгер негизги айлык 50 миң сом болсо, которулганда дагы ошончо сумма берилет. Бул кадрларды которуу процессин жеңилдетүү үчүн жасалган.
Орунбеков: тажрыйбалуу мугалимдер 90 миң сомго жакын айлык алышат