https://sputnik.kg/20260425/kurulush-ministrinin-mayanasy-kancha-1100987731.html
Нурдан Орунтаев Курулуш министрлигинде кимдер канча маяна аларын айтты
Нурдан Орунтаев Курулуш министрлигинде кимдер канча маяна аларын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Курулуш министри Нурдан Орунтаев журналисттерге өзү жана анын орун басарларынын айлык маянасы канча экенин ачыктады. 25.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-25T18:11+0600
2026-04-25T18:11+0600
2026-04-25T18:11+0600
кыргызстан
архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
нурдан орунтаев
көзөмөл
https://sputnik.kg/img/07e8/01/18/1082142977_0:256:2730:1792_1920x0_80_0_0_0f90e1ccd2f0f1c63d21dbd29aef60a9.jpg
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Курулуш министри Нурдан Орунтаев журналисттерге өзү жана анын орун басарларынын айлык маянасы канча экенин ачыктады.Анын айтымында, өзүнүн айлыгы болжол менен 100 миң сомду түзөт, орун басарларыныкы — 70–80 миң сомдун тегерегинде. Ал эми өзүн-өзү каржылоо системасында иштеген департаменттердин кызматкерлеринин айлыгы да орто эсеп менен70 миң сомго жакын.Ал ошондой эле айлыгы 500 миң сомго чейин жеткен кызматкерлер тууралуу суроого жооп берди.Мындан тышкары, Орунтаев архитекторлор үчүн жаңы система киргизилгенин айтты. Ротация болгондо кызматкердин айлыгына дагы кошулат. Эгер негизги айлык 50 миң сом болсо, которулганда дагы ошончо сумма берилет. Бул кадрларды которуу процессин жеңилдетүү үчүн жасалган.
https://sputnik.kg/20260424/aylyk-zhogorulady-1100976111.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/18/1082142977_0:0:2730:2048_1920x0_80_0_0_7ac703d032e93e9f898a062799933768.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги , нурдан орунтаев, көзөмөл
кыргызстан, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги , нурдан орунтаев, көзөмөл
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Курулуш министри Нурдан Орунтаев журналисттерге өзү жана анын орун басарларынын айлык маянасы канча экенин ачыктады.
Анын айтымында, өзүнүн айлыгы болжол менен 100 миң сомду түзөт, орун басарларыныкы — 70–80 миң сомдун тегерегинде. Ал эми өзүн-өзү каржылоо системасында иштеген департаменттердин кызматкерлеринин айлыгы да орто эсеп менен70 миң сомго жакын.
“Мурда Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинде айлык 25–30 миң сом болчу. Азыркы шартта мындай айлыкка эч ким келбейт. Биз системаны өзүн-өзү каржылоого өткөрдүк, ошондуктан азыр айлык автоматтык түрдө 70–80 миң сомго жетти. Натыйжада жаңы кызматкерлер жана адистер келе баштады. Бул бир жагынан кадрларды тартуунун жолу болсо, экинчи жагынан курулуш тармагындагы көзөмөлдүн сапатын жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүк”, — деди Орунтаев.
Ал ошондой эле айлыгы 500 миң сомго чейин жеткен кызматкерлер тууралуу суроого жооп берди.
“Татаал иштерди аткарган архитекторлор жана конструкторлор бар. Бул жогорку квалификация талап кылган оор иш, ошондуктан айлыгы да ошого жараша. 500 миң сом жөн эле берилбейт”, — деп белгиледи министр.
Мындан тышкары, Орунтаев архитекторлор үчүн жаңы система киргизилгенин айтты. Ротация болгондо кызматкердин айлыгына дагы кошулат. Эгер негизги айлык 50 миң сом болсо, которулганда дагы ошончо сумма берилет. Бул кадрларды которуу процессин жеңилдетүү үчүн жасалган.